Экинчи жагынан, РСФСРге кошулгандан кийин Москвадан каражаттар ортомчусуз түз бөлүнө баштаган. Ошол убакта ККАОнун жылдык бюджетинин 97 пайызга жакыны РСФСРдин эсебинен берилип турган (18:23). Же аздыр-көптүр бутубузга тургуча толугу менен эле Россия баккан. 1921-1924-жылдары өнөр жайды өнүктүргөнгө 1525 миң рубль бөлүнсө, андан үч жылдан кийин анын көлөмү дээрлик он эсеге көбөйгөн (18:22). Жер-жерлерде ликбездер, шаарларда мугалимдерди даярдоочу курстар ачылып, улуттук кадрлар үчүн атайын орто жана жогорку окуу жайларынан квоталар бөлүнгөн. Маселен,1925-1927-жылдары борбордук жогорку окуу жайларына Кыргызстандан 728 улан-кыз жөнөтүлсө, алардын 331ри кыргыз болгон (18:62).
Совет бийлиги 1916-жылдагы көтөрүлүштөн кийин Кытайга качкан кыргыздарды кайра кайтарып, мурдагы жерлерин алып берүү, отурукташтыруу, билимге, илимге тартуу, басмачылар талкалагандарды калыбына келтирүү, өнөр жайын ж. б. өнүктүрүү үчүн ири суммалардагы каражаттарды жумшаган. Кытайда ар кандай себептер менен барымталарда калган кыргыздарды сатып алып, ата мекенине кайтаруу үчүн каражаттар бөлүнгөн. Жалпысынан кыргындан качкандарды кайтарып, жайгаштыруу үчүн 70 миллион рублге жакын каражат жумшалган. Мындай жакшылыктарды унутканды, бурмалаганды тарых деле, кудай деле кечирбейт болуш керек.
Булар Давид Будянскийдин эмгегинде (25) жетишерлик чагылдырылган. РКП (б) БКнын 1924-жылдын 18-октябрындагы токтому менен ККАОнун тунгуч саясий бийлиги- башында М. Д. Каменский, Ж. Абдрахманов турган, курамында 13 мүчөсү бар облустун убактылуу партиялык бюросу түзүлгөн. Андан үч күндөн кийин же 21-октябрда РСФСРдин ВЦИКинин Президиумунун чечими менен ККАОнун Ревкому бекитилген. Жетекчиси И. Айдарбеков болгон, курамына 17 адам кирген. Ал укуктук жактан ККАОдогу убактылуу эң жогорку мамлекеттик орган катары эсептелген. Айрымдар аны БАКка теңештирип, И. Айдарбековду Кыргызстандын биринчи президенти деп жүрүшөт. Жөнөкөй адамдар же тууган туушкандары ошентишсе эч нерсе дебейт элек, ар ким өзүнө жакынды даңазалагысы, аны менен сыймыктангысы келет. Бирок, наамдуу, даражалуу илимпоздордун антип жазып жүрүшкөнү уят, чындыкка ылайык келбейт (15:141), алардын илимпоздук беделдерине, компетенттүүлүктөрүнө гана шек келтирет. Ревкомду убактылуу өкмөт деген туура болот. Анткени, Ревком облбюронун көзөмөлүндө турган, бюро тапшырмаларды берген. И. Айдарбеков өзү облбюронун мүчөсү болгон. Экинчи жагынан эл же легитимдүү орган тарабынан шайланбаганды президент деп атаган өтө эле апырткандык болуп кетет. Бул жагынан алганда тарыхчы А. Джуманалиев Ревкомду Кыргызстандын биринчи өкмөтү деп туура атаган (3:133). Облбюронун да, Ревкомдун да миссиясы советтердин шайлоолорун, андан кийин алардын Бүткүлкыргыздык уюштуруу сьездин өткөрүп, автономдуу облустун легитимдүү башкаруу органдарын, партиялык уюмун түзүп, ыйгарымдарын аларга өткөрүп берүү менен гана чектелген.
Ал убакта «Кошчу» уюмунун жетекчиси Р. Худайкуловдун позициясы чындыгында күчтүү болгон. Ал партиянын облБюросунун, Ревкомдун курамдарына да кирген. «Түркстандагы кошчулар уюмунун курулушу 1920-жылдан баштапб жылдан жылга жармыналы түшүб төрөлүб келе жаткандыгы бешиктен белгилүү, – деп жазган ал 1924-жылы 7-ноябрда „Эркин тоо“ гезитинин №1-санындагы „Кыргыз кошчу уйуму“ (мында макаланын орфографиялык өзгөчөлүктөрү сакталды) деген макаласында. -Кыргыз ичиндеги кошчу уйумунун мүчөлөрүнүн жалпы саны 60,000 алардан 2,000 батырак» (22).
Мындан көрүнүп тургандай, эгерде мурдагы «Букарадан» чыккан, кедей-кембагалдардын бирикмеси деп эсептелген «Кошчунун» мүчөлөрүнүн үчтөн бири гана эзилүүчү делген таптын өкүлдөрүнөн болсо, бай-манаптардын тобу деп эсептелген А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов, Э. Арабаев үчөөсү жетектеген топтун мүчөлөрүнүн дээрлик баардыгынын пролетариаттык-дыйкандар союзуна тиешеси болбогону көрүнүп турат. Бул ошол мезгилдин реалийлери. Сабатсыз калк саясий, башкаруу иштерине инфантилдүү, кайдыгер болсо, аздыр-көптүр билимдери бар, мурда башкаруу иштерине аралашкандардан башка саясатка ким аралашат? Ал убакта колунда барлардын балдары гана кат-сабаттарын жоюшуп, башкаруу иштерине, негизинен канцелярдык жумуштарга тартылган.