1922-жылы 5-апрелде А. Сыдыков компартиянын Жети-Суу обкому менен облаткомунун биргелешкен жыйынында кара-кыргыздардын Тоолуу облусун түзүү боюнча уюштуруу комиссиясынын төрагасы болуп дайындалат. Кызматынан алынып, партиядан чыгарылгандыгына карабастан ал жооптуу кызматка дайындалуусу- анын облустун аймагында гана эмес, Түркстандын масштабында бедел-баркынын, таасиринин жогору болгонун айгинелейт. Комиссияга Э. Арабаев да мүчө болгон. Облусту эмне үчүн кара-кыргыздардын Тоолуу облусу деп атагылары келишкен? – деген суроо жаралат. Кыргыздар эч качан өздөрүн тарыхта «кара кыргыз» деп атаган эмес, «ак калпакчан кыргызбыз» дешкен. Мында «кыргыз» деген аталышты казактар убактылуу менчиктеп алышып, чыныгы кыргыздар алардын бир тайпасындай болуп калгандыктан өздөрүнө «кара» деген тиркемени кошууга аргасыз болушкандыгы көрүнүп турат. Демек, айрым орус тилдүүлөр колдонуп келишкендей, ал «дикокаменный» деген түшүнүктү билдирбейт. «Кара» деген сөздүн жыйырмага жакын мааниси бар. Алардын бири – чыныгы, нукура, таза дегенди билдирет. Маселен, Кыргызстанда, Кара-Суу деген жер-суу аттары көп. Ал суунун түсүнө карап эмес, тазалыгы үчүн коюлган аттар. Бул өңүттөн алганда кара кыргыз деген «чыныгы кыргыз» дегенди билдирген.
1922-жылы 31-майда Каракол, Нарын, Олуя-Ата уезддеринин делегаттары чогулушуп, Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүүнү колдошот. Андан мурдараакта РКП (б) нын Пишпектеги партиялык уюмунун чогулушунун катышуучулары да ушундай чечим кабыл алышкан (11:20).
Жаңы облусту түзүү жөнүндө чечим эл тарабынан шайланган ыйгарымдуу өкүлдөр Курултайга чогулуп, талкуулап бекиткенден кийин гана күчүнө кирмек. Ошондуктан советтердин уезддик укук-ченемдеринин негизинде өкүлдөрдү шайлоону тездетүү каралган. Бирок, облустун аймагы, чек арасы, макамы боюнча Жети-Суу облусунун гана эмес, Түркстан республикасынын жетекчилигинде да бирдей пикир болгон эмес. Бири ага облустун аты айтып тургандай, Пишпекти, Ошту баш кылып, түздүктөрдү мурдагы облустарда калтырып, тоолордун арасындагы кыргыздар компактуу жашаган жерлерди гана кошкусу келсе, экинчилери кадрдык, экономикалык өз алдынчалыгы жок, азыркы райондордой административдик-аймактык түзүм катары, үчүнчүлөрү, административдик-аймактык экономикалык субьект катары гана көргүсү келген.
Түркстан компартиясынын Жети-Суу обкомунун 1922-жылдын 19-апрелиндеги жыйынында уюштуруу комиссиясынын төрагасы А. Сыдыков советтердин Курултайына даярдык көрүүнү тездетүү үчүн облустук убактылуу ревкомду түзүүнү сунуш кылган. Анткени, ревкомдун иши ЧКдай эле оперативдүүлүгү менен айрымаланган. Ал эми комиссия бир маселени чечүү үчүн аны адегенде өзү карап, анан обкомго жөнөтсө, обком, партиядагы демократиялык борборлоштуруу принцибине ылайык, Түркстан КП (б) БК менен макулдашмайынча өз алдынча андай маселени чече алмак эмес. Обкомдун андагы отурумунда А. Сыдыковдын апелляциялык арызы каралып, партияга кайра кабыл алынган, аны ТКПнын Көзөмөлдөө комиссиясы июлда бекиткен (6:127).
Мына ошондон тартып А. Сыдыков жана анын тарапкерлери жөн эле Тоолуу облусту эмес, Фергана өрөөнүндө кыргыздар компакттуу жашаган жерлерди да кошуп, Кара-Кыргыз Автономдуу облусун түзүү маселесин көтөрө башташкан. Анткени, Тоолуу облус дегендин өз алдынчалыгы жок, унитардык мамлекеттин бир субьектисиндей эле макамда болсо, «автономдуу» деген макам кошулса, ал белгилүү деңгээлде саясый, кадрдык жана чарбалык өз алдынчалыкка ээ кылмак. Андай өз алдынчалыкка жетишүүгө умтулуу Жети-Суу облусунун, Түркстан АССРинин казак, өзбек улутундагы жетекчилерине жакпаган. Теги Чымкенттик, ошол убакта ТКП (б) БКнын бюро мүчөсү жана үгүт жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Ороз Жандосов, Каскелеңдик, ТүркБАКтын төрагасынын орун басары, чечендиги менен айрымаланган Султанбек Кожонов, ал эми Чүйдөн «Кошчу» уюмунун жетекчиси Рахманкул Худайкулов ал сунушка каршы чыгышкан. Казак изилдөөчүлөрүнүн айтымында, Кожон уулу Султанбектин казак мамлекетин түптөөдөгү ролу абдан чоң. Анын сунушу менен республиканын аталышындагы «кыргыз» деген сөз 1925-жылы «казак» деген сөзгө алмаштырылган. Анын Казакстанга Кара-Калпакстанды, Сыр-Дарыянын 3 уездин кошуудагы ролу да чоң болгон. Ороз Жандосов орусча мыкты сүйлөгөн, бир сьездде В. И. Лениндин мактоосуна да арзыган (9). Ал эми кыргыз, теги Кеминдик Р. Худайкулов ошол убактагы эң чоң коомдук, катарында 40 миңге жакын мүчөсү бар «Кошчу» уюмун жетектеген. Мына ушундан эле Тоолуу кыргыз облусун түзүүгө каршы тургандардын кандай чоң күч болгону көрүнүп турат.