Ушул тушта Кулназар да айыгышкан салгылаштар жүрүп жаткан Батыш фронтуна жиберүү өтүнчү жазылган рапортун аскер башчыларына берген эле. Бирок ага япондук милитаристтер колтубугуздан коркунуч туудуруп, бүгүн-эртең эле кол салганы турганын эске алуу менен чек араны огобетер чыңдап, күжүрмөн даярдыкты күчөтүү башкы милдет болуп тургандыгына байланыштуу сиз өз постуңузда керексиз деген жоопту алган. Аскер тартиби ошондой- буйрукка каяша келтирүүгө болбойт…

Кулназар аганын өмүрүндө эки арманы болгон. Анын бири-ошо эл башына оор мүшкүл түшкөн кезенде да үй-бүлөнүн аскерге жарактуу мүчөлөрү мобилизацияланып жатканда кары-картаңдардын кашында караан болушу үчүн бирин калтыруу каралган. Мунун астарында кыязы тукум бүтүндөй курут болуп кетпесин деген саясат да жаткан окшойт. Ошонтсе да мындай законго таянып, Кулназар аскер комиссариатына кайрылган эмес. Анда балким алаамат алоосунда дарек-дайыны билинбей кеткен агасы Мураталы энесине каралашып, аман калат беле…

Экинчи арманы, согуштан эки бутун жоготуп келген агасы Маматалыдан да айрылып, бир туугундан бирөө жок жалгыз калгандагысы. Элде: «Бир кем дүйнө» деп айтылыт. Пенде дегениң акыл-эси болсо, байлыкка да, бийликке да тунган кезинде, же башына иш түшүп, кыйын-кысталыш күндө жакын адамынын жанында болушун тилейт эмеспи. Кулназардын зоболосу өсүп, даңкы элине угулуп, дүйнөсү түгөл сыяктанган кезинде ага эки бир туугуны гана жетишпей турган. Арийне, бул көрүнгөнгө айтыла бербеген сыр эле…

Баса, Маматалы агасынын башынан кечиргендерин баяндап олтурсак, андан А. Мересьев сыяктуу эле бир каармандын чыгары күмөн санатпайт. Ал аскерге чакырылары менен эле айыгышкан салгалашуулар жүрүп жаткан фронттун алдыңкы чегине жөнөтүлгөн. Ар-намысы үчүн Ала-Тоолук жигит касташкан жоодон тайманбай чабуул, кармаштарда чыныгы эрдиктин үлгүсүн көрсөтүүгө аракеттенген. Анүстүнө бир тууган иниси Советтик Армиянын офицери болгондуктан анын атына акарат сөз тийгизбөөгө, Ташиевдердин туусун бийик кармоого милдеттүүмүн деп эсептеген. Ошондой кайрымсыз кагылыштардын биринде ага капыстан ок жаңылып, жарадар болот. Госпиталда бир жарым ай дарыланган соң аны ден соолугун калыбына келтиргени айылына жиберишет. Бирок, ал сакайгандан кийин кайрадан медкомиссиянын текшерүүсүнөн өтүүгө тийиш болгон.

Туулуп- өскөн айылынын абасы, аздектеген апасынын колунан жасалган аруу даам дабага айланып, Маматалынын жараты бат эле айыгат. Кубанычы койнуна батпаган эне эртеңкини да ойлонуп, ушул учурда уулун үйлөп коюну чечет. Кайнакай Гулкан апа кандай болот, кандай жок – эгерде медер туткан туну кайрадан кан майданга аттанса, артында туяк калса деген аруу ниет, үзүлбөгөн үмүттө болгон чыгар, Анда айылдагы кыздар да кылкылдап жетилип калган эмес беле. Эр азамат дегенден чоң калаалар эмес, элет жери да кол жууп калган кез. Бийкечтерди чекесинен чертип ал.

Энесинин жактырган кызы уулунун да көңулүнө толуп, жакшы ниет-жарым ырыс деп айтылгандай кечиктирилбей эле келин үйгө түшөт. Ушундай кубанычтуу күндү көрсөм деп көксөгөн эненин тилеги кабыл болуп, колдон келген той-топурун өткөрөт. Эки жаш баш кошкондон үч күн аттабай Маматалынын артынан медкомиссияга чакыруу кагазы келет. Эми аны менен коштошуу күйүтүн эңе менен жаңы гана бүлө катарына кирген жаш колуктусу да тартып калат. Жоокердин өмүрүндөгү эң маанилүү окуя жөнүндө аскеркомдогулар билбеди, же ал өзү ооз ачкан эмеспи-айтор, айт-буйтка келтирбей эле фронтко жөнөтүлөт…


Ташиев фронттогу достору менен.


Кайран жигит кандай каргашага кабыларын анда кайдан билсин. Кайрадан туулган жери менен коштошуп, өрт-жалын алоолонуп, жер күйүп жаткан кан майданга аттанат. Бул учурда душмандын мизи кайтарылып, күч биздикилер тарапка оой баштаган. Анткен менен жаралуу жырткычтай жаалданган фашисттер СССРди багынтуудан үмүттөрүн үзүшкөн эмес. Ал эми алгачкы жеңиштерге шыктанган биздин эр жүрөк жоокерлер кашык каны калгыча салгылашып, Ата мекенге азаттык алып келүү үчүн жандарын аяшпаган. Мына ошол кызыл кыргын аралаган кыраандардын ичинде Маматалы да катардан калбай жүргөн. Андагы алааматта аталардын, агалардын тарткан азап-тозоктордун сөз менен айтып берүүгө эч кимдин кудурети жетпейт…