Жашоо – бул моралдык жактан өзүн-өзү өркүндөтүү жолу дешет. Кадрдык партиялык кызматкерлер үчүн жеке сапаттарды жогорулатуу – бул дагы турмуштук милдет. Си Цзиньпин белгилегендей, партиялык билимди, идеологиялык аң-сезимди жана жетекчи партиялык кызматкерлердин адеп-ахлактык деңгээлин партиялык тажрыйбанын топтолушу жана кызматтык абалынын өсүшүнөн улам көтөрүлүү үмүтү менен кокустан калтырбоо керек. Адеп-ахлактык сапаттарды тарбиялоо жана өнүктүрүү өмүр бою тынымсыз аракетти талап кылат. Баштапкы этапта бул «ишенимге берилгендик, элге кызмат кылуу, мамлекеттик милдетти аркалоо, чоң жоопкерчиликти мойнуна алган эрдик, кристаллдык чынчылдык».

Андан ары «Төрттө «бар» деген талаптарды аткаруу керек: «Жүрөктө партия бар, жүрөктө эл бар, жүрөктө жоопкерчилик бар, жүрөктө тыюу бар» деген талаптарга жооп беришиң керек. Жана акырында «берилгендик, моралдык тазалык, жоопкерчилик» сапаттарын калыптандыруу керек, анткени партиялык мыкты кызматкер болуу үчүн адамдын ички дүйнөсүн талыкпастан өзгөртүү, партиялык ан-сезимди чыңдоо, моралдык сапаттарды чыңдоо, адамдан дайыма партиянын Уставын жана партиялык нормаларды сактоону талап кылуу керек. Ар бир ирмемде өзүндүн жүрүш-турушуңа контролдук кылып, өзүн-өзү түшүнүп, өзүнө сергек мамиле жасап, жетишүүгө шыктандыруу керек. «Түз жана ак ниет адам, жоопкерчиликтүү кызматкер, чынчыл жана бузулбас мамлекеттик кызматкер болуу» зарыл.

2013-жылы Си Цзиньпин өзүнүн студенттик дооруна токтолуп, мындай деген: «Мен айылдагы жумушчу күчкө кошулуп, өзүмө: «Жеке сапаттарды жакшыртуудан башта» деген ураан тандадым.

2014-жылы Пекин университетинин окутуучулары жана студенттери менен болгон биргелешкен жолугушуусунда Си Цзиньпин дагы бир жолу мындай деп баса белгиледи: «Адамда адеп-ахлак болот, коомдо болот жана бардык учурда жеке сапаттарда жана эмгекте принципиалдуу мааниге ээ адеп-ахлак мыйзамдарын урматтоо жана өзүн адептүүлүккө тарбиялоо зарыл» Башында «элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, ошондо эл сага кайрымдуулук көрсөтөт, элге айкөлдүк көрсөтсөң, ошондо эл сага айкөлдүк көрсөтөт». Андан кийин, сен «эл мени тааныбайт деп кабатыр болбошуң керек, бирок мен адамдарды тааныбайм деп тынчсыздануум керек» деп түшүнүшүң керек. Акыр-аягы, «асыл сапаттуу эркек киши дайыма милдет жана адилеттүүлүк сезиминен чыгып келет»… Си Цзиньпин инсандык өсүү жана калыптануу жолунун этаптарын – «Жеке сапаттарды өркүндөтүү, үйдөгү гармония, мамлекетте тартип, Асман асты империясында тынчтык» деген байыркы адамдардын классикалык накыл сөздөрүн келтирет жана мамлекеттик башкарууну баяндоо үчүн «Ийгилик мамлекеттин таянычы катары кызмат кылат» деп айтат.

Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге айкөлдүк көрсөтүү керек, эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтүүсү үчүн.

Цитата «Кытайдын кыялын ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенүү жөнүндөгү» Индиянын тышкы иштер боюнча советинин заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

«Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге айкөлдүк көрсөтүү керек, эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтүүсү үчүн» деген сөз конфуцийчиликтин жолдоочулары үчүн маанилүү турмуштук принципти билдирет. Бул принцип адамдарга болгон кең пейилдүүлүктү камтыйт, адам өзүн өзү ойлогон сыяктуу башка адамдарга камкордук кылуу жана эл менен ынтымакта жашай турган абалга жетишүүсүн көздөйт. Си Цзиньпин бул байыркы конфуцийдик накыл аркылуу Кытайдын башка өлкөлөр менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, прогресс жолу менен алга жылууга умтулуусун билдирген жана кытай элинин өз ара пайдалуу кызматташууга жалындуу умтулуусун ачыктаган.