Күндүн нурлары тыт менен карагайдын башын гана жарык кылып, күндүн батышын кабарлайт деп айтпа. Батып бара жаткан күндүн нуру дагы эле асманды кызгылт көк түс менен жарыктандырат.
Цитата «Партиядагы пенсионер кадрлардын жана пенсия курагындагы алдынкы коомчулуктун өкөлдөрүнүн ичинен прогрессивдүү коллектив менен болгон жолугушууда» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮМДҮРМӨ
Кеңири таанылган ырдын саптары жолдош Си Цзиньпиндин чын ыкластуу камкордугу жана шашылыш каалоолору менен сугарылган боорукердиктин жана сулуулуктун образын жаратат. Карыя жолдоштордун мойнунда тарыхый өткөн мезгилдер жөнүндөгү эскерүүнү камтыган баа жеткис тажрыйба топтолгон жашап өткөн жылдардын оорчулугу жатат. «Кытай» деген алп кемени кечээки шамал менен жамгырдан ары-бери жылдырып, бүгүнкү нукка түшүүгө, эртеңки сууга кирүү мүмкүнчүлүгүн берип, эң оор күрөштү бүгүнкү кары-картаңдар өздөрүн аябастан башташкан. Азыр да бул адамдардын баштары агарып турганда, алар жөнүндө байыркы накыл сөз менен айтууга болот – «карыган тайгак күркөдө жатат, бирок анын ойлору миңдеген чакырым алыска багытталган; эр жүрөктү жоокер жаш эмес, бирок анын жүрөгү кайраттуулукка толгон».
Саясий билим, жеке тажрыйба жана талашсыз авторитет түрүндөгү уникалдуу артыкчылыктарга ээ болгон эски муун жаңы муундарга тажрыйбаны, колдоону жана шыктанууну өткөрүп берүүгө катышууга мурдагыдай эле өзүнүн сарпталбаган күчүн жана рухий ынтасын толугу менен багыттай алат. Улгайган жолдоштор жаштардын арасында эскинин жакшы салттарын орнотууга, эмгек фронтунун алдыңкыларынын сапаттарын тереңдетүүгө, баалуу тажрыйбаларды үйрөтүүгө, жаштардын арасында активдүү турмуштук позицияны тарбиялоого, ошону менен өздөрүнүн куч-кубатын жана иштерин жыргалчылыкка кошууга, ушул сыяктуу «эки кылым» күрөшүнүн максаттарына жетүү үчүн, айланасындагыларды жүрөгүнүн ысыгы менен жарыктандырып, жылытууну улантууга жөндөмдүү. Демек, Си Цзиньпин партиянын отставкадагы кадрларын шыктандырат, алар формалдуу түрдө пенсияга чыкса да, сырткы көрүнүшүн жаш болбосо да, жан дүйнөсү жаш бойдон калууда, бирок жоокердик духун сактап, сарпталбаган күчүн жана духун элдин Кытай арзуусуна жетүү жолун жарыктандырууга багыттоодо.
ОРИГИНАЛ
Алдыда келе жаткан карылык, кимдин түйшүгү менен жашашы керек деген ойлор кимди тынчсыздандырбайт?
Эт арыктап барат, демек кемерди катураак тартуу керек болот, чач төгүлүп барганда, баш кийимди бир тарапка кыйшайтууга туура келет.
Көзүмдүн көрүүсү начарлап, китеп окууга мүмкүнчүлүгүм жок, болгону жыл өткөн сайын ооруларды эрмендин жалбырактарын күйгүзүү менен менен дарылайм.
Көп нерсени баштан кечирип, дарыя сууларынын алыстап баратканын көргөндөй жылдардын өтүп баратканын күзөтүп турам.
Ойлоп көрсөм, карылыктын да өзүнө жараша жагымдуулугу бар, андыктан муң басууну жеңип, жүрөк жеңилдик сезимине толот.
Күндүн нурлары тыт менен карагайдын башын гана жарык кылып, күндүн батышын кабарлайт деп айтпа. Батып бара жаткан күндүн нуру дагы эле асманды кочкул оң менен жарыктандырат.
Лю Юйси, «Чоу ле тянь юн лао цзянь ши» («Ле Тянь жиберген «Карылык жөнүндө ыр» ыраазычылык билдирген жооп ыры»), Тан доору
КОММЕНТАРИЙ
«Ле Тянь тарабынан жиберилген «Карылык жөнүндөгү ыр» аттуу жооп ыры тан акыны Лю Юйси (псевдоними Мэн Дэ, «Арман табуу») тарабынан жазылган болуп, ал өзүнүн боорукер досу Бой Цзюйга ( псевдоними Лэ Тянь, «Асманда кубануу») ыраазычылык жообу катары жиберилген. Эки акын тең чыгармаларын «Карылык жөнүндөгү ыр» деп атаганы менен поэтикалык формада жашоого ар кандай көз караштарды билдиришкен».
Лю Юйси менен Бо Цзюйи бир эле жылда – биздин замандын 772-жылы туулган. Жылдар ичинде акындар бири-бирине чыгармаларын тартуулашып, атүгүл «Лю менен Бодун ырларынын альманахы» аттуу биргелешкен поэзия жыйнагын чыгарышкан. Тан императору Вэнь-цзундун (836-ж.) «Кайчэн» («Жетишкендиктердин башталышы») деген ураандын астында башкаруусунун биринчи жылынын күзүндө 64 жаштагы Лю Юйси такты мураскорунун коногу катары борбор шаар Лоянга келген, Бо Цзюй да ушул кезде ошол жерде болгон. Башында Бо Цзюй «Карылык жөнүндө Мэн Дэге белек ыр» деген ырды жараткан: «Мына биз экөөбүз карып калдык жана өзүбүзгө суроо берип жатабыз: кары болуу кандай деп? Көрүү начарлап, түндө эрте уктоого тартат, баш иретсиз, чач таралбайт. Кээде үйдөн чыгып кетем, анда да таякка таянып, бирок көбүнчө кечке чейин үйдө бекинип отуруп калам. Тунук күзгүгө кароого өтө жалкоомун, ал эми китептерден кичине тамгаларды окуу да азаптуу. Барган сайын эски досторумду эстейм, мурдагы жаштыгымдын калдыктары байкалбайт. Ал эми менде жалан курулай жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр үчүн гана энергия калды». Поэмада автор улгайган адамдардын физиологиялык жана психологиялык белгилерин кеңири сүрөттөп, өзүнүн пессимизмин ачык айткан.