– Мына сен келе турган дүйнө, сен эңсеген дүйнө. Бул жерде өлүм, ооруу, кыйроо, кыйынчылык жок. Эң улуусу отуз жаштагыдай көрүнөт. Бал жешет,алтын чөйчөктөн суу ичишет. Чөйчөктү да, балды да сатып алышпайт. Жаратылыш менен ынак жашап, бул жерде бактылуу өмүр сүрүшөт деген үн кулагыма жаңырды.

Көк  мухит сыяктуу асманды көрдүм. Андагы апапак булуттар көздүн жоосун алат. Куштардын сайраганы кулагыма жагымдуу угулуп, суунун акканы жүрөгүмдү тынчтандырып балкып отурдум.

– Тур биздин шаарга кир. Ал жердин тургундары сени тосуп алышат. Шаар дарбазасына жакындап калдым. Дарбазанын эки канаты бар экен. Эки канатында экиден көгүчкөн конуп турат. Куштун көздөрү ушунчалык сулуу болгондуктан, аларды көргөндөн баштап жүрөгүм кубанычка толду.

Дарбазага жакындап калганда эшиктер ачылды. Аны кимдир бирөө ачкан жок. Өзүнөн өзү ачылып кандайдыр бир коңгуроонун жагымдуу үнү угулду. Коңгуроонун кыргагына көзүм түштү. Анда “Кош келиңиздер” деп жазылып туруптур. Арстан алдыман тосуп чыгып, мени күзөтүп алып баратты. Ал менин көзүмө жоокер өңдөнүп кетти. Тегерек үй көзүмө урунду, терезелери да тегерек экен. Терезесинде пушту кездемеден тигилген пардалар илинип турат. Ал үйдөн нан көтөрүп чыгып келе жаткан кыз көрүндү. Ал жылмайып: – келиңиз нандан жеңиз. Ушул үйгө конуп мейман болуңуз деп ийиле салам берди. Кыздын көгүш желбиреген жука көйнөгүнөн дене мүчөсү көрүнүп турду. Колдору назик,илеби кызыл келишимдүү, чийме каш жылдыздуу бийкечти көргөнүмдө ага тамшанып карап , дүйнөдө жашап жатканыма ыраазы болдум. Мындан бир күн мурда өлгүм келген болчу. Бүгүн мындай кереметүү дүйнөнү көргөнүмдө кайра – кайра жашагым келип, жан дүйнөм жашарды. Тегерек үй тараптан жыпар жыт аңкып, мени өзүнө тартты. Ары жакта жалпак бирок көрүнүшү кооз ар кандай үйлөр көрүндү. Жаш балдар ойноп жүрүшөт. Бак – дарак жапшашыл, кызыл – тазыл гүлдөр айлананы кулпунтуп, ушул жерден жашоо башталгандай….

Бийкечтин колундагы нандан ооз тийип бүткүчө, ары жактан узун бойлуу, чачын артка тараган, ак көйнөкчөн жигит келип калды.

– Салам биздин кадырлуу коногубуз. Киши да көзүмө ажарлуу көрүндү. Негедир бул жерде коркуу, тынчсыздануу жок. Кишиге колумду сундум. Саламдашкан соң, ал өзү менен тааныштырды.

– Менин ысмым Канафил. Мен үй бүлөм менен төртүнчү үйдө жашайм. Эки кызым бар. Аялымдын аты Бинаил.

– Кечиресиз бул жерде палестиналыктар, азиялыктар да жашайбы?

– Сиз өлүктөр дүйнөсүнөн келдиңиз ошондуктан ушинтип сүйлөп жатасыз. Биздин шаарда улуттар эмес элдер жашашат. Кайсы жерликтер эмес, тандалган элдер жашайт. Мен эч нерсеге түшүнбөй үйдүн ичине кирдим.

– Олтуруңуз деди мени биринчи тосуп алган бийкеч. Дасторкон жайып, даамдуу тамак – аш, мөмө-жемиштин түрлөрүн жайнатышты. Мен негедир өзүмө келе албай толкунданып турдум. Жүрөгүмө эбегейсиз тынчтык орноду. Ал жердин тургундары менен тил табыша баштадым. Алар мени даамдуу тамактар менен коноктоп жатышты.

– Мен сиздин атыңызды суроодон ийменип жатам. Жанагы бийкечке сүйлөгөндө сүрдөп , эки бетим чоктой кызарып чыкты.

– Эдеми деди кыз назик үн менен.

– Менин атым Тоби. Сиздин Тоби экениңизди уктум. Кыз менин жанымдан аркы-терки өткөн сайын, жыпар жыт аңкып турду.

– Мага дүкөн каерде экенин айтып коесузбу?

– Эмне муктаждыгыңыз бар?

– Мурут алуу үчүн устара сатып алсам болобу? дедим.

– Канафил мырзанын үйүндө жаңы иштетиле элек устаралар бар. Азыр сизге алып келип берем.

– Жок тим эле коюңуз, дүкөндөн сатып аламын.

– Бизде дүкөн болбойт, кампалар болот.

– Эмнеге? мен таңыркап сурадым.

– Биздин үйлөргө башка шаардан бизге керек болгон буюмдарды алып келип беришет.

– Анда мен тыйын берейин Канафил байкеге берип коёсуз дедим .