Адатта элдин атынан мамлекеттик эң жогорку органдардын жетекчилери гана сүйлөй алышат, коомдук уюмдардын жетекчилеринин ага укуктары жок, бирок, тилекке каршы, ал биздин улуттук өзгөчөлүгүбүз, анткени андай көрүнүш азыр деле жоюла элек. Аты болгон менен заты жок партиялардын лидер атпайлары азыр деле элдин атынан деп демагогияларын таңуулай беришет.

Белгилүү тарыхчылардын бири Р. Худайкуловдун эл атасы болуу дымагы болгон дейт. Мында, албетте, ал өз элинин өз алдынча бөлүнүп чыгуусуна каршы турса, анда эл атасы болуу дымагы кайдан оюна келмек эле? -деген суроо жаралат. Тескерисинче ал: «Нашим отцом является Алаш и поэтому не может быть разговора о различии между киргизами и казахами» деген позицияда турган (11:20). Ал эми Ж. Абдрахмановдун эскерүүлөрүнө ылайык, аны колдогон чыныгы кыргыздар деле жетишерлик болгон. Ойлоп көрүңүздөр, Р. Худайкулов катарында 40 миңге жакын мүчөсү бар, ошол мезгилдеги эң массалык коомдук уюм деп эсептелген «Кошчуну» жетектеп туруп, анда аны колдогон чоң топ болмоюнча Тоолуу облусту түзүүгө ачык каршы чыга алмак эмес. Ошондуктан Тоолуу облусту түзүүнүн душманы болгон деп жалгыз эле Р. Худайкуловду же анын жакын тилектеши Д. Бабахановду эле күнөөлөй берүү обьективдүү чындыкка ылайык келбейт. Бул өзүнчө кошумча иликтеп, талдоону талап кыла турган маселе.


Тоолуу автономдуу облусту түзүү аракеттери


Ошентип көптөгөн талаш тартыштардан, тирешүүлөрдөн кийин 1922-жылы 4-июнда Пишпекте кара кыргыздардын эмгекчилеринин өкүлдөрүнүн өз алдынча Тоолуу облусту түзүүгө даярдыктарды көрүү боюнча Курултайы ачылган. Ага 425 өкүл катышкан, Курултайды уюштуруу Комиссиясынын төрагасы Абдыкерим Сыдыков сөз сүйлөп ачкан. Күн тартибине киргизилген маселелерди (жети маселе) талкуулоого келгенде карама каршы позициялардагы тараптар кызууланышып, биринин сөзүн, аргументин экинчиси укпай жаакташып, саясый жарлыктарды тага мазактап шылдыңдашып, сүйлөгөндөрдүн сөздөрү көп учурларда ызы-чуулар жана ышкырыктар менен коштолуп, андай көрүнүштөр жакалашууларга, мушташууларга айланып кетип турган. Ал мезгилдер: эркиндик, боштондук ушундай болот экен деп түшүнгөн тажрыйбасыз бабаларыбыздын саясый балалык, романтикалык мезгили болгон, ыгы келгенде кошумчалай кетсек, курултайлардагы андай көрүнүштөр 1930-жылдарга чейин улантылган. А. Сыдыков тараптагылар Р. Худайкуловду сабашып, О. Жандосовду Курултайдан кууп чыгышкан. Жети-Суу облусунун администрациясынан келген О. Жандосов баштаган өкүлдөр Курултайды башкара албай калганын түшүнгөндө алдасташып, анын ишин токтотуу жөнүндө буйрук чыгаргыла деп Ташкентке үстөккө-босток телеграммаларды жөнөтүп, акырында бул курултай «кеңешүүчү» деген макамда калат дешип Алматыга кетип калышкан (6:135).Эгерде биримдик болсо, алар качып кетишкенден кийин даярдык көрүүчү Курултайды иштин жүрүшүндө Уюштуруучу деп таап, жетекчи органдарын шайлашса деле болмок. Бирок биримдиктин же азыркыча айтканда, консенсустун жоктугунан 10-июнда А. Сыдыков жетектеген Уюштуруу бюросунун отуруму өткөрүлүп, жакынкы айларда Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүү боюнча Уюштуруу Курултайын чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Кара-Кыргыз Тоолуу облусун түзүү боюнча даярдык көрүү Курултайын өткөрүүнү чын эле РКП (б) БК, ВЦИК билбегенби, же аны жаманатты кылуу максатында бирөө телеграмма жөнөткөнбү (ТКП БК маалымат иретинде билдириши да ыктымал), же алды аркаларын карабай өз алдынча болгусу келгендерди сестендирип, эстерине келтирүү максатындабы, айтор, Курултай аяктагандан кийин 13-июнда И. Сталинден БКнын Түрбюросуна: «Июндун башталышында Жети-Суу облусунун аймагынан Кара-Кыргыз Тоолуу облусун бөлүп чыгаруу боюнча сьезд өткөрүлдү. Бизге келген телеграммада ВЦИК жана РКП (Б) БК ага санкция берген деп айтылат. Сьездге ким уруксат бергенин, ким уюштурганын, сьезддин кандай өткөнүн билдирүүңүздөрдү суранабыз» деген телеграмма келет (6:138).