Акыйкатында да аларды ар кандай тагдыр күтүп турбады беле. Башкасын айтпаганда да бул сапар Кулназар үчүн алты жылдан ашык мөөнөткө созуларын ал билген да эмес, уктаса түшүнө да кирбеген. Балким Совет-Фин согушу саал мурдарак башталганда ал батыш жакка кетет беле – азыр алар түшкөн товарняк Чыгышты көздөй бет алып баратты. Баягы карта аркылуу гана аттарын билчу Новосибирск, Барнаул, Иркутск деген шаарларды, Байкал көлүн, Сибирь тайгасын эми өз көзү менен көрүп, карагайлары көк тиреген калың токойлорго ажайыптана карады. Ырасында эле бекеринен: «Широка страна моя родная» деп ырдалып жүрбөгөн экен. Мына, кез-кезде гана жүргүнчү поездерге жол берип, кошумча аялдамаларга чыга калганы болбосо, аскерге чакырылгандарды тартып бараткан товарняк үч аптадан бери эле «жан үрөп» жаткансыйт. Антсе да узун жолдун учуна качан чыгаары белгисиздей. Бирок, Ата-Мекендин ыйык жүгүн аркалаган жаштардын ындыны өчпөй кандай кыйынчылык болсо да көтөрүүгө кайыл сыяктанат. Анустүндө алардын духун чөктүрбөө үчүн ошо ташпиштүү жолдо тарбиялык иштерди жүргүзчү активисттер да дайындалган эле. Алардын бири Кулназар болчу. Ал ошол опуртал кезеңдеги дүйнөлүк ал-абалды түшүндүрүп, элибиздин, айрыкча өлкөнү коргоо вазиапасы жүктөлгөн жалын жүрөк жаштардын алдында кандай милдеттер тургандыгын жеткиликтүү баяндачу. Анын «лекцияларынан» соң ар-кандай суроолор жаап, аларга ынандырарлык жооп тапканга Кулназар аракеттенчү.
Ал эми 22 күндөн кийин эшалон Ыраака Чыгыштагы Комсомольск шаарына келип жетет. Ошол тушта мамлекетибиз өзүнүн батыштагы гана чектерин бекемдебестен, чыгыш жагын да чыңдоо боюнча ири чараларды көрүп жаткан экен. Анткени, фашисттик Германиянын Италия, Япония сыяктуу өз өнөктөштөрү менен дүйнө картасын жаңыча түзүү боюнча арам ойлорун ишке ашыруу максатында тымызын макулдашууларды жүргүзүп жаткандыгы тууралу чалгындык маалыматтар Рихард Зорге сыяктуу чалгынчылардан белгилүү болгон. Мындай карасанатайлык басып алуулардын башкы багыты акыры Советтер Союзуна бурулары күмөн санатпаган. Анткени, бул улуу державанын социалисттик системадагы бирден-бир өлкө болуп, жер шарындагы адамзат үчүн ал эңсеген азаттык менен эркиндиктин символу катары саналышы капиталисттик дүйнөдөгү төбөлдөрдү, баарыдан мурда шовинисттик дөөгүрсүүсу ашынып, арий кандуулардын артыкчылыгын жардаган Гитлердин канын кайнаткан. Өзүнүн куралдуу күчтөрүн СССРдин чек арасына такай жайгаштыруу максатында реваншизм менен агрессиянин уусу делбеленткен фашисттер 1939-ж. I-сентябринде Польшага кол салып, аны бат эле басып алган.
Мындан соң Бельгия, Дания, Норвегия, Нидерланд, Люксембург сыяктуу мамлекеттер гитлерчилердин ойрон салуусуна кабылып, таманы астында калып жатты. Мунун баары Экинчи дүйнөлүк согуштун башталышынан аян бербей койгон эмес. Ошол эле учурда япондук милитаристтер Азиянын чыгышындагы өлкөлөргө коркунуч туудуруп, куралдуу күчтөрүн чек араларга жакын жайгаштырып жаткан. Мындай кырдаалда беймаралчылык өкүм сүрүп, өлкө тагдырына кайдигер кароо алдын-ала эле багынып берүүгө барабар болмок. Ушундан улам кең мекендин бардык аймагында күжүрмөн күрөш күч алып, эмгек майданында күндөп-түндөп кажарлуу аракеттер жүргүзүлүп жаткан. Өзгөчө согуштук техниканы өркүндөтүү, аскердик кадрларды учурдун талабына жараша даярдоо, чек араларды бекемдөө жана жаңы өндүрүш жайларын ишке киргизүү зор мааниге ээ болчу.
Албетте, бул иштер жаңыдан гана башталып олтурган эмес эле. Октябрь революциясын жасаган улуу эл пролетариат диктатурасын орнотуу үчүн кандай гана кыйынчылыктарды баштан кечирбеди. Өлкөнү азырак аягына тургузуп алыш үчүн биз күнкор кейпин кийген Брест келишимин түзүүгө аргасыз болгонбуз. Аяк-башты жыя электе Антанта ар-тараптан ач бөрүдөй катылып кирип, бейпил элге бүлүк салып жатты. Ал аз келгенсип, Колчак, Юденич, Врангелдин бандалары өлкө ичинде кызыл кыргын салып, ачарчылык алсыраткан элди алааматка кабылтты. Ушундай мүшкүл да каарман элди мүңкүрөтпөй жеңишти сактап калуу үчүн ар-кандай курмандыкка баруудан баш тарттырбаган. Эрдик, эрк менен ажаандыгы ашынган жексурлар жексенделип, жаңы турмуштун жерпайы бекемделе берген.