– Алло, Саллом аллейкум, Азат, кандай ээй…? Эмне чалбайсың? Чалсам же албайсың? – деди күлкү аралаш

– Аллекума ассалам. Жакшы. өзүң кандайсың?

– Эээ..жүрөм…

–Иштеп жатасыңбы? Эмне жаңылык?

–«Жаңылык деле жок. Жумуш жок ээ…Отурам үйдө…Аяшың багып жатат» деди Нурик калп каткырып.

– Бир чон мейманкананын ичин бүтүргөнгө бригада керек болуп жатат, кошулбайсыңбы?

– Эээ…прораб менен иштешким келбейт. Жүрөмбү акчамды ала албай…

– Эмнеге ала албай калмак элең. Иштегениңди аласың да…

–Жо-о-ок…эээ…Андан көрө карызга акча берип турчу. Иштегенде кайра берем…

– Акча жок..дос таарынба…Мейли анда…чалышабыз да…(Азат трубканы коюп койду)

Нурик телефонун карап өзүнчө сөгүнүп алды да. үйгө кирип тартмадагы сөйкө, шакекти төш чөнтөгүнө салып койду. Эми эптеп 20 сом таап алып, Ош базарына жетиши керек. Анан сөйкөлөрдү, шакекти өткөрсө акчалуу болуп калам деп ойлоп сүйүнө түшөт. Эскирген жыгач дарбазаны жаап сыртка чыкты.

***

Сөөк коюу зыйнатынан чон эне келин, уулдары менен үйлөрүнө кайтып келе жатышты. Кечээ көргөн бүгүн жок болуп, адам өмүрү тез эле жылт этип өтүп кетерине бир ишенип, бир ишенбей «Капырай десең, кечээ эле төрөлүп бирок, жылдар өтүп жашабагандай, тез эле убакыт сааты чыгып адам бул дүйнөдөн кетет экенбиз. Алдыга умтулуп, алдыдан жакшы бир нерсе үмүт этип жашай берет турбайбызбы. Көрсө ушул мүнөттөрүн, ушул сааттарың маанилүү да, маныздуу да турбайбы» – деп чон эне ойлуу…

Терезени тиктеген улуу келини кызмат кылчу бала-бакыра, келин-кесек табылбай бышырган эт чала бышып, колго суу убагында куюлбай, баш аламан өткөн бул сөөк коюу зыйнаты тууралуу ойлонуп келе жаткан. Улуу келиндин жүрөгүн өйүгөнү «Эгер кайненемдин көзү өтүп кетсе, шаарда жүрүп, шаарда өскөн бала-бакыра, келин кесек деле шыпылдап тейлеп жибербейт турбайбы. Баары эле дубалга жөлөнүп жалдырап туруп беришет экен да. Тыңыраак чай куюп, дасторкон тейлей алышпайт экен да…»-деген маселе болчу. Ортончу келинин оюнда атасына арнап, эки ооз сөз айтып ыйлоого жарабаган эки кыз бар эле. «4 сап кошок ыр жаттап алышса болмок экен. Секелек кыздай бышмыңдабай…» деп ойлоп коет да «Баса…ыйлоого, кошок айтып үн чыгарууга тыйуу салынган да…» деп өз оюуна өзү жооп табуу менен алек. Машинедеги эркектер сөөк жууганы киргенде сөөктүн жупжумшак болуп катыбай калганы тууралуу сөз кылып жатышкан.

Эненин улуу баласы:

– «Сөөктүн капкатуу болуп катып, анан кабырга түшкөнү жакшы. Сөөк катыбай калса жаман белги деп апам айткан. Тактап сурап көрөйүнчү»-деп апасына кайрылып үнүн бийик чыгарып «Ие..апа..сөөк катыбай калыптыр. Молдо ырым жырым жасаш керек болчу да ээ…?» – деди

Бул сөздү уккан апа чочуп кетти. «Караңгүн!!!, молдо ырымдаган жокпу кабыр башында…иия…??!!»-деп жиберди.Эркектер – «эмне ырым жырым болуш керек эле» дегендей бири бирин суроолуу карап коюшту. Азыркы орто жана жаш муундагы адамдар бул тууралуу билбей турганынан эненин кабары жок эле.

Бул нерсени уккан чоң эне чийки май жегендей абалда калды. «ээ..Жараткан жакшылыгын эле берсе экен. Арты кайырлуу болуп, калган өмүр жашын балдарына берип, балдары, тууган уругу аман эсен карылыкка жетишсе экен…Эээ..кудай жамандыктан сактай көр…»-деп ичинен миң мертебе тилене берди. Машинеде эркектер – «Көп дарыланып, дары-дармекке чыланган дене, жан чыккан соң катыбай былпылдап калат экен. Эч кандай ырым-жырымдын кереги жок, Алла-таала ажал жазса, ар бир пенде ичээр суусу түгөнгөн күнү, тиги жайга узайт»-деп бакылдап талкуулап келе жатышат.

***

Креслодо чайпалган Руслан папкалардагы анкета, документтердин баары менен таанышып чыкты. Эмне деген керемет сулуулар! Айрымдары ар түрдүү конкурстун жеңүүчүлөрү экен. Эл алдына чыгып өнөрүн тартуулап жүргөндөрү да бар экен. Деги, ар бир аялзат бул бир керемет аалам экенин дилинде туюп Руслан ойлуу отурат. Бирок жеке Руслан үчүн бир да аялзат өзгөчө эмес эле. Келбетине таянып кандай гана аялзат болбосун көңүлүнө жакса имерип алып, кол жоолук кылып каалагандай пайдаланып, аягында ортолорунда эч нерсе болбогондой басып кетүү, бул сулуу жигит үчүн кадимки эле эркектик көнүмүш жүрүш туруш катары сезилчү. Аялзаттын Русланга ишенген таза сезими, аруу махабаты бул жигит үчүн маанилүү деле эмес. Арзуусун айтып боздогон Гүкү, сүйүп калганын колко кылгандай айласын алты кетирген чатак кыял Наргиз, миң түрлүү айла амал ойлоп тапканга маш Тахмина…деги кандай гана түрлүү аялзат менен мамиле курбады. Акыр аягы көксөөсү канып, кызыгы тараганда эки колун чөнтөгүнө салып ышкырып кетип калчу. Бир да жолу аялзаттын арзуусуна татыш үчүн акактап аракет кылып көргөн эмес. Дегеле, Руслан өзү жоопкерчиликсиз, милдетсиз, эркин, жеңил мамиле курууга ыктачу…