Агуул жана Кууул,

Алардан тукум уланган.

Аңгеме айтам булардан.

Агуул биздин атабыз,

Алыста калган бабабыз.

Абалкыны жакындатып,

Алардан баян айтабыз.


Ак карлуу тоодо төрөлүп,

Атак даңктан чеп курган.

Душманга бербей намысты,

Туу алдында бек турган.

Кооптуу жерде алышып,

Коогалаңда чабышып,

Атанын жалгыз баласы,

Сыйлап көзгө басаары,

Доордун айтып тарыхын,

Долон бий өткөн дүйнөдөн.


Аңгемемди ары улайм,

Андан аркы атабыз,

Кыргыз-кыргыз болгону,

Кыргыз атка конгону.

Тайган эмес ырыстан,

Аркы атабыз Ырыскан.


Каадалу өмүр өтөгөн,

Карабагыш, Акбагыш,

Анан дагы Чоңбагыш

Акбагыш биздин атабыз,

Удеге менен кармашкан,

Намысты коргоп калмактан,

Нарктуу жолдон тайбаган.

Эли-жерин коргогон,

Элес айттым ошондон.

Кыргызды кыргыз кылып,

Кылымдар боюу сактаган.

Баян козгойм кайтадан,

Байыркы ата бабамдан.


Аркы атабыз Үрүмчү,

Айдыңдуу баян оболойт.

Ата-баба тарыхын,

Айтканым сонун кеп болот.


Мен булардын аттарын,

Санжырадан окугам.

Качанкыны кеп кылган,

Карылардан көп уккам.

Ушундайбы, башкабы,

Чын баянын ким билет.

Качанкы кеткен тарыхты,

Карылар аны эскерет.


Санжыраны билбеген,

Сай-сайда калып жоголот.

Жети атасын билбеген,

Жетип уул деп кордолот.

Ушуну менен бул айтаар,

Учкай кебим токтолот.


СӨЗ

Хан бектердин катаалдыгын айткан сөз,

Качанкы бир байыркыдан калган сөз.

Бал-балдардан балбылдата күү чалып,

Бабалардын баянын айткан дагы сөз.

***

« Ыр –сөздүн падышасы»

Элден

БАШКЫ СӨЗ


Тоолрдогу гүлдөрдү,

Топ-тобу менен чогултам.

Коолордогу гүлдөрдү,

Кооздугун карап отурам.

Алардын алып көрктүүсүн,

Жердештерге көрсөтөм.

Жергемдин көркөм экенин,

Жетине албай сөз бөлөм.


Кыргыздын асыл ойлорун,

Кымбаттарын чогултам.

Даана жазып бабаларды,

Дастан кылып отурам.

Аңгемем жакшы, жаманбы,

Аны билбей чочулайм.


Дастанымда баары бар,

Кайтыш болгон баба бар.

Кадырлуу өткөн кары бар,

Саймедиреп токтобос,

Санжыра айткан адам бар.

Каада күтүп мал баккан,

Кадимки Сыдыш абам бар.

Жанында аны ээрчиткен,

Жапас деген агай бар.

Үйрүнөн калбай келаткан,

Үсөнбай байкем дагы бар.


Эр эңиште байге алган,

Эчен-эчен шерлер бар.

Жумурай журтка таанымал,

Жумакадыр аба бар.

Койсойбостон Канай бар,

Дөөдөй болгон бу да бар,

Дайнын айтып отурсам,

Дагы канча жандар бар.

Атагы чыгып даңкталган,

Шоңколор багып мактаган,

Чоң жарышта байге алган,

Ала байтал күлүк да бар.


Дастанда баары бар,

Арпа Тектир, Ат Жайлоо,

Агалар баскан айдың бар.

Кара Каман, Чатыр Таш,

Каадалуу жайлоо Сорок Таш,

Алды жагы Калак Таш,

Жамырап өткөн жалын жаш,

Жалын өмүр кайрылбас,

Жайнаган сонун жерлер бар.


Окугандар дастанды,

Баардыгына кабылат.

«Жараткан кудай алла»– деп,

Жан дүйнөсү жаңырат.

Көрүнбөй кеткен бабанын,

Көбүн эстеп жаш алат.

Окугандар дастанды,

Кең дүйнөсү ачылуу,

Бапырап өткөн таалайлуу,

Балалыкка кабылат.

Баё кезин сагынат.

Көөнөрбөс жерге тартылып,

Көзүнө мөлтүр жаш чаят.

Аралаган дастанды,

Туулган жерге тушугат,

Ата-баба сапар өткөн,

Адырларга жамгыр төккөн.

Кайрылбай өткөн мезгилге,

Бу дастан сени жолуктурат.


Туу жондордун сүйкүмүн,

Туулган жердин наз гүлүн,

Тунжураган айлуу түнүн

Көрсөтүп жүрүп отурат.

Атыр жыттуу абасына,

Ак кар баскан аскасына,

Айдың көлдүү жактарына,

Азгырып жүрүп отурат.


Жон-жондогу чабандын,

Жети атасын таптырат.

Күлүктөрүн жарышта,

Күйүктүрүп айдатат.

Кара- Каман, Чатыр-Таш,

Каадалуу жакка алпарат.

Карыга баян айттырат.


Дастанда баары бар,

Айдыңдуу Акун атага,

Алпарып комуз черттирет.

Майданда өлгөн эрлерден,

Маанилүү маек эшилтет.


Бул дастанды жаратуу,

Кыйын болду мен үчүн.

Уйкусуз өтүп кетти го,

Учурунда далай түн.

Жакын эле жердешимдин,

Жадымда жок аттары.

Эчаакы өтүп кеткендердин,

Атын билбей чаташтым.

Жазбайын деп дастанды,

Жаратпай айрып таштадым.

Жан дүйнөм тынчтык бербеди,

Жабыгып кайра баштадым.


Ошентсе да акыры,

Жашып кээде кайгырып,