Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. Арзымбек Өсөров

© Арзымбек Өсөров, 2024


ISBN 978-5-0062-8603-0

Создано в интеллектуальной издательской системе Ridero

Автордун эмгек жолу

Арзымбек Өсөров 1928-жылынын аягында Кыргызстандын түштүгүндөгү Ленин районундагы (азыр Дж-Абад обл. Ноокен р-ну) Ноокент сельсоветинин Бирке айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Кыргыз. Кушчу уруусунан болот.

Эмгек жолун согуш мелгилинде 14-жашынан Ноокент сельсоветинде эсепчи, учетчик кызматынан баштайт.

1950-жылы Жалал-Абаддагы мугалимдер институтун бүтүргөндөн кийин Жалал-Абад областтык «Большевик жолу» гезитинде бөлүм башчы болуп иштейт, андан кийин Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.

1951-жылы КПССтин катарына кабыл алынган.

Демобилизациядан кийин Ленин райондук «Жеңиш жолунда» гезитинин редактору болуп иштеген.

1953-жылдан партиялык иште: Ленин-Жол МТСинин зонасы боюнча Кыргызстан Компартиясынын Ленин райкомунун уюштуруу белумунун башчысы, секретары.

1959-ж. ыргызстандын Борбордук Компартиясынын партиялык органдарынын жооптуу уюштуруучусу тарабынан бекитилди.

1961-ж. КПСС тын Жогорку Партиялык мектебин бутурген.

1962-ж. эмгекчилер депутаттарынын Ош райондук Советинин аткаруу комитетинин председатели, Кыргызстан Компартиясынын Ош райкомунун биринчи секретары болуп иштеген.

1962-1967-жж. эмгекчилер депутаттарынын Кара-Суу райондук Советинин аткаруу комитетинин председатели.

1967-1970-жж. Кыргызстан КП Ош обкомунун бөлүм башчысы болуп иштеген.

1970- 1975-жж. – Кыргызстан Компартиясынын Ош областынын Ноокат райондук комитетинин биринчи секретары.

1975-1985-жж. – Нарын облусунун Тянь-Шань райондук партия комитетинин биринчи катчысы.

1985-1989-ж. – Кыргыз ССР КП БКнын Ош облусу боюнча партиялык көзөмөл комиссиясынын төрагасы.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мучелугуне кандидат,

Кыргыз ССР Жогорку Советинин 6-10-чакырылышынын депутаты,

Уч жолу «Ардак Белгиси» ордени, эки жолу «Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Каарман эмгеги үчүн» медалдары, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

06.11.2001 дүйнөдөн кайткан.

Трудовая биография на фото

В 1950 годах Арзымбек Осоров служил в рядах Советской Армии, в воинской части Красноярского края. После демобилизации работал в редакции районной и областной газет, после чего был выдвинут на руководящую хозяйственную работу такими видными деятелями страны, как Торогул Балтагулов и Исхак Раззаков.

«Каждый творит свою судьбу сам, но и окружающая обстановка и люди, вносят свои коррективы. Но в какой бы ситуации ни оказывался человек, он должен стремиться к самореализации. А насколько это удастся ему, об этом уже будут судить и давать оценки потомки…» А. Осоров.




Выпуск Дж-Абадского Учительского института, 1950 г. Осоров – третий во втором ряду слева. Пятый в первом ряду – Ж. Мавлянов, шестая – В Калашникова, ставшие позже известными людьми в стране.



На полевом стане. В середине на заднем плане – Юрий Беляк, известный хозяйственный руководитель страны.



На отдыхе вместе с семьей А. Суюмбаева.


Встреча с передовиками труда. В середине Т Кулатов, председатель Верх. Совета Кирг ССР.


С коллегами по Ошскому обкому партии. (Внизу) С деятелями культуры из России.



В 5-раз Арзымбек Осоров был избран депутатом Верховного совета Кирг. ССР по Он-Арчинскому избирательному округу Нарынской области.


