Алтын сандыктагы ырлар КАДЫР АБАКИРОВ
Чөптөрдөгү шүүдүрүм
Мергенчимин бул өмурдө ыр издеп,
Мейкин жерди келатамын изилдеп.
Борчуктарды улам өтөм айлана
Барчу жерим улам-улам бийиктеп.
Адырдагы кайберенди акмалайм,
Азаптана ырларымы таба албайм.
«Жан дүйнөм кайдадыр качты»– деп?
Жайык төрдү каранамын кайгырам
Аңгычакты ыйык жерди карадым,
Асыл ырдын көрө койдум караанын.
Ар бир тамчы чөптөрдөгү шүүдүрүм,
Аны жыйып бул китепти түзгөмүн
Төртөө
(Алтын, темир, ыр жана жүрөк)
Акындын асыл ырлары,
Көп жылы катар чыкпады.
Бар эле алтын сандыгы
Ага катып сактады.
Сактаса темир сандыкка
Суу тийгенде дат басмак.
Карарган өң каптамак
Канткенде кылым чыдамак.
Алтын сандык акындын жүрөгү
Жүрөктү берсе сонун ырлар жаралмак.
Чыныгы ырлар темирде эмес,
Асыл жүрөк асылдыкты сактамак.
МЕКЕН ЖӨНҮНДӨ ЫРЛАР
Жалгыз адам жашай берсин капасыз
Ата- Журтум муң-кайгыга батпасын.
Кайрат айтып биз жазып алабыз,
Бир кишинин башындагы капасын.
Ар дайыма сүйүү менен барктайбыз
Ыйык конуш аны бекем сактайбыз.
Ата- Мекен коркунучта калбасын
Ал көрүнүш баарыбыздын кайгыбыз.
Ким жымырса ата-журттун байлыгын,
Ага дагы чыны менен оор болот.
Дүйнө мүлкүн эми кайда жашырат,
Түнү боюу уйку көрбөй толгонот.
Уурдаса ата-журттун байлыгын
Жан дүйнөсү кооптоно тынч турбайт.
Түзүк жашоо нак өмүрдү биле албай,
Түрмө эшиги, шектүү дабыш угулат.
МЕКЕН ЭНЕ
Кең мекенге эмгек кылган жигиттер,
Ата Журттун мээримине бөлөнсүн.
Эмгек деген алдыдагы чоң мейкин
Эл ичинен кайра жаңы төрөлсүн.
Мээрим деген айтып бүткүс ишеним,
Андан ашкан андан улуу нерсе жок.
Медал, орден, наамдардан жогору,
Мекен Эне бийиктикте күнгө окшоп.
АЛКЫШ
Ата-Журтту биз ыйык күтүнүп,
Чымчым жерин бөтөн элге бербейли.
Ырга салып, туулган жердин күүгүмүн,
Ырыс бешик аны даңктап келели.
Күү жаратып, дастандарды жазалы,
Күүлү ыргак обондордо кайкысын.
Кең мекенди барктап күтүп алалы,
Келүүчү муун, бизге айтсын алкышын.
БАШТАЛАТ
Ар бир чөп, ар бир дарак шуудурайт,
Ата журттун ыйык ыры угулат.
Бизге келген назик деми мекендин,
Бийик добуш ошол жактан туюлат.
Чөп, суу, бийик-бийик тоо жатат,
Даңктуу элдин ырын ырдап жатышат.
Мээрим чачкан түбөлүктүү кайрыктар,
Мекен Эне ошол жактан башталат.
АТА ЖУРТТУН ҮНҮ
Жүргүнчүбүз жол уланткан сапарды,
Көрүнүп туулган жердин аймагы.
Ат кишенеп, а койлор маараса,
Ата журттун үнү угула баштады.
Арыдан кобур-собур үн чыгып,
Туулган жердин ырларындай угулду.
Ыйык жердин түгөнбөс оту жаркып,
Ырыстуу ыргак маа бакыттай туюулду.
УЛУУ ЫРЛАР
Көзүбүздүн карегиндей бек сактап,
Күтүнөлү Ата-Журттун байлыгын.
Жаңы муун келе жатат такымдап,
Жаштарга өткөрүү керек бардыгын.
Коркоолордон бийиктикте күн өлүп,
Эл байлыгын устукандап бөлбөсүн.
Балдарыбыз жакыр калып түбөлүк,
Наалат айтып көз жаштарын төкпөсүн.
Ар бирибиз өлкөбүздү бай кылсак,
Жер-жердеги дүйнөбүздү чогултсак.
Баарысын чачкын кылбай жыйнасак,
Кийинки муун, келечекке арнасак.
Булбулдар учуп турсун асмандап,
Кой үстүнө торгой келип уялап.
Уулдарыбыз бизге рахмат айтышса,
Улуу ырлар ак жашоодон жаркымак.
ДАЙЫМ ЖАШ
Ата-журтка арналган сүйүүбүз,
Эч убакта сырт тараптан башталбайт.
