Бардык жерде туташ кайра куруу бүткүл өлкедөгүдөй эле Тянь-Шань районунда да Улуу Октябрь социалисттик революциясы жеңгенден кийин башталды. Бай-манаптар, бийлер талкалангандан кийин райондун айыл-кыштактарында жаңы турмуштун курулушу кеңири кулач жайды. Колхоздук тузүлүш дыйкандардын турмушундагы кылымдардан берки келаткан патриархалдык укладды сүрүп чыгарып социалисттик укладдын орношун камсыз кылды. Ошонун натыйжасында көчмөндүү мал чарбачылыктан жана примитивдүү иштетүүдөн механизациялашкан, жогору өнүккөн чарбага секирик жасап, талаачылыктын жана мал чарбасынын маданияты көтөрүлдү. Социалдык турмуш образы туп тамырынан бери өзгөрүшүнөн улам социалисттик коомдун бардык мүчөлөрү толук эмансипацияга ээ болду.

Социалисттик кайра куруу мезгилинде айылдык турмуштун бүткүл уклады түп-тамырынан бери өз- гөрдү, көп кылымдан бери дыйкандардын майда жеке менчикчил нравалары жана адаттары сакталып калган турмуш-тиричилиги кулады.

Маданий революциянын жүрүшүндө социалисттик, чыныгы элдик маданият түзүлдү. Эмгекчилердин миллиондогон массасынын социалисттик аң-сезиминин түзүлүшү маданий революциянын эң улуу жетишкендиги болду.

Айыл-кыштактын маданиятын жогорулатуудагы жана айылдык эмгекчилердин турмуш-тиричилигин кайра куруудагы негизги факторлор болуп партия менен өкмөттүн акылман жетекчилиги жана күндөлүк камкордугу астында колхоз, совхоздордун экономикасынын тынымсыз өсүшү, коомдук байлыктын барган сайын көбөйүшү, ошонун негизинде эмгекчилердин өздүк доходдорунун кыйшаюусуз өсүшү болуп эсептелет.

Республиканын айыл чарбасын райондоштуруу боюнча Тянь-Шань району мал чарбачылык зонасына кирет. Бул зона өзүнүн климаттык шарты жагынан мал чарбасын, анын ичинен кой чарбасын өстүрүүгө, ал үчүн мол тоют топтоого ынгайлуу. Райондун чарбаларына 804424 гектар жер аянты бекитилген. Структуралык жагынан: 26780 гектары айдоо аянтка, 517256 гектары жайыттарга, 5713 гектары чөп чабындыларга тийиштүү.

Мал чарбачылыгынын ичинен, жогоруда белги ленгендей кой чарбасына басымдуу экономикалык орун таандык. Партиялык, советтик органдардын, коммунисттердин, комсомолдордун, колхозчулардын, совхоздордун жумушчуларынын зор демилгеси менен жетишилген ийгиликтер райондун айыл чарбасынын өнүгүшүнө айрыкча кой чарбасын өстүрүүгө мүмкүндүк түздү.

Азыркы этаптагы айыл чарбасынын өсүшү, партиянын ХХѴ съездинин, КПСС Борбордук Комитетинин андан кийинки Пленумдарынын чечимдерин турмушка ашыруу үчүн жүргүзүлгөн уюштуруучулук жана саясий иштер, ири экономикалык иш-чаралар айыл чарба өндүрүшүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, коомдук өндүрүштүн өсүшү учун чарбалардын, айыл-кыштак эмгекчилеринин кызыкчылыгын, демилгелерин арттырууга көмекчу болду.

Айыл чарбасынын материалдык-техникалык базасын чындоо үчүн жыл сайын капиталдык салым- дар көп жумшалып жатат. Колхоз-совхоздор тракторлор жана транспорт каражаттары, жер семирткичтер, уу химикаттар, гербидциттер менен талап кылынган өлчөмдө камсыз кылынып жатат.

Район Нарын дарыясынын боюна жайланышканына карабастан суу баскан аянт өтө аз болуп, жаратылыштын «ырайымын» гана күтүүгө туура келген. Жерди сугаруу боюнча кеңири кулач жай ган иштер жүргүзүлүп, боз топурак болуп жаткан жерлер өздөштүрүлүүдө.

Куйбышев атындагы колхоздун ветераны 1921-жылдан бери КПССтин мүчөсү, 83 жаштагы карыя Борсунбаев Жунус мындайча эскерет: «1930-жылдары колхоздоштуруунун алгачкы мезгили баш- талды. Алды менен ТОЗго биригиштик. Анда биздеги болгон байлык 150гө жакын теше жер, 50 куч ат, 15—20 тѳѳ, миңге чукул кой-эчки болгон. Буурусун менен айдап, ага кол менен үрөн сээп, маласын чычырканак менен тартучубуз. Ырас, ал кезде жерди жөндөп иштетүүнү билбеген, жаратылыштан гана «ырайым» күткөн дыйкандарыбыз азыркы учурда мол түшүм өстүрүүнүн устаттары болуп чыга келишти. Эзели суу көрбөй бозоруп жаткан миңдеген гектар жер аянттары кулпурган бакчага айланат деп ким ойлоптур. Колхоздоштуруунун алгачкы мезгилинде жаан-чачындуу жылдары ар гектар аянттан 3—4 центнерден түшүм алганга сүйүнсөк, эми 40—50 центнерден түшүм алып жатышкан дыйкандарыбыз ондоп саналат.