Бул кат ВЦИК менен РКП (б) БКнын Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү боюнча оң пикирге келишинде чоң роль ойногон. Анткени, алгач казактар, анан өзбектер кыргыздарды өз аймактарында, курамдарында калтыргылары келгени Түркстан КП (б) БК менен Түркстан БАКинин Президиумунун 1924-жылы 10-мартта өткөрүлгөн биргелешкен кеңешмесинде Түркстан КП (б) БКнын катчысы, Реввоенсоветтин мүчөсү, РКП (б) БКнын Орто Азиядагы улуттарды ажырымдаштыруу боюнча комиссиясынын мүчөсү, Өзбектер боюнча комиссиянын төрагасы Абдулло Рахимбаевдин баяндамасынан ачык көрүнөт. Ал өз баяндамасында айрым кыргыз жана түркмөн кызматкерлеринин сепаратисттик аракеттери партиялык жана мамлекеттик иштерге терс таасирин тийгизип жатат деп айыптаган (11:31). Ал улуттардын ичинде эзүүчү таптагылар менен эзилгендердин ортосунда күрөш күчөгөндө гана улуттарды ажырымдаштыру максатына жетет, андай күрөш жок болсо, өзүн актабайт деген жыйынтык чыгарган. Ал эми уруу-уруктук системада жашаган кыргыздардын арасында таптык күрөш деген түшүнүк болгон эмес.

Кеңешмеде сүйлөгөндөрдүн Э. Арабаевден башкасы аны колдошкон. Кеңешме курамында Тажик автономиясы менен Өзбек Республикасын жана Түркмөн Республикасын түзүп, казактар жашаган облустарды жана райондорду Казак Республикасына өткөрүп берип, анын ичинде кара кыргыздардын автономиясын камсыз кылуу жөнүндө чечим кабыл алган (11:33). Бул маселелерди дыкат тактап-тастыктап, үйрөнүп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ошол эле жылы апрелде РКП (б) БКнын Саясий Бюросу Орто Азия элдеринен келген сунуштарды карап Бухара менен Хорезмди ажырымдаштырууну жактырган. Ал эми 11-майда РКП (б) БКнын Орто Азия бюросунда бул маселе боюнча комиссиянын жана подкомиссиялардын сунуштары каралып, алгач Өзбек жана Түркмөн республикаларын түзүү, Өзбекстандын курамында автономдуу Тажик облусун түзүү боюнча чечим кабыл алынган. Анда жетиштүү үйрөнүлө электигине байланыштуу Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүү кийинкиге калтырылган.

Ал документти жана жаңыдан даярдалгандарды РКП (б) БКнын Орто-Азия бюросу 1924-жылдын 11-майындагы отурумунда карап, жогоруда аталган республикалардын курамдарында Кара-Кыргыз жана Тажик автономдуу облустарын түзүү жөнүндө чечим кабыл алган.

Андан көп өтпөй же 2-июнда аталган Бюро РКП (б) БКнын Саясий Бюросунун өз чечиминен кескин айрымаланган же кара-кыргыздардын автономдуу облусун түзүп, аны түздөн түз РСФСРге баш ийдирүү жөнүндө токтомунун долбоорун карап, Орто Азиядагы элдерди ажырымдаштыруу боюнча башка маселелер менен бирге ага макулдугун берген. Компартиядагы демократиялык борборлоштуруунун принциптерине ылайык, аймактык Бюро Борбордук Комитеттин Саясий Бюросунун токтомунун долбоорун четке какмак түгүл, принципиалдуу өзгөртүүлөрдү киргизе да алмак эмес. Тарыхчы Г. Жунушалиева туура белгилегендей (11:32), эгерде 1922-жылы Тоолуу облусту түзүүгө негизинен казак улутундагы жетекчилер каршы чыгышса, 1924-жылы Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө өзбек улутундагы жетекчилер каршы турушкандыгына карабастан РКП (б) БКнын Саясий Бюросу Кара-Кыргыз облусун түзүп, аны түз РСФСРге баш ийдирүүнү биротоло чечкен десек болот. Мындан ККАОнун түзүлүшүндө Москванын позициясы чечүүчү роль ойногону көрүнүп турат.

1924-жылы 12-июнда РКП (б) БКнын Саясий Бюросу «Орто Азия республикаларын улуттук ажырымдаштыруу (Түркстан, Бухара, Хорезм) жөнүндө» токтом чыгарган, анын негизинде улуттук ажырымдашуу боюнча Борбордук аймактык комиссия түзүлгөн. Анын курамына кыргыздардан Ж. Абдрахманов, И. Айдарбеков кирген. Ал убакта А. Сыдыков дагы партиядан чыгарылып, куугунтукта жүргөндүктөн комиссиянын курамына кошулбай калган. Ошол эле жылы 15-16-сентябрда Түркстан АССРинин БАКинин кезексиз сессиясында улуттук мамлекеттик-ажырымдаштыруу жөнүндө маселе каралып, кара-кыргыздардын суроо талаптары боюнча аларга Түркстан АССРинин курамынан чыгып, өзүнчө Кара-Кыргыз автономдуу облусун түзүүгө укук берүү жөнүндө токтом кабыл алынган (3:129).