Үмүтүбүз чет жактан башталса,
Үшүк уруп, бороондорго кабылат.
Ак сүйүүбүз өрт алып тутанат,
Ичибизде соккон жүрөк жаратат.
Ошол үчүн эч убакта картайбас,
Ошондуктан Ата- Мекен дайым жаш.
КАТТАЛАТ
Ата Журт ыйык болот баарынан,
Дарак, суу баардыгы тең жай алган.
Жол боюнда кап-кара таш жатат,
Ошол дагы Ата Журт деп аталат.
Ташка дагы зор ырыхмат айтылат,
Ата журтту түзүп турат кара таш.
Ошол таштан мекен ыры башталып,
Ыйык ырлар өлбөс болуп жаркымак.
Ушул ыйык кара ташты баалабай,
Коркоолор алтындарга жутунат.
Алтын, күмүш келечекте улуу мүлк,
Жулуп алып уурданганга умтулат.
Албагыла ата журттун байлыгын!
Бүткүл элдик каргыш-илкиш айтылат.
Ач көздүктөн дүйнө тайып баратат,
Уят иштер тарыхтарга катталат.
Жол боюнда жата берсин кара таш,
Ата Журттун ырын ырдап жатпайбы.
Аны карап баардык адам өтүшөт,
Ал кара таш кең мекендин байлыгы.
ТЕМИР – КАНАТ ТУУЛГАН ЖЕРИМ
Темир Канат, Темир Канат, канатым,
Жүрөгүмдө сага арналып ыр жатсын.
Кыштактар бар көптөгөн,
Аларды да көп көрөм.
Эмне үчүн мен өзүңө тартылам!
Оюман сен жөнүндө кыяк тартам.
Эмне үчүн сен жөнүндө ыр жазам?
Жаңылыкты жан дүнөмдө жаратам.
Жолугууга сага учуп баратам.
Темир Канат, Темир Канат канатым,
Жүрөгүмө тийип турат канатың.
Ал канат, мени асманга учурат,
Ыр болуп, Жан дүйнөм көккө учат.
Көккө учурган мээримиңе ырахмат.
Сөөгүм сенин турпагыңа жашынат.
Киндик каным тамган эле өзүңдө,
Сени менен кеңейүүдө бул дүйнө
Жүрөгүмө ыр болуп келесиң,
Балалыктан өчпөс элес бересиң,
Темир-Канат, Темир-Канат, канатым,
Жүрөгүмө тийип турат канатың.
ОЙГОНУУ
Көл жээгинде сапар барып түнөдүм,
Эң бир сонун өтүп жатты түндөрүм.
Айдын нуру көл үстүнө сайылат,
Жээк тарабым өзүнчө эле салтанат.
Уйкум келип, мемиреп уктапмын
Таза желдин салкынына жыргапмын.
Эртеси толкун болуп жатыптыр.
Бакалардын үнү чыгып калыптыр.
Толкун үнү. Ойго батып толгондум.
Ата Журттун доошун угуп ойгондум.
БЕЛЕК
Менин сөөгүм туулган жерге коюлат,
Ошондуктан туулган жерге Чоң урмат.
Аталардын сөөгү жаткан аймакка,
Бери аттап башканын буту баспасын.
Арабыздан арам ойлуу ким бирөө,
Туулган жерди бөтөн элге сатпасын.
«Туулган жерди ыйык көрүп сакта»– деп,
Тукумума улуу мурас калтырам.
«Мекениңди кан-жаныңдай карма»– деп,
Бабаларым мага белек калтырган.
Кагылайын Ата Журтум жөнүндө,
Капаланып абдан эле көп ойлондум.
Үзөнгү -Кууш, Каркыраны алдырганда
Жүрөгүмү алдыргандай болгомун.
Эмне үчүн бизде кээ бир пенделер,
Ата конуш аны такыр ойлонбойт.
Ал адамдар ата журтка караганда,
Өз жашоосу аябй көпкө ойлонот.
Кагылайын ыйык ата конушум,
Капаланып көз жашыңы төкпөгүн.
Сен ыйлап капаланып каалганча,
Мен ыйлап, көз жашымы төгөйүн.
ЧАКЫРЫК
Өлкөнү талап тоноо башталды,
«Коргогула» чакырыктар ташталды.
«Айтчы» кимдер талап-тоноп жатышат,
Аны издеп акырындап табалы.
Бекемдеп элибиздин байлыгын,
Көзүбүздүн карегиндей туталы.
Аябай коргоп улуулардын намысын,
Ата Журттун чакырыгын угалы.
2005-жыл
АМАН ЖҮРЧҮ
Ашуунун туу кырына баргамын,
Ачылып туулган жердин аймагы.
Ата-конуш жазында жап-жашыл,
Агып жатат алкынып сайлары.
Туулган жерди ушунчалык сагындым,
Көз алдымда көркөмдүктүн майрамы.
Аман жүрчү айдыңданган аймагым!
Айланайын Ата-Журттун аймагы.
ЭРТЕҢ МЕНЕН
Жан энекем уй саап жатат эшикте,
Таңкы сууктун илеби улам сезилет.
