Си Цзиньпин мисал катары Ханчжоу шаарындагы Сиху көлүнүн окуясын көп келтирет. Бардык тарыхый оош-кыйыштарды башынан өткөргөн Байди жана Суди дамбалары адамдарды шыктандырган маданий эстеликтер гана эмес, андан да көбүрөөк деңгээлде – шаарды өнүктүрүү концепциясын элестетет. Эгерде илгеркилер бул жерлерди кылдаттык менен кайтарышпаса, «Асманда жанат бар, жерде Сучжоу, Ханчжоу бар» деген сөз кылымдар бою кантип өтүп кетмек? Азыркы муун бул жөнүндө терең ойлонушу керек.

ОРИГИНАЛ

Байыркы убакта башкаруучу Хуань-гун Гуань Чжунга: «Биз башкаруучу борборду куруу үчүн жерди кантип эң жакшы тандай аларын билгибиз келет?» – деп сураган. Буга Гуань Чжун мындай деп жооп берген: «Мага, татыксызга, канчалык деңгээлде билүү берилгендигин билбейм, бирок басып алган жерлерге падышалык кыла алгандардын акылмандыгы бар. Абдан акылдуу башкаруучу шаарды түптөө үчүн түзөңдүү, түшүмдүү жана бай топурактуу жерлерди тандашы керек. Калктуу конуш тоого жанаша, оң жана сол тарабында аккан же токтоп турган суу болушу керек. Шаардын чегинде чоң дарыялардан суу алып келүү үчүн каналдар курулат……»

«Гуан-цзы» трактаты, «Ду ди» бөлүмү («Жерден пайдалануу»)

ТҮШҮНДҮРМӨ

«Гуань-цзы» трактатынын «Ду ди» («Жерден пайдалануу») бөлүмү суу ресурстарын башкаруу боюнча идеяларды көрсөтүүгө арналган. Ци башкаруучусу Хуань-гун менен болгон маегинде ойчул Гуан-цзы: «Жакшы башкаруучу эң оболу өлкөнү беш кырсыктан арылтышы керек, анын эң чоңу – суу стихиясынан келүүчү кырсыктар» деген насаатын айтып, андан кийин тиешелүү ченемдик укуктук актылардын жана чаралардын бүткүл комплексин сунуш кылат.

Тактап айтканда, Гуан-цзы суу ресурстарын пайдаланууда жеңилдик факторун толук эске алуу менен шаарларды курууну сунуштап, мындай дейт: «Толугу менен акылман башкаруучу түзөңдүү, түшүмдүү топуракта жайгашкан жерлерди тандашы керек. Калктуу конуш тоого жанаша, аккан же токтоп турган суулардын ортосунда болушу керек». Түп нускада сөздөрдүн үстүнөн ойноо колдонулат: «жайлаштыруу» деген сөз «жанаша болуу», «кошуна болуу» деген сөз менен үндөш болуусу абзел. Жалпы түшүнүк акылдуу башкаруучу шаар курууда рельефи тегиз, топурагы берекелүү, жаратылыш тартуулаган жерлерди тандашы керек дегенди билдирет. Калктуу конуш суу менен камсыз кылуу үчүн сол жана оң тарабында дарыялар, көлдөр же башка суу объектилери тургандай кылып тоого жакын жайгашууга тийиш. Гуан-цзи ошондой эле шаарларда дарыяларга туташтырылган суу канал системаларын курууну сунуш кылат.

Мындан тышкары, трактаттын аталган бөлүмүндө төмөндөгүлөр сунушталат: «Жер участогунун ичинде шаардын өзү төшөлгөн, шаар сырткы чек менен курчалган, анын боюнда топурак коргон орнотулган болушу керек. Коргон бийик топурак жээктен түзүлүп, жерге арыктар казылат. Андан ары ойдуң жерлерге суу өткөрбөй турган дамбалар курулат, андан кийин гана шаарды ишенимдүү корголгон деп эсептөөгө болот. Топурак коргондун үстүнө тикенектүү бадалдарды отургузуу керек, алар бири-бирине кошулуп, коргонду бекемдейт». Башкача айтканда, шаардын чегинен тышкары шаарды суу ташкындарынан ишенимдүү коргоону камсыз кылуу үчүн сууну коргоочу дамбаларды куруу, суунун нугун буруучу каналдарды казуу жана башка курулуштарды кароо зарыл.

ИНСАНДЫК ЖАКШЫРУУ ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ


«Саясат – адамдын инсандыгынын уландысы». Сиз татыктуу адам болуп, мамлекеттик кызматта боло албасаңыз болот, бирок мамлекеттик кызматта туруп, ошол эле учурда моралдык нормалардан четтөө туура эмес. Мамлекеттик кызматта болуу биринчи кезекте татыктуу адам болуу дегендик. Татыктуу адам болуу үчүн жекече өркүндөш керек, бул принцип эзелтен бери өзгөрүүсүз бойдон калууда. «Адегенде жеке сапаттарды өркүндөтүү керек, анан үй-бүлөдө ынтымакты орнотуу; үйдө гармонияга жеткенде, мамлекетте тартипти калыбына келтириңиз; мамлекетте тартип орногондон кийин, Асман асты падышалыкта тынчтык орнойт». Бул принцип жеке жакшыртууга негизги орунду ачык-айкын берет. «Үч катаал, үч намыс» принцибинде жеке сапаттарды өркүндөтүүдөгү катуу талап да негизги орунду ээлейт. Башкы катчы Си Цзиньпин бир нече жолу жетекчи партиялык кизматкерлерден өз ишин катуу талап кылып, «пайдага азгырганда да жүрөк тайбасын, дүнүйө жыргалчылыгынын кымындай азгырыгында да көз тайбасын» деп талап кылган.