Отурукташкан кедейлер ыңгайлаштырылган орок, кетмен, айрымдары гана жыгач буурусундун жардамы менен жерди иштетишип, анча-мынча түшум алып турушкан. Алынган түшүм үй-бүлөсүн тамактандырууга, келерки жылдагы түшүмгө жетишчу эмес. Негизги айдоо жана сугат жерлер, жайлоолор жергиликтүү бай-манаптардын колунда болуп, чарба жүргүзүү артта калган.
Эл уруу-уруу болуп отурукташкан. Алсак, Он- Арча суусу менен Нарын суусунун ортосунда «ты- нымсейит», Нарын суусунун чыгыш тарабына «моңолдор ал эми Он-Арча суусунун батыш тарабы- на «сарбагыш» уруулары жайгашкан дешет карыялар. Азыркы областтын жана райондун борбору Нарын шаары да ал кезде өрөөндөрүн байланыштырып турган соодагерлердин Кашкар менен Чүй конуп өтүүчү бекети (жайы) болгон.
Архивдеги материалдарга караганда 1913-жылы Нарында бир жарым миң адам жашаган. Кол өнөрчүлөрдүн беш майда дүкөнү болгон. Бир орус-туземдик мектеп болуп, анда элүүгө жетпеген балдар окушкан. Ал кездеги жергиликтүү эл билим алуу дегенди билишкен эмес. Бул жөнүндө Карл Маркс атындагы колхоздогу карыя коммунист Сарымсаков Абдырай мындай деп эскерет: «1920-жыл. Кеч күз. Жан-Булак айылында бирин-экин саман кепелер Кара-Тоо коктусунун Нарынга чыга беришине жайгашкан. Кепелерге канатташ тигилген кара алачыктар. Алма-Атада окуган «илимпоз» келиптир деген кабар дүң дей түштү. Айылдын четинде бир топ тестиер балдар ойноп жүргөн маңдайдагы дөбөгө чуркадык. Ал дөбөнү «Кеңеш дөбө» деп коө турган эле. Эртең менен кечинде айылдагы «Ак сакалдардын баарысы өткөн-кеткенден кеп салышып ошол дөбөдө отурчу. Мүмкүн ошондон улам «Кеңеш дөбө» аталып калган болуу керек.
Биз ошол дөбөгө чогулган учурда айылдын четиндеги Жутаке деген аксакалдын боз алачыгынан бир киши дөбөнү карай жөнөдү. Жакын келгенде жашы отуздарга барган ак саргыл, орто бойлуу, биз мурда эч качан көрбөгөн кара кемсел кийген жигит экен.
– Балдар! – деди, ал бизге кайрылып: – Мен сиздердин жердешиңер Жутакенин баласы Абылкасым деген боломун. Алма-Атадагы мугалимдик курсту бүтүрүп келдим. Силерди окутамын.
Мына ошондон тартып айылдан обочороок жерде саман менен чопо аралаштыра салынган жалгыз бөлмө тамда 15 баланы чогултуп окуу өткөрө баштады. Абылкасымдын күн сайын биринчи сабагы улуу Ленин жөнүндө, ал түзгөн Большевиктер партиясы жөнүндө, жыргалдуу заман жана бактылуу келечек жөнүндө болор эле. Анын ошол кездеги жомок катарында айткандарын мына бүгүн биз өз көзүбүз менен көрүп олтурабыз. Ошондогу биринчи мугалимибиз Абылкасым Жутакеев кийин «Ленин кошогу», «Үч доор» поэмалары менен элге кеңири белгилүү болгон акын».
Мал чарбачылыгы дагы начар болгон. Тянь- Шандын каардуу суугу, жайкы кургакчылыгы малдын башын өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Тоюттун дээрлик жоктугунан малдын басымдуу бөлүгү жутта кырылууга учурап турган. Тянь-Шань өрөөнүндө аба ырайы улам бат алмашып, айрым учурда суук катуу болуп, жаз эрте келсе, экинчи бир жылы кар калың түшүп, жаз кеч келип, май, июнь айларында кар жааган мезгил болуп турат. Ошондуктан эл арасында «Нарын менен Жанызакка ишенбе» деген макал калган. Уламыштарга караганда бул макалдын пайда болушунун өзүнчө тарыхы болгон. «Нарынга ишенбе» дегени, мезгилдин кайсыл учуруна карабай аба ырайынын улам кескин өзгөрүп, кала берсе май, июнь айларында кар жаап малды жутка учурата тургандыгына байланыштуу болсо, ал эми «Жанызакка ишенбе» дегени илгери бир айылда Жанызак деген бай болуп, ал ары-бери өткөн жолоочуларды кеч курун үйүнө кондуруп, миңген аттарына уу чөп бердиртип коюучу. Ал чөптү жеген ат бир аз жүргөндөн кийин уугуп жатып калуучу. Аны байкап турган Жанызак: «Конокко кыйын болуптур, аты мурт өлүмгө дуушар болгон турбайбы! Кана балдар, тезирээк союп жибербесеңер бөөдө арам өлүм болот» – деп жигиттерине буйрук берип, ал жолоочуну жөө кетирүүчү экен деп айтылат. Демек мында ошол кездеги бай-манаптардын амалкөйлүгү, башкаларга жасаган ач көздүгү баяндалат.