Айныксыз, анын бул ийгилиги тууган-туушкандарды гана эмес, бир кездеги кесиптештерин, өзгөчө райондук жетекчилерин өтө кубандырат. Анткени, ошо кезде мындай кадрлар көзгө сүртөргө жок болуп турган эле да. Бирок, аны башка майдан күтүп турган. Анткени, жашы боюнча аскер курагына жетип, баралына келген жигитти аялдатпай эле армияга алышат. Бул 1939-жылдын ноябрь айы. Ошондо СССР менен Финляндиянын ортосунда согуш жүрүп, ал алдыда болчу чоң алааматтан аян бергенсиген. Граждандык согушта, басмачы бандалары менен айыгышкан салгылашууларда жеңишге жетип, бейпил турмушка өткөн жана өлкөнүн баралынча өсүп-өнүгүүсүнөн баар таба баштаган элде патриоттук сезим күчтүү эле. Бул жаатта тарбиялык иштер да кызуу жүрүп, ар-бир атуул Ата-Мекенге берилгендик духунда от кечкен өткүр болоттой чыныктырылып жаткан эле.

Апасы Гүлкан, агалары Маматалы, Мураталы жана айылдаш ага-туугандары менен коштошууга барган Кулназар аялдабай эле кайра тартууга аргасыз эле. Ал үч күн ичинде кайрадан чакыруу пунктунда болууга тийиш эле. Мына анын артында балалыктын алтын бешиги болгон ата конушу, береке-байлыгы төгүлгөн кең өрөөн, дүгдүрүм бак-шактуу Куршаб жана күзүндө суусу тартылып, эми ийге келгенсиген дарыя жана нечен кылым кербендер аркы-терки каттаган кан жол. Мунун баарын көздөн кечирген жигит, албетте, аеолуу дүйнөсүн калтырып баратканга ичи ачышып, жүрөгү зырпылдаганы менен өзүнө тагылган жооптуу парзды өтөгөнү бараткандыгы үчүн кубанычта да эле.

Анда Кулназар аскер кызматын кайдан өтөй тургандыгы белгисиз эле. Жаштыктын жалын-деми өрөпкүткөн, жан дилин өз курагына мүнөздүү романтика бийлеген жигит кайсы майдан болбосун кыйшаюсуз ат салууга белен эле. Анын үстүнө катарына өтүү оңойго турбаган партияга да кандидаттыкка кабыл алынгандыктан башкаларга караганда ал өзүн эки эсе жооптуу да сезген. Бул ишенимди актоо үчүн ал эми алдыдагы зор сыноолордон өтүшү керек эле. Бул баягы көнүп калган студенттик турмуштан таптакыр айырмаланган аскердик кызматка байланыштуу шарттарда болмок. Ал кай жерде өтөт, кандай кыйынчылыктарды тартуулайт – табышмак эле…

Мына, ал белгиленген саатында кандай команда болсо, аткарууга шайма-шай болуп, аскер комиссариатынын алдындагы пунктка келди. Мында өзүнүн курагындагы жалоондой жаштар чогулуп жатышкан экен. Алар эртеңкисинен бейкапар шатыра-шатман түшүп, көңулдөрү куунак. Алардын бул маанайын огобетер козутуп, шаңдуу музыка аба жарып жаңырат. Баарынан да ошол кезде патриоттук сезимди оболоткон «Эртең согуш болсо» сыяктуу ырлардын таалим-тарбиялык ролу чоң эле. Кыргыз жаштары да «Кызыл атчандар», «Бер команда, маршалдар» сыяктуу ырларды параддарда, жүрүштөрдө жер дүңгүрөтө аткарыша турган. Өлкөнүн экономикалык күч-кубатын чыңдоо, техникалык жактан өнүктүрүү менен карасанатай душман капыс кол салса, ата-мекенди кан-жанын аябай коргоочу атуулдарды психологиялык жактан даярдоого да зор маани берилген экен. Мындай идеологиянин акыбети кандайча кайткандыгын кийин тарых өзү тастыктабадыбы!

Болочок жоокерлерди бир-бири менен таанышып, бака-шака түшүп жатканда аскерге чакырылгандарды каттоодон өткөргөнү команда берилди. Жигиттердин биринин да бул тандоодон калгысы келбей фамилиясынын аталышын чыдамсыздык менен күтөт. Жүрөгү алеп-жалеп болуп турганда: «Ташиев Кулназар!» деген өктөм үн угулду. Аскердик тартиптен да сабак алган Кулназар: «Мен» деп, турган жеринен бир кадам алга басты. Комиссар ага бир тигиле карады да «Жарайсың» дегендей башын ийкеп, кийинки жолдоштун ысымын атады…

Каттоо аяктагандан кийин чакырылгандар катарга тизилип, комиссардын баштоосу менен шаардын четиндеги темир жол станциясын көздөй бет алышты. Котолоп турган узатуучулар кол булгашып, айрымдары көз жашын чуурутуп, уулдарга ак-жол, амандык тилөө менен батасын берип кала берди. Бул 1939-жылдын күрдөөлдүү күзү аяктап калган ноябрь айы эле. Күндүн табы кайтып, жалбырактар күбүлүп түшүп, эртели-кеч чыкыроон болуп калган. Атүгүл кара жамгыр кээде карга айланып, тээ алыстагы аска-тоолор ак олпок жамынышкан. Тууган жердин ушул керемет кезин көздөн кечирип келаткан азаматтар: «Кош, Ала-Тоо уулуң кетти майданга!» дегендей уйгу-туйгу ойлор менен алек эле.