Абалата кеп кылып,

Жазмачылар чыгарды.

Жазылбай калган баяндар,

Жазмасы жок сөз калды.


Дололонбий көчүп жүрүптүр,

Аркалап бийик тоолорду.

Арымы кенен созулган

Аралап байтак жолдорду,

«Алдырбайм» деп ант берген,

Аңдып келген душманга,

Ак карлуу Ала Тоолорду,

Ай түнөгөн жолдорду.


Калмактар менен алышып,

Карлуу тоону жайлаган.

Жоо тартышта кансырап,

Жоболоңдон качпаган.

Акыл-эсти туу тутуп,

Айла менен кол салган,

Айланадан үн салып,

Ак жолборсу чамынган.


Эчаакы өткөн тарыхтан,

Эчен түрлүү кеп калган.

Бир кезде унут калгандын,

Билигин чубап чыгарган.

Ала Тоодо кыргыз эл,

Монголдор менен алышып,

Ат үстүндө чабышып,

Калмактар менен бет келип,

Маал-маалында тирешип,

Манжылар менен алышып,

Ат үстүндө чабышып,

Катарлаша бой салып,

Уйгурлар менен алышып,

Канча бир заман өтүптүр,

Кара тоого булуттар,

Калкылдап гана көчүптүр.

Андагы өткөн баяндар,

Акыл эсте калбаптыр.

Акыл эсте калса да,

Санат сөзү сызылып,

Санжырачы жазбаптыр.

Ээ…эээй....


Жунгарлар менен кармашта,

Желбегей тон жамынган.

Кажыбас күлүк таптаган,

Кара жорго ат минип,

Желпиништин тоосуна,

Жебедей учуп бат жетип,

Жеринде туулган намыска,

Күтүрөтүп мал күтпөй,

Андан көрө алыстан,

Алыш-бериш дос тапкан,

Каршылаш жоосун жибитип,

Аброй күтүп сыйлашкан.

Аралап бийик тоолорду,

Арка болоор бел тапкан.

Күнүмдүк жерге алкынтып,

Күлүктү тосту күйүккөн.

Күткөн жанды сүйүнткөн.


Айта берсе арбын кеп,

Долонбийдин тарыхы.

Эрөөлдө эл башкарып,

Баласы менен тең багып,

Барктай билчү башканы,

Ушуларды айтайын,

Унут кылып салбайын.

Ээ…эээй…


Колго түшүп калмакка,

Камыгып ал кармалган.

Каардуу бийди жок кылыштан,

Калмак жайсаң тартынган.

Ошол болгон кармашта,

Оң колу болгон жаралуу,

Айдыңы болгон бараңдуу,

Асыл башы айлалуу.

Өз жери, элин коргогон,

Өчпөгөн аты таалайлуу.

Баштай берсе арбын кеп,

Бабабыздын тарыхы.

Байкатпай өтүп кетиптир,

Байыркынын заманы.

Эээ…эээй…


***

Андан бери өтүптүр,

Экчеленип көп заман.

Дайындуу журт баянынын

Далайы эсте калбаган.


Ошол кезде кыргыздар,

Эне Сайды жайлаган.

Элкилдеп мал оттотуп,

Этекке коюун кайырган.

Кеңейип анын турагы,

Кем эмес эле башкадан.

Миң Суу деген өрөөндө,

Миң жылдары жашаган.

Ак кийизге отургузуп,

Акылман ханын шайлаган.

Кыргыз элдин тарыхы,

Кытайларда катталган.

Кара кытай ханы менен

Катарлаш болуп жашаган.

Ар дайыма алар менен

Алыш-бериш катышып,

Акылдуу иштер башталган.


Ошол кезде кыргызды

Ырыс инал башкарган.

Хан даражасы инал деген,

Ал ысымды эл берген.


Анан дагы кыргыздар,

Жолдун басып далайын,

Түбүнөн өтүп асканын

Миң Суудан, Теңир Тоого,

Жол арытып, көчүп жүргөн,

Салкын төрдө бээ байлап,

Бүт жумушун шай-шайлап,

Адырларда мал айдап,

Жыргап өмүр өткөргөн.


Анан дагы кыргыздар,

Өтө каарман эл экен.

Башкага намыс бербестен,

Уйгурлар менен кармашкан,

Калмактар менен алышкан.

Баарысына бой бербей,

Аз болсо да арстан,

Он жоокерин бириктирип,

Он башчы деген башкарган.

Жүз жоокерин кошуп алган,

Жүз башчы ага көз салган.

Баарысы тең биригип,

Аскери түмөн аталган.


Күрөштөрдө кайрат жыйган,

Күчтүү жоого тиш салган.

Аял, кызы каарман чыгып,

Эр жигиттей аттанган.


Эне Сайлык кыргыздарда,

Белгилүү болгон көп адам.

Барсбек каган баштаган,

Бал-бал ташта ысымы,

Байыртан калып жазылган.


Болгон экен бул окуя,

Ата баба баяны.

Абалкылар кайрылбай,

Андагылар артта калды.

Санжыраны сабалатып,

Санаганга сөз керек.

Андан башка айтканга,

Акыл жана ой керек.


Эне Сай суусу агууда,

Желип учуп сапырылып.

Элестүү болуп табылгыс,

Эң бир сонун жаратылыш.


Жайлоолор жатат көрк чачып,

Жайдын сонун бир күнүндө.

Маек куруп отурушкан,

Белгилүүлөр бир дөбөдө.


Ошолордун ичинде,

Санжырачы акылман.

Баардыгына каалоо тилеп,

Бакытка гана чакырган.

Белине жеткен сакалы,

Таяган эчак жүз жашты.

Элтерес деген карыя,

Мындай деген кеп айтты:


ЭЛТЕРЕС АТАНЫН БАЯНЫ