Азыркы психологиялык акыбалым кандай?

Жан дүйнөмдүн тазалыгы кандай?

Өзумдү өзүм алдаймынбы?

Сезимим менен кантип иштегенди билеминби?

Мына ушул суроолордун жардамы менен мен өзүмдөгү кемчиликтерди, жетишпестиктерди жана артыкчылыктарымды күндөн күнгө ачык, так, даана көрө баштадым.

Албеттте, кебетем да ошол шартка ылайык өзгөрүп жатканын өзүмө өзүм байкоо жүргүзүү менен көрүп келе жатам. Аны “аң сезимим менен түшүнгөндөн кийин кана денемдин өзгөргөнүн” сезе баштадым.

Бара – бара ойлогон ойлорум тазаланып, керектүү сөздөрдү сүйлөп, келген ойлорумду талдоочу болдум. Сезимим жакшыра баштады.

“Жан дүйнөмдүн тазалыгы – ден соолугумдун тазалыгы” экендигин түшүндүм.

Канчалык “жан дүйнөм” тазаланган сайын, ошого жараша мамилелеш адамдарымдын да өзгөргөнүн байкадым. Жашоодо чөйрөмдөгү адамдардын кандайча “ойлорду ойлоп, сөздөрдү сүйлөп” жатканына маани берип, ал адамдын ден соолугунун кандай акыбалда экендиги мен үчүн көрүнүктүү болуп калды. Көкүрөгүм ачылып, ички дүйнөмдүн өзгөргөнүн сезе баштадым.

“Жан дүйнөнүн калыптанышы – бул адамдын ички дүйнөсүнүн калыптанышы”. Ал эми “Ички” дүйнөнүн “Сырткы” дүйнө менен барабар болушу – бул ар бир адамдын ден соолукта болуп, тынччылыкта, бай, бакубат, бактылуу жашоосуна шарт түзөт.

Бүгүнкү күндө бул сөздөрдү кээ бирине ачык айтсам, кээ бири түшүнбөстөн тескери кабыл алат. Себеби динге болгон көз карашы күчтүү болгондуктан “башка динге чакырып жатабы?” деген коркунучу менен күмөнсүрөөсү күчтүү болуп, шектүү көз караш менен карашат. Андай адамдар менен мамилени бузбоо үчүн унчукпай, байкоочу болдум.

Ошентип күндөн күнгө денемдеги оорууларым азайып, ден соолугум чыңдала баштады. Денеме болгон ишенимим күчөдү, сезимим жакшыра баштады.

Тамак-ашты пайдалануу күндөн күнгө сапаттуу болуп өз нугуна түшүп баратат. Организимге кандай керектүү витаминдер пайда берээри жөнүндө көп түшүнүк, билим алып, аларды күнүмдүк турмушта пайдаланууга өттүм.

Мүмкүн болушунча куурулган тамак ашты азайтып, кайнатма, бууга бышкан тамак ашты көп пайдаланчу болдум. Албетте мөм-жемиштерди көп пайдалануу зарылдыгы, шириндиктерди аз пайдаланып, ачуу тамактардын пайдалуулугу түшүнүктүү болду. Ошондой эле өттү кургатып албаш үчүн тамакка өсүмдүк майын пайдалануу керектигин түшүндүм.

Бир күндө 2-3 литрге чейин организм сууну талап кылаарын билсем дагы, турмушта пайдаланчу эмесмин. Бирок аны сөзсүз ичиш керек деп организимди кыйноонун кереги жок. Организм талап кылганда кана ичүү керектигин түшүндүм. Суу ичкиң келбесе дарбыз менен жүзүм дагы суусундукту канааттандыраары көпчүлүккө белгилүү. Дене 80-90% суудан турат деген маалыматтар бар, Чындыгында суунун өлчөмү денеде өз нормасында болбосо, тери сөөккө жармашып тез картаймакбыз.

Жыйынтыгында сууну аз-аздан уурттап ичүү зарылдыгы мага түшүнүктүү болду. Айрыкча таштан ташка урулуп бышылган суулардын пайдасы бар экендигине көзүм жетти. Себеби, суу аркылуу денеге эң керектүү кремний элементин алабыз. Ал ден соолуктун бирден бир сактоочусу. Ал эми сууда кремнийдин составы болуш үчүн майда тоонун талкаланган таштарын иче турган суу куюлган идишке салып мезгил– мезгили менен тазалап жууп пайдаланса болоору да мага белгилүү болду.Бүгүнкү күндө, майда таштарды талкалап, ыңгайлуу пакеттерге салып, ден соолукка пайдалуу экендигин түшүндүрүп, бизнес кылып сатып акча тапкан ишканалар да бар.

Сууну өтө муздак ичпестен дененин нормалдуу 36,4 градус температурасында ичүү зарыл. Муздак же өтө ыссыкты ашказан нормалдуу температурага алып келип андан кийин аш кылат. Ал үчүн энергия керек. Эгерде, тамакты аш кылууга ашказандын өзүнүн күчү жетпесе анда энергияны көк боордон алышы мүмкүн. Ошон үчүн дененин башка жагын жабыркатпайын десең ашказанга өтө ыссык же өтө муздак нерсени салбаганды үйрөнүү керек. Ар кандай рак орууларынан алдын ала өзүңдү сактайсың. Көк боор тарап жылуулукту сүйсө, боор муздакты талап кылат. Бекеринен индиялыктар көйнөгүнүн оң тарабын ачык кармап, сол тарабын материал менен жабып алышбайт. Себеби, аларда илгертен денени кантип сактоо жөнүндөгү инстинкти сакталган. Ал эми, температураны түшүрүү үчүн боорго муздак нерсени коюшкан.