Төр тараптан салкын аба дем бере,
Төмөнкү айыл, коюн айдап өтө элек.
Көк түтүндөн кең талаага жыт тарап,
Жаш көчөттү турган кези жел термеп,
Окуранат аркандалган жалгыз ат,
Ортоңку айыл, коюн айдап өтө элек.
Уйчумандар уйун айдай чогултуп,
Мурап болсо, сууга кетип бул кезек.
Жон-жондордон таза салкын жел жортуп,
Жогорку айыл, коюн айдап өтө элек.
Биринчи айыл бапыраган өзүммун
Экинчи айылым кыштактагы кандаш элим
Үмүт чачып айга карай умтулган
Үчүнчү айыл жүрөктөгү туулган жерим
Гулгө толуп кен мекендин аймагы
Ошолоро ырымы арнап жазайын
Асман- айга кеңейтип аймагын
Аман болгун кагылайын үч айлым.
БАРАТАМ
Шамал, желди шарактатып айдаган,
Сан жылкыны адырларга байлаган.
Жигиттери кымыз ичип шаңданган,
Кыраан бүркүт кыраңдарда айланган.
Булуттарды канжыгага байланган,
Буурул түндө карылары кеп салган.
Марыбай келе жаткан түбөлүк,
Манас ыры боз үйлөрдө айтылган.
Жалгыз атчан жолочулап жол өткөн,
Жаңырган айы булуттарга сүңгүгөн.
Кайың-талы күндүн нурун сүртүнгөн,
Кабыланы караңгыда жол жүргөн.
Өзөн бойлоп келе жатам сапарлап,
Өзүмө жолдош болот аткан таң.
Кызыл атты кырдан ылдый желдире,
Кыргызым өнгөн жерге баратам.
Тамылжыйт улуу тоолор алыстан,
Таң эртеде сапар тартып аттангам.
Байтак жолдо күлүгүмдү желдирип,
Бабаларым өнгөн жерге баратам.
Арыдан укмуш-укмуш гүл жайнап,
Адырларым мен кургурду каранткан.
Туу кылып денемдеги жүрөгүмү,
Туулган жердин аймагына бараткам.
ОЙГО ТҮШӨТ
Туулган жерде бир аскача бар эле,
Ар жылына боорун жарып гүл өнөт.
Бай асканы бөтөн жерден эстегенде,
Баягы бир тутам гүл ойго түшөт.
Берекелүү аска эсимен кетмек беле
Бетиндеги гүл кооздукту ачпайбы.
Ата конуш сүйүү чалган ырларынын,
Ардакталып ыргагы чыгып жатпайбы
УЛУУ АТАК
Чындыгында мекен деген улуу сөз
Маанисинде жашап жатат өлбөстүк.
Өскөн жерди ыйык сактап күтөлүк,
Өлгүчөктү жоодон коргоп өтөлүк.
Ар бир дарак жана дагы ташы алтын
Даңктайлы бийик-бийик аскасын.
Аскадагы жылма таштын бетине,
Жаздыралы бабалардын аттарын.
Ошол ырды балдарыбыз жаттасын,
Үн чыгарып обон кылып ырдасын.
Мекен деген улуу даңкка берилип,
Керек болсо өз өмүрүн арнасын.
ЖУРТ ДАЯР
Акбозун минип алып сабалап
Аркырак арыбас талант бизде бар.
Асыл таштай ар дайыма аярлап,
Ал талантты ардактаган эл да бар.
Таргыл атын минип алып чапкылап,
Таланттуу татынакай уул бизде бар.
Өксүк кылбай улуулукту бек сактап,
Өнөрлүүнү өрчүтүүгө журт даяр.
КЫЛЫЧ
Бирөө мага бере койду болотту
Мен андан кылыч жасап таштадым.
Алыс жолго, эл четине кетеерде
Аны алып, өз балама арнадым.
Кылычты алып, Акбозчон баратып
Балам кетти өз мекенин коргоого.
Алыс жакка улуу ысымын жайылтып,
Ата-журтту биз алабыз колдоого.
КЫШКЫ ТАЛААМ
Кышкы талаам ак кепинге оронгон,
«Сен аны өлдү экен» деп ойлобо.
Адам деген ар кыялга алдырат,
Арам нерсе келе берет ойлорго.
Кышкы талаам уктап жаткан убагы,
Эс алып тынч уйкусун кандырсын.
Кылым боюу бизди багып келатат,
Кыш келиптир эми ал да эс алсын.
Жаз келгенде асыл талаам ойгонот,
Үрөн алып ыйык жерге себебиз.
Укум жерлер ата баба байлыгы,
Урмат менен ырга салып келебиз.
АР КЫЛ ЫРЛАР
-–
КЫЙГАЧ КЕТКЕН
Кыя жолдо бараттың,
Кыялданта карантып.
Кыялдана артта калдым,
Кыяк менен ыр жаратып.
,
Ой, санаага ашпайт экен,
Ойлогондун баардыгы.