Элибиздин жаңы тарыхындагы мамлекеттигин негиздөөчүлөрүнүн кимисинин аң сезиминде алгач Кыргыз Автономдуу облусун түзүү жөнүндө идея жаралганын азыр так айтуу кыйын, бирок кошуна элдердин лидерлериндей эле, андай ойлор, идеялар кыргыздын алгачкы жетекчилеринде да аймактагы ошол мезгилдеги саясый, социалдык жана психологиялык жагдайларга жараша акырындап калыптанган деп ойлойбуз. Ага ВЦИКтин Декрети менен 1920 -жылы 25-августта Кыргыз (Казак) АССРинин түзүлгөнү түрткү бергени талашсыз. Декретте жаңы түзүлгөн АССРге акырындап аймактагы кыргыздарды өз ыктыярларынын негизинде кошуу да айтылган. Советтик мезгилде «ыктыярдуу» деген көп учурларда мажбурлоолорго айланып кетүүчү жагын эске алганда, кокус ички, сырткы күчтөрдүн таасири менен болуштуктардын же уезддердин бири Казак ССРине «ыктыярдуу» кошулары жөнүндө чечим кабыл алышса, ал артка кайткыс доминолук көрүнүшкө айланып кетүүсү мүмкүн эле. Анткени, ал убакта элдин бирин-экини эле кат тааныбаса, калганы сабатсыз, саясый процесстерге кайдыгер болгон. Анын үстүнө жаңы түзүлгөн республика Кыргыз АССРи деп аталса, андан кандай карапайым кыргыз баш тартмак? Бул өңүттөн алганда боордош казактардын жаңы тарыхтагы мамлекеттигинин Кыргыз АССРи деп аталганы кыргыздардын келечеги үчүн алгач өтө опурталдуу болгону талашсыз.
Андай коркунучту кыргыз окумалдарынын Алматыда, Ташкентте жооптуу кызматтарда иштеп жатышкан алдыңкы көз караштагылары дароо түшүнүп, алды-арттарын карабастан кыргыздардын өз алдынча эл катары сакталып калуусу үчүн иш-аракетти башташкан. Ж. Абдрахмановдун эскерүүсүнө ылайык, ал идеяны 1921-жылы майда Алма-Атага ВЦИКтин Түрк комиссиясынын жетекчилери Сафаров, Кожонов келгенде А. Сыдыков, Э. Арабаев үчөөсү ачык айтып чыгышкан. Кыргыздардын эл болуп сакталып калуусу үчүн биринчи кезекте, бири-бирине баш ийбеген төрт облустагы кыргыздарды административдик-аймактык жактан эң бери дегенде облустук макамдагы бир түзүмгө бириктирип, расмий деңгээлде тилдик, маданий, этнографиялык жана чарбалык жактан иденттүүлүктү жарыялап, башкаруунун ишенимдүү вертикалын түзүү керек эле. Антише албаса чыныгы кыргыздар жасалма кыргыздардын (казактардын) бир тайпасынын макамында кала берип, андан ары уруунун деңгээлине түшүп, биротоло казактарга сиңишип кетээрин жон терилери менен сезишкен. Негизги жетекчилерин казак жана өзбек улуттарынан чыккандар түзгөн Түркстан ССРринин жетекчилери Түркстанды экиге гана- Кыргыз (казак), Өзбек республикаларына бөлүп, калган этносторду өз курамдарында калтырууга аракеттенишкенин тарыхый документтер ырастайт. Алсак, РСДРП (б) нын Түркстан Бюросунун 1924-жылдын 10-мартында өткөрүлгөн кеңешмесинде 12 адам чыгып сүйлөсө, Э. Арабаевден башкасы Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүсүнө ачык эле каршы чыгышкан (24:361—363). ВЦИК, РСДРП (б) БК лениндик улуттар саясатын кыйшаюсуз аягына чыгарууну талап кылгандыктан улам гана алар өз позицияларын өзгөртүүгө аргасыз болушкан. Жаңы түзүлгөн КазССРдин жетекчилери Жети-Суу, Сыр-Дарыя облустарын толугу менен кошуп берүүнү талап кылганга өтүшкөн. Аны Түркстандан Казакстанды бөлүү боюнча комиссияны жетектеген Г. Бройдо колдогон. Мына ошол учурда Жети-Суу облусунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп иштеген А. Сыдыков, анын бир бөлүмүн жетектеген Э. Арабаев чыныгы кыргыздарга да өз алдынчалык берүү маселесин көтөрүп чыгышкан.
Советтердин 1922-жылдын мартындагы Бүткүлтүркстандык ХIII курултайында А. Сыдыков Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетине Тоолуу Кыргыз облусун түзүү маселесин койгон. Анын андай демилгеси башка элдердин лидерлерине жаккан эмес. Курултайда ага каршы чыгышпаган менен ал аяктаар замат «мурдагы полицай» деген шылтоо менен аны партиядан чыгарып, 23-мартта Жети-Суу облаткомунун төрагалык кызматынан да бошотушкан. Бирок, А. Сыдыков аябагандай өжөр, кандай кырдаалдарда болбосун баштаганынан кайра тартпаган, оңой менен майтарылбаган, эр жүрөк адам болгон. Ал партиядан чыгарылып, кызматынан алынган менен ал көтөргөн маселе Курултайдын документтеринде «жактырууга ээ болду» деп катталып калгандыктан, анын негизинде Түркстан компартиясынын Борбордук Комитетинин секретариаты 1922-жылы 25-мартта Жети-Суу облусун райондоштуруу маселесин карап, «ТүркБАКтын Президиумуна Түркстан Республикасынын курамында Пишпек, Пржевальский, Нарын уезддеринин, Олуя-Ата уездинин тоолуу бөлүгүнүн базаларында Тоолуу облус түзүү жөнүндө декретти жарыялоону тапшырган. Ал убакта Фергана өрөөнүндө басмачылар, ар кандай кыймылдар менен айыгышкан күрөш жүрүп жаткандыктан ал жактагы кыргыздарды Тоолуу облуска кошуу маселеси кийинкиге калтырылган. Ошонун эртеси күнү 26-мартта Түрк БАКтын Президиуму «Тоолуу кара кыргыздар жашаган райондордун калкынан өзүнчө облусту түзүу жөнүндө» токтом кабыл алган. Облустун борбору катары Кочкор кыштагы тандалган. Ыгы келгенде кошумчалай кетсек, кийин облусту түзгүчө Токмокту, Ак-Сууну (Беловодское), же Жалал-Абадды борбор кылуу каралып келген. Борбор үчүн негизги талап, сын-ченем- темир жол байланышы болгон. Ал убакта республикадагы темир жолго кошулган жападан жалгыз шаар Жалал-Абад болгондуктан ККАОнун борбору катары алгач ага токтолушкан. Бирок, турак-жайлары, кеңселик имараттары өтө аз болгондугуна байланыштуу убактылуу борбор катары Пишпек тандалып, темир жол курулгандан кийин Жалал-Абад эстен чыгып, Пишпек биротоло борбор болуп калган.