Келечекке умтулуу

КИРИШ СОЗ

Биздин өлкөбүз күндөн-күнгө, жылдан-жылга өркүндөп бара жатат. СССРдин бардык элдери бир туугандык улуу биримдикте ийнине ийин тирешип, жер жүзүндөгү эң адилеттүү, эң гумандуу коомго коммунизмди көздөй бара жатышат. Ата Мекенибиздин жеңиштери – бузулгус монолиттүү дос туктун бир туугандык түйүнү менен бекемделиши Советтер Союзунун бардык элдеринин күчтөрү менен таланттарынын гүлдөшүнүн айкын-ачык күбосу болот. Совет бийлигинин жылдарында Кыргызстан таанылгыс болуп өзгөрдү, ал жогорку өнүккөн, экономикалык жактан кубаттуу социалисттик республикага айланды. Совет бийлигинин жылдарында кыргыз эли башка советтик элдердей эле алдынкы, социалисттик улут болуп түзүлүп, экономикалык жана маданий турмушунда зор социалдык өзгөрүүлөрду турмушка ашырды, өзүнүн улуттук мамлекетине ээ болду.

Мурда упурап жок болуу алдында турган, падышалык Россиянын колониалдык элети болгон кыргыз эли өзүнүн бүгүнкү күндөгү эбегейсиз зор жетишкендиктери менен Коммунисттик партияга, анын Лениндик Борбордук Комитетине, өлкөбүздүн бүткүл элдеринин достугуна, өзгөчө, бир туугандык жардамын дайыма жоомарттык менен көрсөтүп жаткан улуу орус элинин достугуна милдеттүү.

Формасы улуттук, мазмуну социалисттик, духу жана багыты боюнча интернационалисттик маданияттын гүлдөп өсүшү, жумушчулар менен колхозчу дыйкандардын союзунун бекемделиши, революцияга чейин дээрлик болбогон улуттук интеллигенциянын түзүлүшү партиябыздын Лениндик улут саясатынын жана элдердин бузулбас достугунун эбегейсиз зор жетишкендиги болуп саналат.

Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын программасында мындай деп айтылган: «Социализм социалдык улуу проблеманы чечти эксплуататордук таптарды жана адамды адам эксплуатациялоону туудуруучу себептерди жок кылды. СССРде достош эки тап жумушчу табы менен дыйкандар табы калды. Ошону менен бирге бул таптардын өздөрү да өзгөрдү. Социалисттик менчиктин эки формасынын жалпылыгы жумушчу табын жана колхозчу дыйкандарды жакындатты, алардын союзун чындады, алардын достугун бузулбас кылды. Эл арасынан чыккан жана социализмге берилген жаны интеллигенция өсүп чыкты. Шаар менен айыл-кыштактын ортосундагы, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы мурдагы карама-каршылык жоюлду. Жумушчулардын, дыйкандардын, интеллиген- циянын түпкү таламдарынын жалпылыгынын базасында совет элинин социалдык-саясий жана идеялык бузулбас биримдиги түзүлдү»

Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын экономикалык саясатынын эң башкы максаты -элдин турмуш жыргалчылыгын жогорулатуу. Коммунизмди куруу доорундагы чечиле турган социалдык башкы проблемаларга бардык таптардын жана социалдык топтордун өз ара жакындашы, шаар менен айыл-кыштактын, акыл эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы айырмачылыктарды бара-бара жоюу, калктын ар кандай катмарынын эмгек жана турмуш тиричилик шартын, маданиятын тендештирүү сыяктуу маселелер кирет.

Марксизм-ленинизм ар тараптан өсүп жетилген жеке адамды калыптандыруу алардын материалдык жана рухий талаптарын канааттандыруу менен ишке ашырылат деп үйрөтөт. Буларды толук аткаруу албетте, белгилүү материалдык шарттарга байланыштуу.

