Биз мамлекеттигибиздин жаңы этабынын мына ошондой татаал мезгилдерде, толгоо тарткан энедей кыйналып, кээде чер токойдон жол издеген адамдай адашып, жаңылышып, ашыкча түйшүк-мээнеттерге, сыноолорго туш болуп жүрүп жаралганын элестүү көрсөтүү үчүн гана жогорудагыларды келтирип жатабыз. Бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, бул ошол мезгилдерде анархия менен чектешкен демократия болгонун да көрсөтөт. Азыр супер демократиялуу делген ФРГнын же АКШнын бир субьектисиндеги элдин бир бөлүгүнүн андай чараларга барарын элестете аласызбы? Андай анархиялык демократия Тоолуу облустун түзүлүшүн жактагандарда да, ага категориялуу түрдө каршы чыккандарда да эйфориялык маанайдагы эркиндик сезимин гана жараткан.
И. Сталиндин телеграммасынан кийин Тоолуу облусту түзүү процесси кайра артка кеткен. ТКП БКнын айрым жетекчилери адегенде Тоолуу облустун түзүлүшүнө лоялдуу же кайдыгер болушса, телеграммадан кийин өз позицияларынан кайтып, Москвага актанган мүнөздөгү телеграммаларды жөнөтүшүп, Курултайга шайлангандардын тектерин текшертип, мыйзамдуулугуна шек келтиргенге өтүшкөн. Р. Худайкулов жыйындарда А. Сыдыковчуларга мурдагыдан да тажаал жалааларды жаап, улуттук маселелерди да таптык күрөштүн негизинде чечүү керек, «бөлүнгүчтөр» эзүүчү таптын кызыкчылыгын көздөгөн облус түзгөнү жатышат деп кыйкырып чыккан. Анын таасиринен улам жер-жерлердеги айрым партиялык уюмдар жана советтер да мурдагы позицияларынан кайта башташкан. Ар кандай кызматтарда турган А. Сыдыковчулардын көбүнө партиялык, административдик жазалар берилип, кызматтарынан алынып, айрымдары партиядан да чыгарылган. Алардын баарын санап чыгуу да кыйын. Бир сөз менен айтканда, Түркстанда саясый турмуш шакардай кайнап турган.
Мына ошол мезгилде Абдыкерим Сыдыков чыныгы майтарылбас духун, мекенчилдигин көрсөткөн. Ошол убактагы, андан кийинки мезгилдердеги иш-аракеттерине караганда, ал кандай чоң кызматтарды беришсе да ага алданбаган, жабышпаган, мансап үчүн өз идеалын сатпаган, чын-чынына келгенде ага чындап көңүл да бурбаган, кандай кыйынчылыктарга тушукса да андан кайтпаган тобокелчил инсан болгон. Элестүү айтканда, жыгылган сайын күрөшкө тойбой кайра алдыга умтулуп турган. Ж. Абдрахманов кара-кыргыздар менен кара-калпактарды бириктирип, чоң автономияны түзүүнү да сунуш кылган. Кырдаал көзөмөлдөн чыгып баратканын Түркстандын гана эмес, ВЦИКтин, РКП (б) БКнын жетекчилери да түшүнүшкөндө Борбордук Азиядагы элдерди ажырымдаштырууну Москва өз колуна алган.
Ажырымдашуу процессинин тездеши
Аймактагылар үчүн 1924-жылдын саясий турмушу январда советтердин Бүткүлтүркстандык ХII сьезди менен башталган. Анда кара-кыргыздардан шайланган, Нарын уездинен -Абаев, Баялинов, Каракол уездинен- Абдрахманов, Ачекеев, Тойчинов, Ош уездинен- Иманкожоев, Карабеков, Төлөнов, Оморбеков, Наманган уездинен- Ботбаев, Салихов, Мамбеталиев, Анжиан уездинен-Кулбосунов, Сарыбаев, Олуя-Ата уездинен- Абланов, Бабажанов, Маймылов, Токбаев, Пишпек уездинен- Айдарбеков, Садаев РКП (б) БКга, СССР БАКинин Улуттар Кеңешине кайрылуусунда өзбектер менен кайсак-кыргыздардын арасындагы жалпы саны миллионго жеткен кара кыргыздардын кызыкчылыктары таптакыр эске алынбай, тилдери, жашоо образдары окшош болгондуктан ал кайсак-кыргыздардын бир бөлүгү катары каралып, башкаруунун уезддик аппараттарын түзүүдө өгөйлөнүп, тилин, маданиятын өнүктүрүүгө көңүл бурулбай жаткандыгы айтылып: 1. Кара кыргыздарды башкалардай эле өзүнчө эл катары таанууну, 2. Түркстандагы башкаруу органдарында алардан өкүлдөрдү көбөйтүүнү, 3. Кара кыргыздардын тилин, маданиятын өнүктүрүп, окуу китептерин чыгарууга жетиштүү каражат бөлүүнү талап кылышкан (11:29—30).