Чыкыроон, көөдөй түн жана да бурганак буюктурган фронттук жолдор. Жаалданган каршылык көрсөтүүсүнө карабай таш-талканы чыгып жаткан душмандын колу улам артка чегинүүгө аргасыз. Баскынчылардан бошотулбаган элдер да, жерлер да алдыдагы уч-кыйырсыз мейкиндикте, же Батыш тарапта жатат. Ал үчүн али да канча миллион айыпсыз адамдардын каны төгүлүшү керек, азаптуу жолдор басылышы керек. Азыр мына кыйраган кыштак четинде адамдык жылуу мээрдин коломтосу. Бир караганда бул чоочун. Бирок чоочунбу? Деги эле чоочун бүлө менен өзүңдүкүн бөлгөн араны таап болмокпу. Жоокерлер жер кепеге дарбый кирип, аң-таң болгон энеге:– Амансызбы, апаке! – деп эле чалгыдан чабылгандай чырм эткени сулап калышат.
Ал эми ойгонушканда көп учурда үстү-башына эски-уску бирдеме жабылып, чулгоолору жуулуп, кургатылганын, анан да эненин мээримдүү үнүн угушкан. Ошондо жашоо ажайып көрүнүп, күч-кубат кошулгандай болгон. Кайрадан катаал жол, кан майдан. Ар бир жоокер өз энеси менен коштошкондой: – Ыракмат, энеке! Кайрадан көрүшкөнчө! – деп астейдилден айткан. Фронттук арпалыштын алгачкы күндөрүнөн баштап, позициядан позицияга, бөлүктөн бөлүккө өтүп жүргөндө да жоокерлер энелик мээрим, камкордукту туюп турушкан. Буга тылдан белек катары барган мээлей, малакай, моюн орогуч, токулган байпак, тамеки баштык сыяктуу буюмдар да кайнакай кирчү.
Убайын, урматын көрүп, бейпил күндөрдө бейарман өмүр сүрсөм деген Гүлкан апа үч уулун тең кандуу казатка аттантып, каңырыгы түтөп калса да күн тыным, түн уйку билбей колхоздун кара жумушунда. Ал өзүнүн жан үрөп кылган ак иши менен биздин жеңишке өз үлүшүмдү кошсом деген аруу максатта болгон. Өзү өп-чап жашап жаткан жалгыз бой аял керели-кечке кетмен чаап, же орок чалсада түнкүсүн фронт үчүн бирдеме даярдачу. Анан да ошол өрт-жалын кечип жүргөн кулундарына Куршабдын ырыскысы кубат берсин дегендей курут, жаңгак, өрүгүнөн түйүнчөктөрдү жөнөтчү.
Биздин аялдар! Алар жашоо-тиричилик биротоло бүткөнсүп өрт чалып жаткан жерде да байсал жаратып, үмүттүн отун тутантышкан. Алар фронтто да, медсанбатта да, алдыңкы чекте да катарда болушкан. Үмүттөрүн үзбөй алыскы тылда жакындарын арзып күтүшкөн. Жоокер өз үйү жөнүндөгү изги ою менен жашаган. Сүйүү, ишенич жана үмүт аны шыктандырып, жеңишке жеткирген. Арийне, мунун баарынын астарында эненин ак сүтүн актасам, анын алдында жүзүм жарык болсо деген улуу сезим жаткан. Ушундай улам өз учурунун даңктуу жазуучу М. Горький: “ Дүйнөдөгү сыймыктын баары энелерден. Куяшсыз гүлдөр ачылбайт. Махабатсыз бакыт жок, аялзатсыз сүйүү жок. Энесиз акын да жок, баатыр да жок!» деп бекеринен айтпаса керек. Айтор, сагыныч саргартып, кусалык курутса да кайрат-деминен жазбай, жакшылыктан үмүт үзбөй жашаган Гүлкан эненин образы Толгонайдыкы менен бирдей эле жана өзүнчө эле бир дастан жазууга татыктуу экендигине күмөн саноого болбойт./Ал кишинин ажайып бейнесинен сүртүмдөр аңгемебиздин айрым жерлеринде чагыларын айта кетели/.
Маматалы кайрадан катарына кошулган аскердик бөлүк айыгышкан салгылаштар менен улам алдыга илгерилеп жаткан. Түтүндөн туманданып, күйүк жыттанган күзгү талаа. Ок-снаряд тийип оңурайбаган жер жок. Бомба түшкөн жерлер өзүнчө эле орго айлангандай. Мында коргонуп жаткан канча жалоондой жарандын бедени барчаланып, сөөгү сөпөт болбоду. Анткени бирде биздикилер чабуулга өтүп, бирде душман жанталаша жапырап кирип, жер астын-үстүн түшүп жатканда канча азамат топурак менен жуурулушуп, заматта күмжам болуп кетишпеди. Аларды дарексиз жоголгон деп эсептешип, кара кагаз деген калабалуу кабарды да жиберишкен. Мындай күдүк күпүрдөн соң өлүк-тириги белгисиз жоокердин душман колдуу болдубу деген шек-шыбаа да туулбай койбогон. Андан көрө эки аяк, эки колдон, же эки көздөн ажырап келген артыгыраак көрүнгөн. Атаганат, Ата менен үчүн кан-жанды арноо дегендин чен-өлчөмү ушундай болгон турбайбы. Биздин жеңилбегендигибизди бир себеби да ушунда жаткансыйт…