Совет элинин дайыма өсүп жаткан материалдык жана рухий керектөөлөрүн канааттандыруу, күндөлук жүрүш-туруштары, жашап жаткан экономикалык өнүгүүгө, жалаң эле материалдык шарттарга таасир этпестен, социалисттик коомдун маданияты- нын бардык спецификалык өзгөчөлүгүнө, өткөндүн, учурдун жана келечектин диалектикалык байланышы катары каралат.

Социалисттик коом, – деп көрсөткөн В. И. Ленин коомдун бардык мүчөлөрүнүн толук жыргалчылыгын жана алардын эркин өнүгүшүн камсыз кылат. Социализмдин тушунда керектөө байлыктарын өстүрүү, мунун ичинде материалдык байлыкты өстүрүү эч бир максатсыз эле ишке ашырыла бербейт.

Өнүккөн социалисттик коомго, жалаң гана эко- номиканын жогору болушу эмес, анда жетилген социалдык-саясий мамилелер, аң-сезимдүүлүктүн жогорку деңгээли, илимдин, маданияттын, турмуш-тиричиликтин ар тараптан гүлдөп өсүшү да мүнөздүү. Ошондуктан Совет адамдарынын аң-сезиминдеги, турмуш-тиричилигиндеги өткөндүн калдыктары, саркындылары менен келишпес күрөш жүргүзүү партиялык, советтик, чарбалык жана коомдук уюмдардын биринчи баскычтагы маанилүү милдеттери болуп саналат. Бул өтө маанилүү, актуалдуу проблемалык милдеттерди учурунда чечүү коммунисттердин, комсомол жаштардын, активисттердин, интеллигенттердин күчтөрүн бириктирүү менен гана жүзөгө ашырууга болот.

Айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилик маданиятын жогорулатууда, калк жашаган пункттарды бүгүнкү күндөгү тейлөөнүн талабына карата ынңгайлаштырууда, жашоонун шартын жакшыртууда, эмгекчилердин эмгектенүүсүн, эс алуусун уюштурууда, адамдардын аң-сезиминдеги жана жүрүш- турушундагы өткөндүн калдыктарын, саркындыларын жоюуда Тянь-Шань районунда бир кыйла тажрыйбалар топтолгон.

Бул китепчеде деңиз деңгээлинен 2000 метрден бийик турган тоо арасындагы райондун эмгекчилеринин социалдык турмушунда, маданиятында болуп өткөн ири өзгөрүүлөр жөнүндө, турмуштун социалисттик образынын орношу жөнүндө сөз болот.

Бул брошюрада айылдык турмуштун бардык чөйрөсүн кайра куруунун негизги факторлору: эко- номиканы өнүктүрүү, соода, медициналык жактан айылдык эмгекчилерди тейлөөнүн, маданий агартуу мекемелеринин иштеринин деңгээлин жогорулатуу, калктын турмушуна жаңы салттарды киргизүү, айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилик маданиятын көтөрүү боюнча партиялык, коомдук уюмдардын жүргүзүп жаткан иштери баяндалат.

Совет коомунун өнүгүшүнүн азыркы этабында коммунисттик партиянын жетекчи ролу өсүп жаткандыгы мүнөздүү. Ошондуктан жергиликтүү партиялык иштин күндөлүк практикасын үйрөнүү, жыйынтыктоо, илимий анализ берүү менен алдынкы, пайдалуу тажрыйбаларды жайылтуу объективдүү зарылчылык болуп саналат. КПСС Борбордук Комитетинин Генеральный секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели жолдош Л. И. Брежневдин тарыхый зор мааниси бар «Кичи жер», «Кайра жаралуу», «Дын жер» деген эмгектери, айыл-кыштактагы социалдык өзгерүүлөрдү, партиялык иштин негизги участогу болгон райондун экономикасын, эмгекчилердин турмуш-тиричилигин, маданиятын жогорулатууда жүргүзүлгөн жумуштарды изилдеп үйрөнүүдө, авторго эбегейсиз зор жардам көрсөттү.