Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек Папан Дүйшөнбаев

Редактор Жылдыз Бакашова

Корректор Назым Дүйшөнбаев


© Папан Эргешович Дүйшөнбаев, 2025


ISBN 978-5-0065-8174-6

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

1-Бөлүк.

Мамлекеттигибизди кайра жараткандар

Күтүлбөгөн улуу шанс

Ретрореспективалык саресеп

Мында темага киришүүдөн мурда элибиздин көөнө тарыхына бир аз чегинүү жасап, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүлүүсүнүн алдындагы аймактагы геосаясый, социалдык жана демографиялык жагдайларга саресеп сала кетүү керек деп ойлойбуз. Андан кабардар болмоюнча 1921-1925-жылдардагы саясый абалды, моралдык, психологиялык кырдаалды түшүнүү кыйын.


Кыргыздар өзүнүн 30 кылымга жакын көөнө тарыхында бир нече ирет өз алдынча мамлекет түзүп, толук көз карандысыздыкка ээ болушса, көбүнчө башка мамлекеттик түзүмдөрдүн курамында болуп келишкен. Акыркы убактарда Кытайдын архивдеринен кыргыздар жөнүндө Сыма Сяндын жазмаларынан 7—8 кылым мурдагы материалдар табылганы жөнүндө маалымдалууда, бирок алар жарыяланып, элдин энчисине айланып, коомдук аң сезимибизге кире элек. Мында колдогуларга гана таянып айтсак, кыргыздар байыркы мезгилдерден Улуу Октябрь революциясына чейин төрт жолу мамлекеттигин, анын ичинде 840-924-жылдарда Улуу кыргыз державасын түзүшкөн. Көкүм бий менен Эшим хан (ХV11 кылымдын башында), Сибирдеги кыргыздардан Көчүбей бек (ХV11 кылымдын 30-жылдарынын аягы), Эренек Ишей уулу (ХV11 кылымдын 60-80-жылдары), Ала-Тоолук кыргыздардан Акбото бий, Кубат бий, Ажы бий, Атаке баатыр, Тайлак баатыр, Ормон хан, Алымбек датка, Курманжан датка (1:46—64 бб.) ж. б. дагы бир катар бийлер, баатырлар, даткалар башкарган аймактарда да мамлекеттиктин айрым белгилери болгон менен аларды классикалык формадагы мамлекет катары эсептегенге болбойт. Калган мезгилдерде кыргыздар Даван, Усун, Жужань, Караханид, Монгол, Чагатай, Хайду, Моголистан, Кокон ж. б. мамлекеттеринин курамында болушкан.

Гунндар, усундар түрк тилдүүлөрдөн болгону тарыхта такталган. Чынгыз хандын жоокерлеринин басымдуу көпчүлүгүн түрк тилдүүлөр түзгөн, демек, алардын арасында кыргыздар да болгон. Караханид, Чагатай, Хайду, Моголистан мамлекеттеринин калктарынын сезилерлик бөлүгүн кыргыздар түзгөн. Захреддин Бабурдун жекече турмушунда, аскердик иштеринде кыргыздар чоң роль ойногонун ал өзүнүн негизги китебинде бир нече жолу белгилеген (2:86, 91, 131 ж. б.). Ал Ош, Аксыкенти шаарларын, алардын айланасындагы жаратылыш байлыктарын, өзүнө чоң жардам берген Ибраим Саруу, Акмат Кушчу, азыркы Кербендеги Кадырберди, Камбаралы, Сейит Жусуп улакчы деген кыргыздарды, комузду жылуу маанайда эскерген.

Бирок, саясый, укуктук жана территориялык, мурастык түз байланыш болбогондуктан алардын баары биз үчүн практикалык маанисин жоготуп, абстракцияланган түшүнүккө айланып, үзүлмө-кесилме тарыхтын энчисинде калды. Биздин азыркы мамлекеттигибиздин башаты, идеялары биздин заманга чейинки мезгилдерде башталган менен анын жаңыча тарыхый шарттарда жаңы формага ээ болуп, жаңы мазмунда өнүгө баштоосуна Улуу Октябрь социалисттик революциясы жол ачты. Советтик мезгилде Улуу Октябрь революциясы, анын жол башчысы Ленин аткан таңга, күнгө, нурга ж. б. теңелип айтылып, ырдалып, жазылып, тартылып, сыпатталып келди. Бул жагынан бири-биринен озуп, баркталып даңкталуу үчүн акындар, жазуучулар, жалпы эле жазмакерлер, тартмакерлер, айтмакерлер, саясатчылар, илимпоздор ж. б. кандай гана жарышпады! Биз үчүн азыр алар тарыхка айланган менен андай сыпаттап сүрөттөөлөр кеңири алкактан жана тарыхый ретрореспективадан, ошол мезгилдин тутумунан алганда көп жагынан чындыкка жакын болгонун моюнга алуу керек.

