Тагай бий эмне кылаарын билбей калды. Ал Зулайканы сыга кучактап, аял бышактан үн чыгарып ыйлоодо. Бул ажырашуу аянычынын коштошуунун күйүтү болчу. Алар эртеңки армандуу ажырашууну ойлоп жатышты. Экөө түн боюу баягы жолуккан күнүнөн тартып, ушул кезге чейинки күндү бир баштан эскерип чыгышты. Тагай бий үчүн бул жер жакшы эле. Бирок тиякта ата-журту чакырып жатпайбы. Улуу тоонун тентек жели булуттары, шок суулары, ата-журту чакырып жатпайбы.

– Мен сиздин мекениңизге бара албайм, бирок баланы эмне кылам?

– Эгер жаратканым колдоп аман-эсен төрөп алсаң баланы алып кетем.

– Келип алып кете албай калсаңчы?

– Анда белгими берип кетем.

– Эмне белги?

Тагай бий ойлонуп калды:

– Менин белгим күмүш бычак болот. Ал белгилүү чебер устанын колунан жасалган.

– Эгер муну бала жоготуп же жол баратканда бирөөгө алдырып жиберсечи?

– Ага кошуп болот өгөөнү берем. Төштүк өгөө үчүн жердин жети түбүнө түшүп кеткен.

Зулайка ойлонуп калды да:

– Мелиңиз экөөн тең таштаңыз.

Ошентип алар түн боюу сүйлөшүп эскерүү түнүн өткөрүп жатышты. Анан эртеси таң агарды. Куштар сайрап, назик үн салды. Жакын жерден молдонун азан чакырган керемет үнү теребелге дааны угулуп турду. Кайра жашоо башталып, кайра өмүр уланып кирди.

Алар эртең менен саал кечиреек ойгонушту. Жана түндөгү бүтпөй калган маекти кайра баштап киришти.

– Атын ким,-деп коём? Бул баланын атасы ким болот?

– Атынбы, Айкөл Манастын кырк чоросу бар эле Карачоро деп, коёбуз.

– Бул бала Манаска чоро болобу?

Тагай бий күлүп жиберди да:

– Манас баатыр кыргыздын эгеси бийик күнү ал бизден мурун эле жашап өткөн чоро деген баатырдыктын элесин берет. Менин балам баатыр болсун же, улуу баатырга чоро болсун. Сен баланы агаң Калимжандын баласы деп атай бер анан мезгили келгенде ал түшүнөөр.

Зулайка Тагайды аянычтуу карап турду да:

– Мейли ошондой эле дей берейин. Ал агамын баласы болуп менин тарбиямда өсө берсин. Анан сиз бат эле келесизби?

– Кеткен бойдон келбей калмак белем, сөзсүз келем балким, сени да Ала Тоого ала кетеермин

– Аны байкайлы,-деди Зулайка Тагай бийге.

Зулайка бийге белекке деп сонун канжар, бат атма мылтыкты, ошондой эле аябай сонун келиштире сайылган бир нече жүз аарчы, жана башка майда барат оокаттарды берди. Мунун баары эстүү аял мени дайыма унутпай жүрсүн деген белги эле. Бийдин өңүнөн ыраазы болгон жылуулук төгүлүп кубанычка батып турду.

Айланага күздүн айы жаңы башталган эле. Келгиндер асмандан муңдуу үн салып түштүк тарапка сапар тартып учуп өтүп жаткан. Алардын коштошуу үнү чар тарапка угулуп, пенделер дагы бир сонун жайдын кеткенин арман менен эскерип турушту. Түштүктүн ысыгы башталып, али күчүнөн кайтпай турду.

Баш кошкондор ажырашмай болду. Тагай бий улуу өкүмдар жана ордонун адамдары менен коштошуп жатты:

Алар:

– Дагы келип турсаңыз экен.

– Биздин кыргыз туугандарга салам айтыңыз.

– Сапарыңыз байсалдуу болсун! Элиңизди ордого каршы алып чыкпаңыз, антсеңиз өмүрүңүз опурталдуу болуп калат.

– Жакшы барыңыз.

– Өзүңөр да жакшы калгыла силердин сыйыңарга ырахмат.

Дарбазадан ары Тагай бийди ээрчип Зулайка кошо барды. Аял чыдай албай айтты:

– Кайра келесизби?

– Сөзсүз келем сени таштасам да баланы кантип таштайм.

– Анда жолуңуз болсун!

– Өзүңө кара аман-эсен төрөп ал. Денеңе зыян болот оор нерсе көтөрбө! Ар дайыма жылуу жүр. Биздин тагдырыбыз кандай болот билбейм, кыргызда Манас баатыр болгон. Эл чабылып, Каныкей эне төркүнүнө качып барып, анын уулу Семетей ошол таякелеринде өскөн. Качан он экиге келгенде ал ата конушун билип, ошол тарапка аттанган. Дагы айтам баланын атын Карачоро койгун. Кыз болсо өзүң бил. Сенин ата-тегиң кыргыз, болгондо да бийдин уулусуң деп айт!