– Самаркандык мыкты дарыгерлерге көрсөтүп баланын мойнун оңдотолу. Балким ошолордун колунан жакшы иш келеер.
– Ал кудайдан теңирим аны ошондой жаратты.
– Бирок ошондой болсо да баланын мойнун көрүп аны аяй берем.
– Ага капа болбо бу баланын аты Манастын жакын көргөн адамы Элтабар баатырдын уулу Сарбагыш деген түпкү бабабыздын атынан койгом.
– Ошондой болсун, ошол баатырдын арбагы баланын келечегине жар болоор.
– Болот көрөөрсүң менин ишимди ушул бала улантат. Бул уулуман көптү күтөм.
Ошол иш ошол болду.
***
Айлана небак бозомук өңгө бөлөнүп, асман сургулт тартат. Мезгил жетинин айынын башталышы эле. Бир жумуштар менен Тагай бий беш жолдошун ээрчитип, белде кетип бараткан. Атчандар коктудан түшө бергенде өгүз минип келаткан бир адамга жолукту. Тагай бий аттан түшө калып, өгүзчөн улгайган адамга салам узатты. Тайгай бийди туурап беркилер да аттан түшүп, саламдашты. Алар ар дайыма бийди урматтап жүрөөр эле.
– Уулум жол болсун кайда жол улантып бараттың эле?
– Богорстон баламдыкыкнаа бараткам.
– Ал уулуң жакшы турабы, аялы ооруп жатат,-деп эшиттим эле.
– Жакшы болуп калды белдеги конушунан ылдый түшкөн, саламдашып ал абалын сурап келейин,– дегем.
– Аның жакшы уулуң менен кабарлашып турганың ийги иш.
– Өзүңүз кайда баратасыз?
– Кайда бармак элем үйгө эле.
– Атыңыз эмне болду өгүз минип?
– Каран калгыр өткөн кыштагы жуттан жылкы баласы кырылбадыбы.
Тагай бийдин өңүнө капалык келип, атынын тизгинин тиги карыяга карматты.
– Бобул атты минип кетиңиз.
– Койчу балам биздей карыяга өгүз эле жарашат. Бир бутум көрдө салаңдап турбайбы, муну балам өзүң эле мин. Бул жүз койго же бир айгыр үйрүнө алмашкыс камбар атанын асыл тукумунан тура.
– Жок ата астыңызга ат тартып жатам, колду уялтпай минип кетиңиз баркыңыздан ушул ат улук беле, мен алдагы өгүзүңүздү минип кетем.
Бийдин жанындагы адамдар жаалап жиберишти:
– Миңиңиз бий тартуулап жатат. Бий атсыз калмак беле.
– Капа болбоңуз, өгүздөн түшүңүз.
Жигиттер карыяны өгүздөн түшүрүрп, бийдин келишкен жорго атына мингизип, өгүздүн мурунтугун мүйүзүнө түрүп, коё беришти.
Карыя ыраазы болуп күлүп:
– Ырахмат Тагай балам, тим эле койсоң болмок, чоң жорго ат мингенде мен да бий болуп калбадымбы –деп токтоно албай карс-карс ыраазы боло күлдү.
– Тагай балам, Жар Кыянын этегиндеги Жылуу Булакта кыштоодобуз Ошол жер биздин турагыбыз. Убактыңыз болсо барып, үйдөн бир чөөгүн чай иче кет. Сени да ыраазы кылаармын балдар бар эмеспи.
– Жок ата, ошол да болмок беле биз эмне акылашып жатабызбы, чай ичип эле жүрөбүз, кол бош болуп калса, сөзсүз жолугам.
Тагай бий карыя менен коштошту. Бул карыя Тагай бий он беш жашында, тай үрөтүп жүрүп, азоодон жыгылып, буту сынганда аны таңып кадимки өзүндөй кылып айыктырган. Колу эмсек куранды арабча бүт окуган касиеттүү молдо пакиза таза адам эле. Ал кезинде түштүктөгү молдолордон динди терең окуган адам болчу. Тагай бий сол, оң канатка жана ички кыргыздарга мусулман динин таратып, аны менен элдин жан дүйнөсүн оңдоого киришкен адам болчу.
***
Эки күндүн биринде күн күркүрөп, айлана текши жаңы түргө өтүп, жаңы чөп өнүп, касиеттүү жер эне жаңылана баштады. Айрыкча нымдуу тескей беттерде өсүмдүктөрдүн өсүшү өтө тез. Коктуларда, түзөңдөрдө эртең менен туман калыңдап, күн суук болсо, өйдө карай өрдөп жылат.
Ушул туман каптап турган күнү Тагай бийдин айлына кочкор мурун кашкар чапан кийген көзү ачык сынчы келди. Аны бий коноктоп, анан үч баласын чакырды. Сынчынын алдына Богорстон, Койлон, Сарбагыш келип отурду. Сынчы үч баланы сынап көпкө ойлонуп отурду.
– Буюрса, булардын өмүрү узун болуп, маңдайында жылдыздары жанып турат. Бар болгула балдарым!-деп аларды кетирип жиберди. Улуу балаң Богорстондун тукумунан жортуулчу, баатырлар көп чыгып, элин коргойт жана элдин тогу болот. Булар жердин жакшы жерин ээлейт деген экен. Койлон балаңын тукумунан корооздонгон сыпаа кишилер көп чыгып, өзүн жогору санаган нымактуу эл болот. Акыры кичүү уулуңан эл бийлеген адамдар арбын болуп, ошондой эле баатырлар көп чыгат. Бирок такыр ынтымагы жок журт болот. Тукуму бир-бири менен жоолашып, чабыша берет,– деген экен кайгыланып.