Биринчиден, кыргыздар 1916-жылдагы геноцидден кийин 25—30 пайызга азайса, экинчи жагынан алганда, ал убакта падышалык Россиянын ассимиляциялык саясатынан улам этнос катары жок болуп кетүү стадиясына жакындап бараткан. Кыргыздар аймактык-административдик, маданий, тилдик жактан бирикпей, бири-бирине баш ийбеген, башка этностордун өкүлдөрү сандык, маданий жактан үстөмдүк кылган облустарда кала берсе, сөзсүз кыпчак, төөлөс, коңурат, найман сыяктуу ж. б. элдерге окшоп, ассимиляцияланып жок болмок.

Тарыхый булактардан кыргыздардын Х1Х кылымдын аягынан тартып (ага чейин статмаалыматтар болгон эмес) азая баштаганы байкалат. Алсак, ХХ кылымдын башталышындагы айрым булактарда кыргыздардын саны 1, 4 миллионго жакын деп айтылса, 1913-жылы 900 миңдей деп көрсөтүлөт. Ал эми Октябрь революциясынын алгачкы жылдарында Түркстан АССРинде 809524 кара кыргыз жашаганы, ал аймактын жалпы калкынын 13, 5 пайызын түзгөнү келтирилет. Бирок, жогоруда айтылгандай, алардын мамлекеттиги түгүл бирдиктүү вертикалдык саясый административдик жана маданий түзүмү болгон эмес. Кыргыздар компактуу жашаган Кожент уездине кирген айыл-кыштактар- Самарканд облусуна, Ташкент уездиндегилер – Сыр-Дарыя облусуна, Ош, Анжиан, Кокон, Наманган, Фергана уезддериндеги жана Памир районундагы кыргыздар- Фергана облусуна, Пишпек, Каракол, Нарын уездиндегилер – Жети-Суу облусуна караган (3:119). Ар кандай аймактарда жашаган кыргыздардын ортосунда туруктуу горизонталдык да байланыш болбогондуктан тилдеринде, маданиятында, каада-салттарында жана ырым жырымдарында ажырымдар тереңдеп, башка этностордон киргендер, оошкондор, ошол эле мезгилде кошуна өзбектерге, тажиктерге, казактарга сиңишкендер барган сайын көбөйүп, кыргыз этносундагылар бири-биринен алыстап, азайып баратышкан. Ал тилдик жактан кыргыз этносуна сезилерлик терс таасирин тийгизбеген менен (диалектилер баардык этностордун тилдеринде бар) менталитеттик, каада салттык жактан жиктенүүлөрдү жаратып, ал барган сайын тереңдей берген. Тарыхчы Ж. Жунушалиев туура белгилегендей, ошондон улам Кыргызстандын түштүгүнүн айрым аймактарындагы кыргыздар «чала сарт», түндүгүнүн айрым айылдарындагылар «чала казак» деп атала баштаган (24:350). Ага бир мисал, советтик мезгилде Наманган облусунун Жаңы-Коргон районунун Аксы району менен чектешкен Нанай айылдык кеңешинде Чала-Сарт деген айыл бар болчу. Ал жердеги кыргыздардын баары өзбекче чалып сүйлөшкөндуктөн ошентип атала турган.

Кайра куруу башталганга чейин Ош, Баткен облустарынын чектеш айылдарында жашагандардын айрым эркектери өзбек топу, чепкен кийишсе, аялдарынын кийимдери Анжиан менен Ферганада жашагандардан айрымаланбай тургандыгын көрүп эле жүрдүк. Азыр Өзбекстанда жашаган кыргыздардын менталитети жана каада-салттары Кыргызстанда жашагандарга салыштырганда кескин өзгөчөлөнүп турат. Бир республикада жашап жатканыбызга бир кылым болгон менен андай менталдык айрымачылыктар республикабыздын түштүгү менен түндүгүнүн ортосунда гана эмес, Баткен, Ош облустарында жашагандар менен Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунун, Таластыктар менен Ысык-Көлдүктөрдүн ортолорунда азыр деле бар. Ал республикабыздын ар аймактарында жашагандардын өз ара түшүнүшүнө, куда-сөөктүк, жоро-жолдоштук мамилелерине, карым катнаштарына белгилүү деңгээлде азыр деле терс тийгизип, психологиялык, саясый, маданий жана каада-салттык жактардан дискомфорттук кырдаалдарды жарата коюп жатканы эч кимге жашыруун эмес.

