Кыялданып карай бергем,
Кыйгач кеткен бактымы…
ЖАЗЫНДА
(дүйнө ачып)
Заргындар турат гүл ачып,
Аарылар конуп кайталай.
Шамал өттү даң салып,
Шарданы такыр тарабай.
Талааны карайм таңданып,
Капа да жок менде эч.
Дүйүм куштар үн салып,
Дүйнө ачып турган кез.
ЖОМОКТОГУ ТҮН
Мерген менен аңчылыкка баргамын
Анда менин эс тарта элек бала чагым.
Издеп келдик эликти тоо-токойдон,
Эч нерсе жок, жолубуз да болбогон.
Аңчы менен бир үңкүргө түнөдүм,
Тамактанып көрдүм тоонун түңдөрүн.
Жомокто жез кемпирлер жөнүндө,
Укмуш кепти укпагамын өмүрдө.
Баатырлар кылыч менен чабышат,
Туулган жерин алар коргоп жатышат.
Жоо жеңилип артка карай баратты,
Баатырлар улуу эрдикти жаратты.
Жылдыздар асмандан көз ымдап,
Жымыңдап шоолалары жаркылдап.
Токой шуулдап, жез кемпирлер келеби,
Токтоно албайм, уктай албайм мен эми.
Yйгө келдик сапарлап эртеси эле,
Жамгырлап шамаалданып кечинде.
Андан бери далай жылдар өтүптүр,
Ак булуттар тоого карай көчүптүр.
Азыр деле мага чачып сүйкүмүн,
Эсимде үңкүрдөгү сырдуу түн.
Сыйкырланган ошол түнүм оболу,
Мергенчинин мага айткан жомогу.
Балалыкка сүйкүм отун жагыптыр,
Бакыт түнүм жомоктолуп калыптыр.
ЖЫЛДАРГА
Менин алды жагыман
Коён качты сереңдеп.
Чар тарапты карап коюп,
Безип барат элеңдеп.
Бир кезде мен жаш элем,
Чачтарымды ак басты.
Гүл чачтым эми алчадай,
Жылдар дагы коён өңдүү,
Дайнын кетти таптырбай…
ОЙЛОНУУ
Уйкусурап түн жарымы мезгилде,
Уктайм анан бир кезекте ойгоном.
Секетим ай, сакталдың го эсимде.
Сени эстеп кайра- кайра толгоном.
Эрктүү жүрөк ак сүйүүнү жаратса,
Эчен жылдар эстен кете койбогон.
Сүйкүмүнөн жылдыз жанып баратса,
Сүйүү ушундай ыйыкпы деп, ойлоном.
КЕЧИНДЕ
Саан бээлер чогула,
Келип жатат желеге.
Күн кылкылдап батууда,
Кызылын чачып кечинде.
Аркы жактан үн берип ,
Козу маарап, үн салат.
Короого ээрчен ат келип,
Чоң казыкка байланат.
Сүйкүмдүү кеч ашыгып,
Тоолорго келди шашылып.
Жылкылар жөнөйт жайытка,
Жылга менен даң салып.
Сапар тартып төрлөргө,
Булут көчөт шашылып.
Белесте булагы көрк төгө,
Берметтери чачылып!
Суур торсоюп аңкуштап,
Кире качат ийнине.
Тоонун гүлүн жел термеп,
Назиктик отун билдире.
Арыдан тосуп койлорун,
Атчан малчы ашыгат.
Түнөргөн булут аскадан,
Түнөк издеп шашылат.
ЧАКЫРЫК
Алыс жакта чабан үйү көрүнөт,
Айланага бийлик кылып түн жүрөт.
Терезеден алсыз нурлар таралып,
Тигинде жалгыз чырак бүлбүлдөйт.
Ошол үйдө мен чоңойдум бир учур
Балалык кез анда өтүп закымдайт.
Баары көөндө ошол чырак ошол түн,
Бакыт болуп мени алдыга чакырат.
БАЛКИМ
Айлананы күз баскан,
Жамгыр берет дабышты.
Балким ушул жааган жаан,
Күз жааныдыр акыркы …
Таанышым узак жол кеткен,
Карап турам тоо жолун.
Эң акыркы аны менен,
Коштошконум болбосун…
Карыя карайт тоо жакты,
Сыркоо экени болжодум.
Балким, анын эң акыркы,
Караган чагы болбосун…
Баары болот турмушта,
Мен ошону ойлондум.
Коштошкондук аянычтуу
Кандай гана болбосун.
ЖАН ЫРЛАРЫМ
Ажыраштым бир кездеги дос менен,
Мен өтөдүм ак өмүрдүн сапарын.
Бөлүнбөстөн силер менен бир келем
Жан ырларым, жакшы көргөн ырларым.
Ак үмүттү жакшы ой санаа ээлеген,
Шаңы чыгып келе жаткан жылдардын.
Силер менен түбөлүккө бир элем
Жан ырларым, жакшы көргөн ырларым.
Балким мени таштап кетеер башкалар,
Жан ырларым өзүм болуп калмаксың.
Өлүм келип мени ээрчитип кеткенде,
Өзүм үчүн өмүр сүрүп жашайсың.
КҮҮГҮМҮМ…
Иңир кирип, жарык өчүп,
Алыстан жылдыз көрүнүп,
Айланага кайра чачат,
Караңгылык күкүмүн.
Тоо башынан ай көрүнүп,
Аппак нурун төгүлтүп.
Келе жаткан күүгүмүм,
Элесисиң өткөн күндүн.
Аралыгы болосуң,
Жарык менен келээр түндүн,
Күүгүмүм ай, күүгүмүм…
Аны оронгон кайран өмүрүм.
КАН ЖАЙЛОО
Иним Шаадат Акуновго
Балык кармап Тешик-Көлдө жүрчүбүз,
Кешчү элек бөөт-бөөт сайларды.
Балдар менен жылгадан өтчүбүз,
Баратабыз аралай чаап шалбааны