Андай ар максаттарды, багыттарды карманган партиялардан, топтордон түзүлгөн советтердин жыйындарынын көпчүлүгү тирешүүлөр, жаңжалдар менен аяктоосу көндүм көрүнүштөргө айланган. Советтерде реалдуу бийлик болгон эмес, күч кимде болсо, чындык ошол тарапта дегендей, реалдуу бийлик солдаттарда, куралдуу жумушчуларда болгон. Алар өздөрүнө жакпаган советтерди курал жарактар менен опузалап, өз кызыкчылыктарына ылайык келген чечимдерди кабыл алдыртып, ага көнбөгөндөрүн күч менен кууп таркатып, алардын ордуна өздөрүн колдогон советтерди түзүп турушкан. Алсак, 1917-жылы 3-декабрда Ош горнизонунун солдаттары эсерлердин Оштогу советин күч менен таркатышып, бирок кайра эле ошолор шайланышкандыктан 1918-жылы январда дагы таркатышып, акыры большевиктердин советине айландырышкан (6:65).

Советтер Россияда 1917-жылы ноябрдын башталышында бийликке келген менен анын эң алыскы бурчтарынын бири болгон азыркы Кыргызстандын аймагында бир нече айга чейин реалдуу сезилген деле эмес. Бизде совет бийлиги 1918-1919-жылдарда киргизилген.1918-жылы Пишпек советинин жыйыны өткөрүлүп, анда биринчи жолу большевик Г. И. Швец-Базарный төрага болуп шайланат. Ага чейин Пишпектеги Советти эсерлердин өкүлү жетектеген. Ошол эле жылы февраль-мартта Пишпекте советтердин уезддик курултайы өткөрүлүп, анда башкаруу толугу менен жаңы бийликке өткөнү жарыяланган. Ага удаалаш апрель-сентябрда Нарында, Пржевальскийде, Токмокто советтерге жаңы шайлоолор өткөрүлгөн. 1918-жылдын күзүнө карата Кыргызстандын түндүгүндөгү уезддерде болуштук (волостный) 41, станицалык 4, кыштактык 119, айылдык 59 совет түзүлгөн. Ал мезгилди- түндүк Кыргызстандын социалисттик өзгөрүүлөргө багыт алган мезгили десе болот (16:8—9).

Ал эми большевиктик партиялык уюмдарды түзүү Кыргызстандын түштүгүнөн башталган. Алгач Сүлүктүдө 20 мүчөсү, 30 жактоочусу бар большевиктик уюм түзүлгөн. Андан кийин Кызыл-Кыяда, 1918-жылы февралда Пишпекте, мартта Ошто, июлда Токмокто, Пржевальскийде большевиктик уюмдар пайда болгон. Жыл аягына карата Пржевальскийдеги большевиктердин саны-560ка, Кызыл-Кыяда-456га, Ошто 100гө, ал эми Кыргызстандын түндүгүндөгү болуштук жана айылдык партуюмдардын саны 130га жеткен. 1920-жылдын аягына карата Кыргызстандын аймагындагы большевиктик партиялык уюмдардагы коммунисттердин саны 7662ни түзгөн (16:14).


Ревкомдук башкаруунун киргизилүүсү


Ошол эле мезгилде контрреволюциялык күчтөргө, басмачыларга каршы күрөшүп, Октябрь төңкөрүшүн коргоо, совет бийлигин чыңдап, чарбалык, маданий агартуу иштерин колго алуу үчүн оперативдүү чукул иштерди жүргүзө турган органды түзүү зарылчылыгы жаралган. Ал максатта жер жерлерде абсолюттук бийлик ээлери болгон ревкомдор түзүлгөн. Алсак, 1919-жылдын мартында- Ош уезддик ревкому, июнда-Фергана облревкому, декабрда-Жети-Суу облревкому, Пишпек, Пржевальский, Токмок уезддик ревкомдору түзүлүп, ал иштер жылдын акырына карата Кыргызстандын аймагындагы баардык уезддерде, болуштуктарда, көпчүлүк кыштактарда жана айылдарда аяктаган. Алсак,1920-жылы Пржевальский уездинде- болуштук 8, айылдык 71, Нарын уездинде-айылдык 17,Ошто-болуштук 15, айылдык 70 ревком болгон. Ошол жылдын аягында ревкомдордун функциялары аткаруу комитеттерине өткөрүлүп бериле баштаган. Ал максатта 1921-жылдын февралында Кыргызстандын аймагында советтерге шайлоолор башталган (16:12).

Түркстан аймагынын советтеринин 1918-жылы 30-апрелдеги сьездинде «Түркстан Советтик Социалисттик республикасы жөнүндө Жобо» кабыл алынып, анын аймагына жалпы Түркстан, Хива менен Бухара кирери, эң жогорку башкаруучу орган- советтердин сьезди, мыйзам чыгаруучу орган катары ал шайлаган- БАК (Борбордук Аткаруу Комитети), ал эми аткаруу бийлиги- Эл Комиссарлар Кеңеши болору аныкталган (7:49). Ал жободо автономия жөнүндө айтылбайт. Мындан совет бийлигинин башында тургандар алгач ТССРди түзүүнү гана көздөшкөнү, бирок кийинки саясый, этникалык процесстерден, өзгөчө географиялык, адам ресурстары жагынан өтө эле чоң болуп кетсе, ал кошумча маселелерди жаратпайбы деген кооптонуудан улам автономия деген түшүнүккө кайрылышканы көрүнүп турат. Ал И. Сталиндин 1919-жылы 12-февралдагы Түркстандагы партиялык уюмдарга жана совдептерге жөнөткөн циркулярдык катында «Освобождение народов Средней Азии и образование Түркстанской автономной советской социалистической республики» (7:129) деп биринчи ирет айтылат.