И. Сталин да улуттук маселелер боюнча сөздөрүндө, макалаларында эгерде этностун өз тилинде мектептери, соту, мамлекеттик органдары ж. б. институттары болбосо, советтик автономия жөнүндө сөз кылуунун да кажети жогун, анда ал эч кимге керексиз таштанды экенин белгилеген (5:117). Ал эми «Россиядагы элдердин укуктарынын Декларациясында» ага тоскоол болуп жаткан велиросстук шовинизм экенин көрсөткөн (5:47). Анын РКП (б) нын ХII сьездине даярдап, БК жактырган тезистеринде армян, осетин, аджарларга карата- грузин шовинизми, түркмөндөргө, кыргыздарга карата өзбек- шовинизми, армяндарга багытталган- азербайжан шовинизми бар экени айтылат (5:178).Аны азайтуу үчүн мамлекеттик жана партиялык органдардын аппараттарында, мекеме, ишканалардын административдик курамдарында жергиликтүү калктын өкүлдөрүн көбөйтүү керек деген жыйынтыкка келген. Кадрларды «жергиликтештирүү» (коренизация) саясаты ошондон келип чыккан. Советтик мезгилдин алгачкы жылдарында андай талаптар жетекчиликке алынган менен, тилекке каршы, кийин ал эстен чыга баштаган.

Буларга басым жасаганыбыздын себеби, Түркстанда гана эмес, жалпы Союздун аймагында этносторду сандарына, географиялык шарттарына жараша автономияларга, республикаларга, эң аздарын округдарга (алгачкы план коммуналарга) бөлүү саясаты мына ушундай жакшы максаттарды көздөгөн. «Политика царизма, политика помещиков и буржуазии по отношению к этим народам состояла в том, чтобы убить среди них зачатки всякой государственности, калечить их культуру, стеснять язык, держать их в невежестве и, наконец, по возможности руссифировать их, -деп айтылат РКП (б) нын Х сьездинин партиянын улуттук маселелердеги кезектеги милдеттери жөнүндө резолюциясында, …остается около 6 миллионов киргизов, башкир, чеченцев, южная часть Туркестана, осетин, ингушей, земли которых служили до последного времени обьектом колонизации со стороны русских переселенцев, успевших уже перехватить у них лучшие пахотные участки и систематически вытеснящих их в бесплодные пустыни» (19:33, 35).


Советтер менен большевиктердиин тирешүүсү


Бизде негедир, Октябрь десек-Ленинди, Ленин десек-Октябрды түшүнөбүз дегендей, большевиктер менен советтер дайыма максаттары бир болуп, эгиздей ээрчишип жүрүшкөн дегендей түшүнүк калыптанган. Чындыгында андай болгон эмес. Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын негизги ураандары: жерлер- дыйкандарга, завод, фабрикалар- жумушчуларга, баардык бийлик- советтерге болгонун жакшы билебиз. Эсерлердин максаттары, ураандары деле мындан айрымаланган эмес. Бирок, 1917-жылдын февраль революциясынан кийин жаандан кийинки козу карындардай түзүлө баштаган советтер бир кылдуу, бир максаттуу болбогон, алардын көпчүлүгү эсерлерди (социал революционерлер) жакташкан, кадеттерге (конституциялык демократтар) ыктагандары да жетишерлик болгон. Ошондуктан советтердин сезилерлик бөлүгү Октябрь Революциясын тааныган да эмес, мыйзамсыз төңкөрүш катары эсептеген.

Ошол убакта Казакстандын түндүгүндөгү окуяларга аралашып жүргөн революционер, жарандык согуштун автивдүү катышуучусу, акын жана жазуучу, драматург Сакен Сайфуллин ал мезгилди төмөндөгүдөй сүрөттөгөн: «Характерной чертой этого периода было множество разных собраний и митингов. Словопрения вспыхивали ежедневно, чуть ли не через день переизбирались какие-нибудь комитеты и бюро.

Появились доморощенные ораторы, вожди-краснобаи, вылезающие на трибуну по любому поводу. Прежде ничем не отличающиеся незаметные люди яростно бросались в ораторские сражения, старались сказать свое слово кстати и некстати.

Бывшие приказчики, бакалейшики, спекулянты, учителя, технические работники, писаря, переводчики, мелкие чиновники, ветеринарные фельдшеры, врачи и прочие-все включились в борьбу, все спешили выступить в роли вождей от имени народа. Горожане Акмолинска разделились на группы. Русское казачество, мещане, мусульмане (татары и казахи), учителя, солдаты гарнизона и трудовой люд-каждая группа устраивала свои собрания обособленно. Выступавшие говорили много, сбивчиво, неопределенно, все плавали вокруг да около. Политического опыта не было, каждый толковал по-своему, поэтому спорили до бесконечности… ” (23:90—91).