– жаныңдагы ар бир адам – “сен, ички дүйнөңдө учур чактагы өзүң» экендигиңди түшүнүү”
– “ошол кемчиликтин үстүндө иштөө”,
– мамилеңди оңдоо, бирөөгө айтылган сөз өзүңө өзүң айтып жаткан сөз экендиги түшүнүү.
– “өзүңдүн терс оюңду тазалап”, позитивге буруу
– “пейилиңди кенен коюп”, айкөлдүккө үйрөнүү
– “сөздөрдү өз ордунда айта билүү”, маанисин түшүнүп сүйлөө
– “өзүңдү – өзүң урушуп, жемелөөнү токтотуу”.
– өзүңдү өзүң урушуу менен өз дүйнөңдү бузуп жаткандыгыңды түшүн
–өзүңдү кандай болсоң ошондой кабыл алууну үйрөнүү
“Эмнени кааларыңды ачык, так “ойлоно”, “айта билүү”, “сезе билүү” Мисалы : – “Мен ушул минута, ушул секундадан баштап өзүмдү өзүм урушканды, жемелегенди токтоттум”.
“Урушуу, жемелөө, күнөөлөө, күнөөлүү болуу” – деген сөздөрдү өз нормасында өз нугунда качан, кимдер арасында, кантип пайдаланууну так, даана, өз өлчөмүндө билемин.
“Өзүмдү кандай болсом, ошондой кабыл алдым” “Менин жашагым келет”.“ Мен сапаттуу жашоону тандадым”.
“Мен кубанып, сүйүнүч менен жашап жатам”.“Мен өз дүйнөмдө бир кана өзүм “негизги адам” экендигимди түшүнөм жана өз алдынча, “эркин адам” экендигимди кабыл алдым”.
“Менин эрким жана аң сезимим кол тийгис!”“Мени эч ким сөз кылууга, айыптап, каралоого акысы жок, ар бир адам өзүнчө чоң Аалам бөлүкчөсү!”– экендигин түшүндүм.
Ар бир адам жашоонун жыргалын көрүүгө татыктуу. Аны бузган адамда илимдин, билимдин, маалыматтын жана жашоодон алган тажрыйбасынын керектүү деңгээлде жетишпегендиги экени анык. Ошондуктан, бактылуу болгуң келсе төмөнкүдөй ойлордон пайдалансаң болот: “Мен Ааламда бар баардык жакшы жашоонун ээси болгум келет”.“ Мен ушул секундадан баштап бактылуу болууну чечтим!”“Мен бактылуу болууга татыктуумун”.
“Мен өзүмө өзүм бактылуу болууга уруксат бердим”
“ Мен өзүмдүн бактымды кабыл алдым”“Мен бактылуу жашап жатам!”“Мен бактылуу жашап жатканыма ыраазымын!”
“Мен ар дайым, өмүр бою бакыттын толкунундамын!”
ж.б.у.с. ойлорду ойлоп, сөз менен айтып, тилек, ниет кылуу жакшы жардам берет. Ачкыч сөздөргө көңүл бөлүп, маанисин түшүнүп айт.
[А] Менин оюм таза, сезимим тунук, сөздөрүм так, көңүлүм шат! Таза ойлор ден соолуктун булагы!
Ой кандайча иштейт?
Ой – бул нур. Ар бир адам – басып жүргөн жаны бар «антенна» сыяктуу. Укканга күлкүлүү, бирок ой менен ар кандай толкунга уланып турабыз.
Кандай ойлонсоң ошол ойдун толкунуна уланасың, телевизор, радио, телефон каналдардын толкунунда маалымат берген сыяктуу. Бирок, ойдун кубаттуулугу атомдук бомбадан да күчтүү экендигин далилдеген материалдар көп. Интернет аркылуу каалаган сурооңду берип, ар кандай жоопту ала аласың. Эмнеге ишенсең ошол нрсе сен үчүн туура.
Ойдун нуру, энергиясы укмуштай көп тармакта. Негизинен оң ойдун тармагы, терс ойдун тармагы дагы өзүнчө чоң дүйнө. Ал эми, өзүнчө талдап келгенде адамда кандай мүнөз болсо ошонун бары өз алдынча “нур тармак”. Ал эми, кубаттуулугу боюнча ойдун оң тармагы эки эсе күчтүү жана ден соолукту чыңдайт.
Адам баласы бир эле убакта бир канчалаган нурларга уланат. Уюлдук байланыш сыяктуу көзгө көрүнбөгөн миллиондогон, миллиарддаган нур жипчлерден турат. Канча сан болсо ошончо байланыш бар деп ойлоймун. Бул менин пикирим, а сен өзүң ойлонуп көр.
“Учур чакта” кандай ойду ойлонуп жатсаң ошол “ойдун толкунундасың!”. Аны башкаруу сенин колуңда.
Ал эми, ал толкундарды күчүнө киргизип, кубаттантып жаткан ар бир адам энергиясы, ойлогон ою, сүйлөгөн сөзү.
“Адам баласы – жаратуучу!”. Адам ою мейкиндикте кичинекей нур,ой менен чогулуп отуруп, океандай чоң толкунду ишке киргизет, б.а. жашоодо ГЭСтер электр тармагына ток берип жаткан сыяктуу.
Ойдун ылдамдыгы ар бир адамдын ой жүгүртүүсүнө жараша, денең канчалык деңгээлде таза, ден соолукта же кир, оорулуу акыбалында болсо, ошого жараша ойлоруң, жашооң болот. Ошого жараша аткарылуунун, ишке ашуунун убактысы, ылдамдыгы аныкталат.