Анын арымдуу жүрүшү эл жышырак жайгашкан борбордук райондордон гана байкалбастан алыскы түндүктө да, Ыраакы чыгышта да кеңири кулач жайган. Кулназар курбалдаштары менен бир айга жакын убакыттын ичинде араң жеткен ушул эле Комсомольс-на-Амуре шаары 1932-жылы советтик жаштардын демилгеси менен курулуп, мурдагы бирин-серин кепелери бар кыштак таанылгыстай болуп өзгөргөн эле. Анда кара металлургия, кеме куруу, машина куруу жана азык-түлүк өндүрүү боюнча ири ишканаларды түптөө жумуштары башталып жаткан. Мунун бардыгы келечекте куралдуу күчтөрүбүздүү керектүү жарак-жабдыктар менен камсыз кылууга тартылмак.
Ошондон улам аскерге чакырылгандардын жаңы тобу кеме куруу жана авияциялык заводдун анда кызуу жүрүп жаткан иштерине чегерилген. Бирок, бул тоолуктар көнгөн кош айдоо, эгин оруп-жыйноо, мал багуу сыяктуу жумуштардан айырмаланып, атайын адистикти да талап кылган. Андыктан атайын ачылган курстарда бетонщик, арматурщик, жыгач усталык, электриктик кесиптерге даярдоо милдети алдыда турган. Кулназар Ыраакы Чыгыш аскер командованиесинин карамагындагы курулуш корпусунун 2-полкунун 4-ротасына бөлүнөт. Арийне, мында адистикти үйрөтүү менен жоокердин саясий аң-сезимий көтөрүүгө, дене-тарбия жагынан бакыбат болушуна жана Мекенге берилгендик духунда тарбияланышына зор көңүл бөлүнгөн.
Башка жааттардагыдай эле ал кезде аскердик кадрларга да каатчылык болуп, өзгөчө саясий жетекчилер жетишсиздиги кедергисин тийгизбей койбогон. Мунун жүйөлүү себеттери бар эле. Анткени, кечээ эле караңгылык каптаган Россия империясынын калкы жапатырмак кат таанууга өткөнү менен али сабатсыздык толук жоюлуп бүтө элек кез. Анда азыркыдай аскердик адистерди даярдаган окуу жайларынан, академиялардан бири да жок. Кенже офицерлик составды, аскер техникасы боюнча адистерди атайын гана курстарда даярдоого туура келген. Ошондон улам билим деңгээли, саясий даярдыгы жана дүйнөгө көз карашы жагынан өз курбалдаштарынан алда канча өйдө турган Кулназар даярдык иштериндеги өксүктөргө кайдигер карабай кээде маселени кырынан коюп, командирлердин карбаластаткан суроолорду берет. Анда көч баштачу көрөңгөнүн барлыгын байкаган жоокер жолдоштору да, полктун жетекчилери да ызаттоо менен мамиле жасап калышат. Көп өтпөй эле аны ротанын партиялык уюмунун катчысы кылып шайлашат. Белгилей кетчү жагдай-аскердик бөлүктөр эч качан бир улуттун өкүлдөрүнөн гана турган эмес. Аларды чыныгы интернационализм духунда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаргандай тарбиялоо өтө жооптуу иш болгон. Мында курулай үндөө, чакырык менен майнап чыкпасын жакшы түшүнгөн Кулназар ар бир жоокердин жүрөгүнө ачкыч таап, анын адамдык беделин сыйлоо жана ар-намысын ойготуу аркылуу ийгиликке жетүүгө аракеттенген. Бул максатта ал кимдин кайсы улуттун өкүлү экендигине жана ал элдин сыймыктана туу туткан кандай асыл мурастары, дөөлөттөру бар экендигине маани берген. Буга бир эле мисал, ал саясий жетекчи кезинде Кыргызстан Жазуучулар бирлигинин баш катчысы болуп турган эл акыны А. Токомбаевге кат аркылуу кайрылып\орус тилинде\, калемгерлердин жоокерлерди мекенди сүйүүгө, ага канын-жанын аябай кызмат кылууга үндөгөн жана эрдиктерге шыктандырган жаңы чыгармаларды жаратуусун каалоо менен тыгыз байланышта болуу тилегин билдирген. Бул катты алгандыгын жана архивинде сакталуу да экендигин залкар акын көзү тирүү кезинде айткандыгын да эске салмакчыбыз…
Жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын арттыруу жаатындагы алгылыктуу аракеттери текке кетпей ал саясий жетекчи болгон рота полк боюнча бардык көрсөткүчтөрү жагынан озуп чыгат. Кулназардын уюштуруучулук жөндөмүнө, өз милдетин өтө жоопкерчилик менен аткаргандыгына жогору баа берүү менен командачылык аны полктун саясий жетекчисинин жардамчылыгына дайындайт. Жаш коммунист мындай ишенимге жекече аракеттеринин аркасында жетишкендиги кадиксиз. Ошону менен ал өз беделин көтөрбөстөн жердештерине карата башкалардын мамиле, көз карашын өзгөртүүгө да жетишкен. Аны менен ала-тоолук каруулаштары сыймыктанышкан. Алардын ичинен татыктууларын дайыма партиянын катарына өткөрүүгө кам көрүп, өзү шефкке алган.