Ошондуктан менин жазган эмгегим мага да, окуган окурмандарымда да пайдалуу жагын тийгизээрин ниет кылам.

Жаралган чыгарманы суугарып, жашоосуна жашоо улап, өмүр бере турган бир кана жаратуучу, ошол эмгектин ээси экендигин түшүнөм, себеби баардык нерсе энергиядан турат. Бирок, ар бир нерсени тамактандырып, өркүндөтүп, жаңылап туруу үчүн турмуштук тажрыйба керек. Менин турмуштук тажрыйбам “мен өзүм үчүн кана” басып өткөн жол. Ар кимдин баскан жолу ар кандай. Ошондуктан бул китепти окуган адам өзү каалаган керектүү, пайдалуу жагын кана алып калган жагын каалагандай түшүнсө болот. Ар бир адамдын, өнүгүү, өсүү жолу ар кандай. Каала макта, каала, ушакта, сында, ал сенин өнүгүү деңгээлиң. Кандай түшүнсөң ошондой жыйынтык аласың. А мен болгону билгендеримди окурмандар менен бөлүшкүм келди. Керектүүсүн пайдалан.

Мен дагы көп адамдардын турмуштук тажрыйбасынан пайдаланам, колдоном. Албетте, ыраазылык билдирем, ашыкча кетсем, кечирим суроо менен өзүмдүн, дүйнөмдүн өнүгүү, өсүү жагына пайдаланып, ниет кылып жашап жатам. Кимдердин турмуш жолу, эмгеги менен тааныштым, тажрыйбасын пайдаландым, өз жашоом менен айкалыштырып пайдаландым, ал жөнүндө китептин арасындагы сөздүрдүн маанисине жараша ар кайсыл барактарда жазылган окуялар менен таанышып, түшүнүк ала алаңар болот.

Ката кетирүүдөн эч ким гарантияланган эмес, ошон үчүн ар бир адам жаңылышууга акысы бар. Жаңылат, турмуштан тарбия алат. Ушул китеп аркылуу көргөн кемчилигиңер жөнүндө ар бириңердин ачык ойлоруңарды айтууга укугуңар бар. Ар бир адамдын жашоого болгон көз карашы ар кандай жана каалагандай бурмалай алат. Ниетиң өзүңө калыс болсун. Себеби, сени эч ким жазалабайт, аны сенин “намысың” кана жазалайт. Ошон үчүн өзүңдүн жасаган аракетиңди терең ойлонуп, түшүнүп жасаган ден соолука пайдалуу.

Албетте мындай акыбалга мен да көп жолу туш болгом. Мүмкүн болушунча мени мактаган же жамандаган адамдын мүнөзүн өзүм менен байланыштырып түшүнүүгө аракет жасайм.

Себеби, он адам чогуу отуруп сүйлөшө келсе он адамдын он түрдүү ою, жашоого болгон ар түрдүү көз карашы бар. Ошон үчүн бул китепте жазылгандын баары “эң туура” дегенден алысмын. Ар бир адам өзүнө пайдалуусун алат, ашыкчасын эмне кылуу керек экендигин өзүңөргө белгилүү.

Турмуштук тажрыйба деген эмне?

Негизги, өзүңдүн тажрыйбаң качан болот?

Качан кана адам – өзү аркылуу, денеси аркылуу, “ өзүнө керектүү нерсени аң сезими менен сезип, түшүнүп» жашоодо колдоно алганда, өз колу менен жасай алганда, өзү жашап көргөндө кана болот. Ал нерсе – генге, канга, информациялык маалымат талаасына жазылат. Ден соолугуң чың болсун десең тажрыйбаңды “өзүңдүн денең аркылуу” өткөрө бил. Бул чындык.

Адам психологиясы жашоодо тогуз этаптан өтөт. Ошол этаптарды аң сезимдүүлүк менен түшүнүп, басып өтө ала албасаң, турмуштук тажрыйбаң жок болсо, айланып келип эле, ошол, билбей же жасай албай калган жерге келгенде, баткакка баткан сыяктуу тыгылып же айланпага түшкөн сыяктуу бир ордуңда туруп, мындан ары эмне кылаарыңды билбей калган болосуң.

Билген нерсени жасоо дайыма оңой жана тез болот.

Ал эми билбеген нерсени жасоо, андан өтүү эмгекти, аракетчилдикти, чыдамкайлуулукту, чыгармачылыкты, сезимталдыкты, кечиримдүүлүктү, талапсыз, чексиз сүйүүнү талап кылат.

Албетте, ар бир нерсенин башталышы кыйындай сезилет, бирок жасай берсең бара – бара көнүмүш адатка айланат. “Көз коркок, кол баатыр” – дегендей. Жашагың келсе, жашоонун кызыгын көргүң келсе албетте, алдыга умтулуу, өнүгүү, өсүү керек, ар бир секунданы баалап, ыраазы болуп жашоону үйрөнүү керек. Ансыз ооруу, картайуу, өлүмгө карай тез тездейт. “Аң сезимиңди” ойготуп, билим алуу жогорулоого жардам берет. Ал үчүн адамга маалымат керек, түшүнүү керек.