Жазып бүттүм дастанды.
Издегеним не болду,
Ийгиликтер болдубу?
Дайындуу нерсе таптымбы?
Дастанга нелер катталды,
Эмнелер унут калды,
А эмнелер кирбей калды,
Анын баары такталаар.
Акыры жүрүп отуруп,
Биз иштеген ишибиз,
Жараткан кут кондуруп,
Жакшы жакка айланаар.
Ушуну менен силерге,
Айтаар сөзүм токтолоор.
Кайран өмүр бир кезде,
Кайып сызып жоголоор.
Бирок дагы жаштар бар,
Арткы жакта бакыт бар,
Жараткан деп дастанды,
Жазылды деп баардыгы,
Жайнаган ушул убактар,
Улама кез учурлар,
Айтылып далай кеп болоор
Унутулуп жоголбоор.
Канат кагып кыраан куш.
Бийиктикке оболоор.
«КЫРГЫЗ» ДЕГЕН АТ КАЙДАН КЕЛГЕН»
Калайманчыл башынан
Кара курттай жайнаган.
Кара кытай, калмакка,
Кайраты менен тең болгон.
Чамасы кетип, чарк кетип,
Чабышкан оң болбогон,
Кырларда атчан ойногон.
Кыргыз деген эл болгон.
Кыр кезип жерди жойлогон.
Кырды кезсе ушул эл,
«Кыргыз» деген ыйык ат,
Чыккандыр балким ошондон.
***
Кыргыз элдин Манасы,
Хан ордосу Таласы,
Кыргыз Ата жолун улаган,
Кулалы таптап куш кылган.
Курама жыйып журт кылган.
Тели куш таптап куш кылган.
Тентигенди жыйып журт кылган.
Кылымга атын чыгарып,
Кырк урууну кураган,
Кыр-кырлардан жоо кууган,
Кырк уруудан-кыргыз аты,
Чыккандыр балким ушундан.
ТҮРК АТАНЫН ДАРАГЫ
Сен байыркы түрк атанын тукуму экениңди унутпа!!!
Ага кайсы элдер кирет.
1.Кумук, Башкырт, Казак, Каракалпак,
Ногой, Кыргыз, Хакас, Алтай,Шор,
Шулум, Кара уйгур, Тува, Тара.
2. Уйгур, Өзбек, Якут, Авар, Сак,
Скиф, Көк Түрк, Хун, Болгар, Хазар.
3. Чубаш, Балкан Түрктөрү, Гагуаз,
Түркмөн, Түрк, Азербажан.
Татар, Карачай,Балкар, Карайым, Кыпчак,
Урум…
***
« Кырларда, кайыңдардын бетинде,
Тамга жокпу кыргыз балта чаппаган.
Өзөндөрдө, жылгаларда, сайларда
Кыргыз жокпу кыргын болуп жатпаган».
Байыркы кыргыз эл ыры.
БАБАЛАРДЫН ЖАҢЫРЫГЫ
(уламыш)
Эээй…
Эл жеримде айтылган,
Эзелкинин жомогу,
Эстеер киши болорбу.
Эээй…
Байыркынын жомогу,
Байыркы биздин бабабыз.
Эне Сайды жайлаган,
Ээн жерде жылкыны,
Элкиндетип байлаган.
Эээй…
Ошол кезде бабабыз,
Оролмо Тоону жайлаган,
Оролмо Тоонун бетине,
Оролтуп жылкы айдаган.
Арылдап өтүп кетиптир,
Андан бери көп заман.
Айдыңдуу элдин жомогу,
Атадан өтүп балага,
Жарыя болуп кетиптир,
Жалпы журттун баарына.
Эээй…
Санай, санай отурсам,
Сандарды кошуп толтурсам,
Санат жеткис жыл өткөн,
Сайлуу өтөктүн өзүнө,
Сабалатып жаан төккөн.
Сап-сабын айтып тарыхтын,
Санжырачы киши өткөн.
Аңгеме айтып баягыдан,
Акылман кары чал өткөн.
Эээй…
Ар түркүн ыр түзүп,
Амалдарды туурадым.
Бабаны ырга айлантып,
Байыркыдан курадым.
Бабын издеп сөз курап,
Башталмасын уладым.
Санжырбыз жазылган,
Китептерди карадым.
Абалкы өткөн бабанын,
Атын улам тактадым.
Кемчил болгон жерлерин,
Кээсин чийип таштадым.
Байыркы биздин бабабыз,
Үрүмчү аркы атабыз,
Эчкилүүнү жайлаган,
Этектен жылкы айдаган,
Ээр белдей белесте,
Элин коргоп жашаган.
Душман менен бетме-бет,
Далай болуп кармашуу.
Эл, жер үчүн күйүнүп,
Эркиндикти талашуу.
Бирде бийик көкөлөп,
Жанып учуп эрдиги,
Аларды айтып отурсам,
Айдыңдарды тактасам,
Ачып-жуумп колду санасам,
Бири чын да, бири калп,
Айтылганды тактасам,
Долон биздин атабыз,
Доордон кабар айтабыз.
Ошол жакта көп сөздөр,
Окуялар болжолдор,
Жобур кептен оошкондор,
Жоболоңдуу жомоктор.
Улуулардан калган сөз,
Уламада айткан сөз.
Карылардан калган сөз,
Калкамандар айткан сөз.
Ким көрүптүр мындайды,
Кийинки ырлар такталды.
Улуулар бизди үйрөттү,
Улама тарых айтканды.
Абалкынын баянын,
Айткысы келет жаш кары.
Уламадан кеп айтып,
Улаганбыз сөз жазып,
Куу атчан жолочунун,
Курсагы ачты азык жок.
Тамашалап жараткан,
Тагдырда деле жазык жок.
Ушул эркин тоолордо,
Укмуш-укмуш хан чыкты.
Калың журтту башкарып,
Кайратынан жан чыкты.
Ошол хандын соңкусу,
Ойротко даңкы угулган
Уланып далай кеп кеткен,
Урматтуу улуу Угуз хан.