Чечме-Сай айылындагы «Ноокат билимканасы» аттуу лицей тибиндеги өзүнчө мектеп 1989-жылы ачылды. Бул лицейди ачууда алгачкы демөөрчүлөрдөн жана спонсорлордон айылдын атактуу адамы, бүткүл өлкөбүзгө таанымал улакчы Аманбаев Жумабай палван болуп берди. Азыркы мезгилде бул киши Чечме-Сай колхозунун башкармасы болуп, лицейге болгон жардамын улантууда, мыкты окуган балдарга өзүнүн атындагы стипендияны ыйгарып, картошка менен лицейдин ашканасын камсыз кылып, көмөкчү чарбаны өнүктүрүү максатында 3 гектар суулу жерди бөлуп берип, техника тарабынан тейлеп. Бул кишиден тышкары башка спонсорлор да бар болгон, негизи бул идеяны жергиликтүү калк да, райондук элге билим берүүнүн жетекчиси да (Абдрахманов Калмамат), райондук кеңештин терагасы да (ал кезде бул кызматта Абдураимов Эшболот иштеген) жылуу кабыл алганы иштин ийгиликтүү уланышына жакшы шарт түзүп берди десе ашыкча болбойт. Кандай нерсени баштаба, бардыгы ушул маселеге такалат эмеспи. Айлана-чөйрө бардыгын акыры чечет, мыкты идеяны колдосо колдойт, эгерде жалпы коллективдик акыл-эси ошого татыктуу болсо, ал эми түшүнүгү тар, карангы чөйрө эң сонун башталыштын да үзүрүн көрө албайт, эң мыкты баласынын кендирин кесип, шагын сындырат эмеспи.
18 чымыны бар баланы район боюнча катуу сынактан өткөрүп, тандап лицейдин алгачкы сегизинчи классы түзүлгөн эле ошондо. Бул балдар үчүн Чечме-Сай айылындагы Кара-Таш орто мектептин бир корпусун толук бөлүп беришет. Үч маал жылуу, сапаттуу тамак менен окуучуларды камсыз кылып, ошол эле корпустун ичиндеги жатаканаларга жайлаштырып, айыл жердеги чарбалык иштерден бул балдарды толук бошотушат.
Ошол окуу жылында эле райондук олимпиадага Ноокат билимканасынын балдары катышып бардык предметтер боюнча биринчи орунду ээлеп келишкен.
Ошол күндөн тартып бүгүнгө чейин лицеисттер райондук, областтык жана республикалык олимпиадаларында дайыма женүүчүлөрдөн болуп жатышат. Жыл сайын 18 бала катуу сыноо, конкурстан өтүп Ноокат билимканасына кабыл алынат. Бүгүнкү күндө ошентип окуучулардын жалпы саны 82-ге жетти. Алардын жарымы жергиликтүү балдар-кыздар, калганы Ноокат районунун башка айылдарынан терилип келишкен. Акыркы жылдары башка райондордон да, ал турсун Кызыл-Кыя, Ош, Бишкек шаарлардан да келип бул лицейде терең билим алып жаткандар пайда болууда. Алардын арасында мурда орус мектептеринде окуган балдар-кыздар да бар. Лицеистердин мындай район, область ал турсун (соңку мезгилде) республика боюнча «курамалыгы», ар-ар жерлерде өзүнчө тарбияланып, тили, психологиясы, өңү-түсү менен айырмаланып бирге ынтымак жашаганы да эң мыкты кошумча тарбиялык жагдайды түзүп жаткандай сыяктанат.
«Лицейдин балдар, ата-энелер арасындагы авторитети жөнүнде мындай эле бир көрүнүш баса белгилеп берет. Билимканага өтөм деп, бир жылдык подкурска илешип окуган кээ бир балдар, маселен, Көтөрмө айылынын тургуну Каныбек Абаралиев, подкурстун жазында болобу, кышындабы 5—6 чакырым аралыктан сабактарына лицейге басып келип билим алууда. Лицейге өтүп окугандардын арасында да мындай, «жүргүнчүлөр» жок эмес. Алардын биринин да окууга кечигип келген күндөрү болбогон, себеби подкурста бир жыл окугандардын арасында да лицейге өтүүчү конкурс бийик ар-бир үч подкурсниктен бирөө гана лицеист боло алат. Ал эми жалпы конкурс болсо соңку жылдары бир орунга 15—20 талапкерлер туура келип, кээде 30-га чейин көтөрүлөт. Мына ошондуктан лицейге өтүү институтка өтүү менен барабар болуп, элдин жалпы кызыкчылыгын арттырып жатпайбы. Бул жерде балдарды агай-эжекелер мыкты тарбиялап, дүйнөлүк деңгээлде окутуп, кийин институт-университетке өтө турган мезгилде да балдар менен кошо шаарга барып, аерде жайлаштырып, экзаменге киргизишет. Эгерде кайсы бир проблема пайда болсо, ошол жерде эле чечүүгө аракеттенишет. Жоопкерчилик деген мына ушундай болот окшойт.