– Макул айтам,-деп Зулайка Тагай бийди аянычтуу карады. Аялдын көзүнөн эки мончок жаш сыгыла агылып жерге түштү.
Тагай бий жана анын жигиттери аттарын камчылап, чоң сапарга аттанышты. Аттардын туягынын дүбүртү айланага угулуп турду. Зулайка атчан кетип бараткандарды телмирип карап турат. Атчандардын арасында Тагай бий бурулуп артын карады; бактын түбүндө ак жоолук салынып, бир аял турат. Ал жоолугун алып булгалады. Бул тирүүлүктө жолугабызбы же, жолукпайбызбы деген жышаана болчу. Экөө тең бири-бирин карап аянычка батып турат.
Ошентип бий кеткенине эки айдан ашканда ажарлуу Зулайка көз жармай болду. Ургаачы тынсызданат деги эмне төрөйм, кызбы же эркекпи? Эркек болсо баласын чоңойтуп Ала Тоого ата-журтуна кеткиси келди. Ушул жерде ысыкта какталып, тургусу келбеди. Андан көрө балдарын багып, боз үйүнүн жүгүн ат, өгүзгө жүктөп, тоо-талаада бир жерден экинчи жерге көчүп, көчмөн турмушта жашай бергиси келди. Зулайканы эки аял төрөттү. Төрөтү бир аз оор болду анткени менен аман-эсен төрөп алды. Атасы айткандай эркек экен. Кудайга тобо! Артыбызда аталар атын унуттурбай тукум улаар бала калат. Баланын атын Тагай бий айткандай кудайга жалынып Карачоро деп койду. Ошентип бала бирде ыйлап, бирде күлүп, мезгилдин өтүшү менен чоңоё берди.
Андан бери он эки ай кезек менен алмашып, он эки жыл өткөн экен. Ошончо жолу жаз келип, ошончо жолу кыш кетти. Карачоро ордодо иштеген Зулайканын агасы Калимжандын баласы болуп, ошолордун үй-бүлөсү менен кошо чоңойду. Ал Зулайканы «эже» деп чакырчу. Ал кечке кошуна балдар менен ойнойт. Өзү теңдүү уландарга караганда боюу бийик, атасын тартып жотолуу эле. Ошондонбу өз күчүнө ишенип, башкаларга кордук көрсөтө койчу. Береги майда балдар биригип, Карачорону оюндан четтете баштады. Анысы аз келгенсип:
– Эй, атасы жок бала.
– Таштанды.
– Атаң сени таштап мал бакканы тоого кеткен.
– Сен атаңы таап албайсыңбы?
– Атасы жок селсаяк.
Карачоро ушул сөздөрдү угуп балдарды сабап кирди. Кичинекей балдар жеткирбей качып:
– Таштанды.
– Эй, атасы жок таштанды.
– Кыргыз баласы койчунун баласы.
– Атаң сени «бакпайм» деп өз жерине кеткен.
Кичнекей балдардын ата-энеси Карачоро менен урушуп:
– Эй, дардагай кичинекей балдарга эмне тийишесиң.
– Таштанды,-деп жатат.
– Таштанды эмей эмнесиң атаң кайда?
– Таштанды эмесмин.
– Таштандысың Ала Тоого качып кеткен атаңы таап ал!