Тоо койнунда жайланышкан Тянь-Шань району нун айыл-кыштактарында Совет бийлигинин жыларында болуп өткөн социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр жана маданий жагындагы түп-тамырынан берки кайра куруулар биздин Родинабыздын бардык райондорунда эле кездешүүчү жетишкендиктерден экендиги талашсыз.
ТОО КОЙНУНДАГЫ СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨР ЖАНА МАДАНИЙ КАЙРА КУРУУЛАР
Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиши, адамдарга чыныгы эркиндикти берүү менен ошол эле убакта коомдук мамилелердин бардык системаларын түп-тамырынан бери өзгөртүүнүн башталышы болду.
Революцияга чейинки Кыргызстандын социалдык түзүлүшү жагынан көп укладдуулугу революциячыл кайра түзүүлөрдүн жүрүшүндө бир катар татаал проблемаларды койду жана аларды чечүү айыгышкан тап күрөштөрдүн кырдаалында өттү. Кыргызстандагы эксплуататордук таптын басымдуу бөлүгүн түзгөн феодалдар жердин Октябрдын алдында, өндүрүш каражаттарынын дээрлик бут баарын ээлешип, дыйкандар массасы аөосуз эзилип келген. Бул коомдук-социалдык мезгилдеги феодалдык-патриархалдык, структура ар түрдүү урук-туугандык сыяктуу татаал, ар кандай чиелешкен мамилелер революциячыл кайра түзүүлөрдүн өзгөчө кырдаалда өтүшүн шарттаган.
Совет бийлигинин биринчи жылдары Кыргызстанда турмуш-тиричилик укладынын өзгөчөлүгү, революциячыл кайра куруулардын тереңдеши, экономикалык, социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик проблемаларын чечүүнүн жүрүшүндө таптык күчтөрдү терең дифференциялоо жана поляризациялоо зарылдыгын талап кылды.
Социалисттик кайра куруулардын темпи жана революциянын андан аркы салтанаттары кыргыз элинин экономикалык жана маданий жактан артта калуучулугун тарыхый кыска мөөнөттүн ичинде жоюуга алып келди.
Бул багытта В. И. Лениндин коомду маданий жактан кайра курууга арналган чыгармалары зор роль ойногон. Маданий революция жөнүндөгү лениндик окуу бүтүндөй идеялардын, акыл-ойдун, теориялык корутундулардын системасы болуп, массанын арасындагы агартуу иштеринин методдоруна жана принциптерине чейин камтыган.
Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын бул багыттагы революциялык кайра куруу иштеринин натыйжасы өнүккөн социалисттик коомдун толук ишке ашырылышы болду.
Советтик коом – бул бүгүн кубаттуу социалисттик индустриянын жана өнүккөн айыл чарбасынын, жумушчулардын, колхозчулардын, интеллигенциянын моралдык-саясий улуттар менен элдердин бир туугандык достугунун, биримдүүлүгүнүн, бардык эмгекчилерди жалпы элдик мамлекетти башкарууга катыштырган социалисттик демократиянын, советтик илимдин жана маданияттын, пролетардык жана социалисттик гуманизмдин идеяларынын салтанат курушу.
Ал эми бүгүнкү Кыргызстан жогорку өнүккөн өнөр жайлуу, ири механизацияланган айыл чарбасы бар, гүлдөгөн маданиятка ээ болгон Советтик социалисттик республика болуп эсептелет.
«Коммунисттик партиянын жана анын Лениндик Борбордук Комитетинин жетекчилиги астында, орус эли жана биздин өлкөнүн башка элдери менен бир туугандык биримдикте Кыргызстандын эмгекчилери бир муундун өмүрүнүн ичинде кылымдардан бери артта калуусун бирөтөло жойду, экономиканы жана маданиятты өнүктүрүүдө зор ийгиликтерге жетишти, коммунисттик курулушка татыктуу салымын кошууда».
Революцияга чейин Тянь-Шань районунун территориясында, бирин-серин ылайдан согулган там үйлөрдү (жер кепелер) эсепке албаганда турмуш образы боюнча көчмөн болгон. Бул жерде жашагандар Кыргызстандын башка аймагындагыдай эле революцияга чейин жакырчылык, туташ сабатсыздык өкүм сүргөн, эмгекчи массалар ырайымсыздык эзүүгө дуушар болушкан.
Жергиликтүү эл көчмөндүү болгондуктан мал чарбасы менен кесип кылган. Ошол убакта көчүп жүрүүгө күч унаасы, саап ичүүгө колунда бирин-экин малы, баш калкалоого үйлөрү (боз үй) жок гана кедейлердин айрымдары отурукташкан. Көпчүлүк кедей-кембагалдар бай-манаптарга жалда нып, алардын малын багып, үй оокатын жасап, эптеп күнүмдүк тамак-аш үчүн алар менен бирге көчүп, малай болуп жүрүшкөн.