Кайниси каза болуптур деп уккан жеңе ордуна отура алган жок. 80ден ашып калган бул чоң эненин күйөөсү тараптан эң жакын тууганы ушул кайниси эле калган эле. Башкалары эртелеп эле 50-60жаштан ашып ашпай, тиги жайдын кишиси болушкан. Бара тургандар чогулуп жолго чыкмай болушту. Ал ортодо ортончу келини шыпылдап «Алыс жолдо кайра барыш деле кыйын да. Биротоло дасторкон даярдап чыкпайлыбы. Куран окута келебиз да»-деп жүгүрүп жүрөт. Чоң эне: «Салтта жок жосунду баштабачы! Сөөгү муздай электе, куран окуй калат элем деп жөөлөшүп жүрөйүнбү! Койчу! кайдагыны айтпай!»деп кагып койду. Курган чоң эне, акыркы мезгилде мындай көрүнүш эрен-терөөнү жок эле салтка айланып, сөөгүн жерге берип, жоготкон адамы эми кантип муздак жерди жазданаарына ишене албай, боздоп турган жакындарынын жанына таттуу-табыр баштыктарын колтуктап барып алып: «Куран окуй кетели, жолго чыга берели»-деп азалуу жандарды жеңинен тартып кыпчылып жүргөндөр көбөйгөнүн билбейт эле…
Акыркы он жылда жакшылыктарда жалаң кафе, ресторанда гана өткөрүлүп, баягыдай бутту чоюп кенен төргө отуруп, бала бакыра менен ал жай сурашып, алардын турмушунан аз да болсо кабардар болуп туруу деле калып бараткандай. Карылыктан уламбы, андай тойлорго деле чон эңе дайыма эле келе алчу эмес. Кайнисинин 2 кыз, бир эркек баласы үй жай күтүп, очор бачар болушканын чоң эне билчү.
Жамандык чыккан үйгө жете келишти. Эркектер машинеден түшүшүп өкүрүк салып алдыга жөнөштү. Аялдар аярлай басып артынан ээрчишти. Үй тараптан үн чыкпады. Кадимки боз үй да жок. Чон энени сөөк жаткан бөлмөгө киргизишти. Аялы каза болгон соң, 18 жыл бойдок өмүр сүргөн кайнисинин башында эки кызынан башка жан киши жок. Көздөрүнө бир тоголок жаш албай отурган эки кыздын бетинен өптү. Мелтиреп моло таштай катышат. Чоң эне таң кала түштү. Тунжураган, бир ыйлаган киши жок үрөй учурган бул көрүнүштү Сыйдагүл апа өмүрүндө биринчи жолу көрүп отурат. «Капырай, ай, кутула тажаган немедей ушундай да болобу. Ыйлаган бир киши жок. Ушунчалык жек көрүндү өмүр сүрдү беле?. Бар тапканын балдарына чаптап, айрымдарга окшоп кайра төшөк жаңыртам деп чамынбай, зыңкыя басып, зымырайып жашоо кечирген, билимдүү, журтуна кадыры бар кайнисинин акыркы сапары ушундай болот беле? Жакшы көргөн итиң өлүп калса деле жүрөгүндө мээрими бар адамдын көзүнө бир тоголок жаш келет эмеспи. Балдарына итче да кадыры өткөн эмеспи?» -деп көзүнөн аккан жашын улам бет аарчысын менен сүртүп эне ызалуу. Алыс-жакындан келген кишилер улам көбөйө берди. Сырттан бышактап келген аялдарды бат эле бас-бас кылышып бөлмөдө өлүү жымжырттык.
Аңгыча бөлмөгө кирип, кабагын чытып, колдорун силкилдетип сөөк башында отурган эки кызга бирдемелерди айтып жаткан өзүнүн улуу келининин оозу эле кыбырайт, эмне деп сүйлөп жатканын дааналап чоң эне уга албады.
Кайнисинин баласы да, кыздары да дин ишениминде экенинен Сыйдагүл кабары жок эле. Мал сойууга, боорсок бышырууга, ыйлоого катуу тыйуу салынган экен. Аркы кичине үйдө эки сааттан бери эненин улуу баласы сөөк ээсине кыргызда канга сиңген адат бар экенин түшүндүрө албай, короо толтура элди кайда батырып, эмне кылганы жатканын өзү түшүнө албай талаш-тартыш болуп жатканын эч ким билген жок. «Эмне…эт жегени келдиңер беле?» – деген үй ээсинин айтуусу боюнча сөөк коюлгандан 3 күн өткөн сон кафеге куран окулат экен. Кафеге кетчү чыгым менен сөөк башындагы чыгымдын айырмасын түшүнө албай эненин уул келини бушайман. Үй ээсинин чечими кандайдыр бир деңгээлде туура экенин, эл арасында калыптанып калган жамандыкта мал соймой деген көрүнүшкө көнгөн бул улуу муундун кабыл алышы, макул болушу күмөн эле.