Райондун жана областтын масштабында жүргүзүлүп жаткан иштерди жана тажрыйбаларды жалпылап-жыйынтыктаган эмгектер республиканын китеп басмасынан кийинки мезгилдерде көбүрөөк чыга баштады. Бул эмгектер район аралык тажрыйба алмашууда өтө маанилүү экени белгилүү. Алардын ичинен 1974-жылы жарык көргөн Т. К. Кошоевдин «Социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылуу боюнча эмгекчилер депутаттарынын Советтеринин иши» аттуу китебинде социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылууда советтик уюмдардын жургузгөн иштери жөнүндө окурмандар менен кенири пикир алмашат. Шаар менен айыл-кыштактын, акыл

эмгеги менен күч эмгегинин ортосундагы журуп жаткан жакындашуу жагынан, советтик адамдардын турмушунун маданий деңгээлин көтөрүү жагынан областтагы топтолгон тажрыйбалар жөнүндө баяндалат.

Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Акназаровдун 1976-жылы басылып чыккан «Биздин башкы камкордук деген китеби жерди сарамжалдуу пайдалануу, интенсификациялоо менен жалпы эле Дыйканчылыктын маданиятын жогорулатуудагы жетишкен ийгиликтери жана аны камсыз кылууда партиялык, советтик уюмдардын жүргүзгөн иштери кеңири баяндалган.

Бул эмгектерде баяндалган өрнөктүү иштер, алдынкы тажрыйбаларды эске алуу менен ушул китепчении автору Тянь-Шань районунун өзгөчөлүгүнө байланышкан проблемаларды чечүү тажрый баларынан, тоолуу райондун өзүнүн өнүгүү жолундагы үлгүлүү эмгектеринен, жетишкен ийгиликтеринен жана келечекке карата умтулууларынан баян берүүгө аракет жасалды.

Ал эми Тянь-Шань районунун айрым алдынкы чарбаларынан экономикалык, талдоого алынган, б. а. колхоздук маданий өсүштөрү жыйынтыкталып-жалпыланган бир катар эмгектер масштабда республикабыздын басмасынан жарык көрдү. Тянь- Шань районунун Октябрь революциясы ордендүү «Жаны-Талап» колхозунун председатели Э. Дайракуновдун 1972-жылы жарык көргөн «Өсүү жолунда», деген китепчелери 1976-жылы басмадан чыккан «Колхоздогу эмгекчилердин авангардында» колхоздун экономикалык өсүшүндөгү жетишилген ийгиликтер тууралу, аны жүзөгө ашыруунун башында турган коммунисттердин иштери жөнүндө баяндалган. Ы. Турсунов 1970-жылы «Өнүгүү жолунда» деген китепчеси аркылуу ушул райондун Куйбышев атындагы колхозунун экономикалык өсүшу жөнүндө сөз козгогон. Ушул жогорку эки колхоз жөнүндөгү эмгектерде райондун калган чарбалары тууралу, жалпы эле Тянь-Шань районунун буткул экономикалык өнүгүшү, социалдык өнүгүүдогу шарттар, айрыкча маданий-тиричилик жагындагы күрдөөлдүү өзгөрүүлөр жөнүндө сөз болгон эмес.

Ошондуктан бул китепчеде социалдык-маданий курулушка жетекчилик кылууга, селолук калктын турмуш-тиричилик маданиятын көтөрүүдөгү жаратылган ийгиликтерге жана райондун алдында турган милдеттерге токтолуу, бул багытта эмгекчилерди тарбиялоодо саясий-идеялык иштердин жолго коюлушу жөнүндө белгилүү өлчөмдө талдоо жүргүзүүгө аракет жасалды.

Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары жолдош Т. У. Усубалиев «Ленинизм элдердин достугунун жана туугандаштыгынын улуу булагы» деген эмгегинде мындай деп жазат. «Кыргызстандын эмгекчилери закондуу түрдө даңктуу жеңиштердин жана жетишкендиктердин басып өткөн жолуна сыймыктануу менен көз чаптырышат. Социалдык экономикалык жана рухий турмуш жактан 50 жыл ичинде алардын жеңип алгандары чынында да укмуштуудай чоң.

Биздин республикабыздын ар биринин коомдук өндүрүштүн жана маданияттын белгилүү бир жагынан жетишкен көрүнүктүү ийгиликтери ушул республиканын жумушчуларынын, колхозчуларынын, интеллигенциясынын күжүрмөн эмгегинин гана натыйжасы болбостон, ошону менен бирге бүткул совет элинин биргелешкен эмгегинин да натыйжасы болгонун абдан баса белгилеп кетүү керек. Биздин жалпы ийгиликтерибиз бардык улуттардын жана элдердин эмгекчилеринин социалисттик өз ара жардамдашуусунун аркасында, алардын бузулбас саясий, социалдык-экономикалык жана идеялык жалпылыгынын аркасында мүмкүн болуп олтурат».