Жаңы түзүлгөн же көп кылымдардан кийин мамлекеттиги кайра калыбына келтирилген элдердин баардыгында эле алгач андай көрүнүштөр болот, адатта аны узакка созулган ички миграциялык, интеграциялык процесстер, мамлекеттин маданий, тилдик күчтүү саясаты гана биротоло бир калыпка салат. Биз үчүн андай бириндеп, ар элге сиңип бараткан кыргыздарды бир административдик-аймактык түзүмгө бириктирип, иденттүүлүгүн ошол мезгилдеги шартка жараша бекемдеп, жаңы саясый, маданий реалийлердин тутумунда өнүгүүсүнө жол ачкан Улуу Октябрь революциясы, андан кийин Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлүшү болгону талашсыз. Падышалык Россиянын жетекчилеринде Түркстанды экономикалык, социалдык жана маданий жактан өнүктүрүп, элине заманбап билим берүү планы болгон эмес. Аны Түркстандын акыркы генерал-губернатору А. Н. Куропаткин: «50 лет мы держали туземцев в стороне от развития, в стороне от школы и русской жизни» (13:162) деп мойнуна алган.

В. И. Ленин падышалык Россиянын аймагында, анын ичинде Борбордук Азияда кандай элдер жашаганын толук билгенин ырастаган ынанымдуу фактылар жок. Бирок, ал Улуу Октябрь Революциясы ишке ашары менен падышалык Россиянын аймагында жашаган этностордун баарын великоросстук шовинизмдин чеңгелинен чыгарып, өз алдынчалыкка ээ кылып, өз тилдерин, маданияттарын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү максат кылганын фактылар ырастайт. Анын максаты: чоң этносторго-республикаларды, андан чакандарына-автономияларды, сандык жактан өтө эле аздарына- коммуналарды түзүүгө мүмкүндүк берүү болгон. Ал географиялык шарттары бар республикаларга, автономияларга Союздан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгып кетүү укугуна чейин берүүнү чын дилинен жактаса, анын айрым шакирттери (Каменев) бөлүнүп чыгып кетүү укугу формалдуу түрдө гана болушу керек, республика, автономия деген түшүнүктөрдү саясый жактан эмес, маданий, тилдик өңүттөрдөн гана кароо керек деген позицияны тутунушкан. Убагында РКП (б) БКнын Генералдык катчысы, совет Өкмөтүнүн улуттардын иштери боюнча эл комиссары И. Сталин майда этностордун өз алдынчалыктары боюнча «маданий-улуттук автономия» деген түшүнүктү сунуш кылган, бирок В. И. Лениндин каршылыгынан улам андан баш тартууга аргасыз болгон. Буларга төмөнүрөөктө токтолобуз, мында В. И. Лениндин СССРди түзүү алдындагы улуттук маселелер боюнча принциптерине көңүлүңүздөрдү бургубуз келет. Анын биринчи принциби: жаңыдан түзүлгөн республикалардын Союздан биротоло бөлүнүп чыгып кетүүгө чейин реалдуу укугу болушу керек. Экинчиси, башка элдерди великоросстук шовинизмден коргоо зарыл. «При таких условиях очень естественно, что „свобода выхода из союза“, которой мы оправдываем себя, окажется пустою бумажкой, неспособной защитить российских инородцев от нашествия того истинно русского человека, великоросского-шовиниста, в сущности, подлеца и насильника, каким является типичный русский бюрократ-деген ал СССРди түзүүнүн алдындагы запискасында. … приняли ли мы с достаточной заботливостью меры, чтобы действительно защитит инородцев от истинно русского держиморды? Я думаю, что мы этих мер не приняли, хотя могли и должны были принять» (4:374). Ал эми экинчи запискасында улутчулдукка келгенде: башкаларды эзген чоң улуттардын улутчулдугу менен эзилген майда элдердин улутчулдугун ажырата билүүнү, экинчисине караганда биринчиси зыяндуу экенин белгилеп, майда элдердин улутчулдугуна этияттыкта түшүнүү менен мамиле жасоону талап кылган. «… в данном случае лучше пересолить в сторону уступчивости и мягкости к национальным меньшинствам, чем недосолить» (4:376—377). Майда элдердин тилдерин өз аймактарында колдонуусун камсыз кылууга келгенде анын талабы жогорудагыдан да катуу категориялуу түрдө болгон. «Надо ввести строжайшие правила относительно употребления национального языка в инонациональных республиках, входящих в наш союз, и проверить эти правила особенно тщательно. Нет сомнения, что под предлогом единства железнодорожной службы, под предлогом фискального и и. т. п. у нас, при современном нашем аппарате, будет масса злоупотреблений истинно русского свойства» (4:378).