Көп жоктоймун ошол күндүн сересин,
Сапар кетип акырындап жок болгон,
Кайра эстесем ал учурдун элесин,
Кайткыс күндөр Кан Жайлоомо окшогон.
БАКЫТ БАРБЫ
Турар Кожомбердиевге
Өзү өлдү бирок дагы сөзү калды,
Өчкөн жок алоолонгон сөздүн табы.
Жылуулук келип турду коломтодон,
Жылытып анда отурган адамдарды.
Ачуу- таттуу турмуш жолун аралап.
Ак кагазда жазып кеткен ыры калды.
Араласа далай-далай кылымдарды,
Акын үчүн андан ашкан бакыт барбы.
ЖОЛОЧУ
Эшикте кыш, ызгаар суугун таратып,
Үй ичинде меш дуулдап үн берет.
Те бийикте созолоно баратып,
Тереземен ай караанын белгилейт.
Анда-санда дарак кыймыл жаратып,
Мындай түндө караан деле көрүнбөйт.
Шамал гана өз үйүнөн адашып,
Шашып жүргөн бир жолочу өңдөнөт.
ТӨРТӨӨ ЖӨНҮНДӨ СӨЗ
Достук, эрдик, акын менен жомокчу,
Сапар тартып баары бирге баратты.
Сыдырым жел. Түздөр тоого алмашып,
Сыноо күткөн дагы далай жол жатты.
Достук ошол татаал жолдо баратып,
Ал үчөөнү бириктирип таштады.
Жолдош болду күч-кубатын арттырып,
Жомокчунун жол арыткан дастаны.
Эрдик болсо астыдагы душмандан,
Эчен жолу карегиндей сактады.
Акын эргип толкундана тынч албай,
Досторуна жакшынакай ыр жазды.
Эриш-аркак жашоо керек дүйнөдө,
Түркүк болуп бир-бирине адамдар.
Ал төртөөнүн ынтымагын салт кылсын,
Алыс жолго сапар тартып жаткандар.
КАРГА ЖАНА ЭРКИНДИК
Карга болуп учуп кетпейм асманга,
Карга болуп кайып жүрсөм асманда.
Ак кагазга эркиндикти ким чиет,
Ырларыма жетимдик жетип келет.
Бирок карга эркиндикте жашап жүрөт,
Боштондук чагын обонуна түшүрөт.
Адамдар чек коюп бири-бирине,
Кол салышат энчиленген эркине.
Каргалар адамча ой жүгүртө албайт,
Асыл ырды бир да карга жаза албайт.
А каргалар жашап жүрөт эркиндикте,
Кор болгондор жетеби ошол эркиндикке.
АЯЛГА
Аял, аял ачылышты чакырып,
Ал өзүнчө бул дүнөдө керемет.
Жандай качып жамандыктын өзүнөн,
Жашоодогу жакшылыкка кезигет.
Учурдагы чоң сүйүүгө жол ачып,
Улуулукка канат сермей баратат.
Көркөм дүйнө табиятты байытып,
Көөнөрбөгөн мейкиндерге алпарат.
ЖҮРӨК, БУЛБУЛ, АКЫН ЖАНА СҮЙҮҮ
Ашыктарды ашык кылган жүрөк болот,
Жүрөк-дарак, булбул кушу келип конот.
Куштун үнүн сүйүшкөндөр түшүнөт,
Купуя сырды акын ырга түшүрөт.
КЕЗДЕШЕМ
Талант деген бул эмне чынарбы?
Ал чынарга конуп турган шумкарбы?
Шумкар деген оңой менен карматпайт,
Колду сунсак учуп кетип каларбы.
Эч кимге билинген жок дарегим,
Жер кезип шумкарды издеп келемин.
Талант-шумкар кайда сенин элесиң?
Такыр мага бир кармата элексиң.
Ошол шумкар туулган жерде болбогун,
Аны издеп тыным албай жер кезем.
Ат арытып таап чыксам жол оңун,
Ал шумкарга туулган жерден кездешем
ЭНЕ СҮТҮ
Биз тааныган бир бала
Адашып кетти туманда.
Кар кычырап айлуу түндө
Жүрүү кыйын ызгаарда
Суук күчөп аязда,
Баланы издей башташты.
Жоголгон улан каякта?
Жокту издеп табышты.
Доктур берди дарыны,
Ал бербеди жардамды.
Чогулган жандын баары,
Таппай турду амалды.
Энеси көрүп баланы,
Жашын төгүп кайгырды.
Жаш баланын оозун ачып,
Аппак сүтүн тамызды.
Тоңгон бала тирилди:
«Амансыңбы эне!» -деди.
Жаадырап күлүп жайнайт,
Жаз элеси чачырайт.
«Адаштым сенден энеке.
Келдиңби менин энекем»
Жыргап күлүп шаттанат.
Жанында турат кең мекен.
Аяз, азап, баарын жеңген,
Эне сүтү ыйык экен.
Тоңуп калган балага,
Жан киргизип тирилткен.
Жаз айы анан жылмайды,
Жараткан берип жардамды.
Эне сүтү жаш баланы жаркытты,
Эне мекен ызгаарды кууп чыкты.
Арыда бийик тоонун башынан,
Аңгыча күн жаадырай башбакты.
КҮНӨӨСҮЗ КЕСИЛГЕН АДАМ
ЖАНА ААРЫ
«Түрмөгө кирбе ай, аары,
Сенин такыр күнөөң жок.
Кайта албай артыңа,
Арманга батпа мага окшоп.
Темирден эшик жасалат,
Бир жабылса ачылбайт.
Ушунда жатып өлөсүң,
Убал соопко карабайт.
Сен сыяктуу мен дагы,
Жөн жерден эле кабылгам.
Кимге айтамын арманды,
Эркиндикке чыга албайм.
Бул жерди досум түрмө дейт,