Женаалы Камбаралиев,

журналист, директор телекомпании «Азия-ТВ»


Улуу ийгиликтер али алдыда


Убагында Кыргызстандагы алыскы тоолуу аймактарда талантуу кыргыз балдарлары үчүн 40 заманбап билимканаларды уюштуруу – бул чын эле улуу демилге болгон. Бул максат толук бойдон ишке ашырылбаган болсо да, өлкөбүздө бирин-серин «Ноокат билимканасындай» мектеп-лицелердин пайда болушу жана алардын алгылыктуу иш алып барганы, көптөгөн ийгиликтерге жете алганы мактоого арзыйт. Ар бир инсан, чыныгы адис же залкар жаран орустар айткандай штучный товар эмеспи, ошондуктан «Ноокат билимканасынан» 30 жылдан бери чыгып жаткан атуулдарбыбыз акыры Кыргызстанды көптөгөн албан ийгиликтерге алып келишет деген үмүттөбүз.

Назаркул Жоошбаев, журналист.


Китептин алгачкы басылып чыгышынын биринчи бети. 1995-жыл.

Ноокат Билимканасы: Келечекке саякат

Алыскы тоолуу мектептерди дүйнөлүк стандарттагы

окутуунун деңгээлине жеткирүү


Урматтуу окурман! Мындай бийик талапты коюуга биздин бугунку турмушубузда негиз барбы же жокпу? Ошого жараша акылыбыз, түшүнүгүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз жетишерликпи же бул жөн эле курулай кыял, көк мелжиген өпкөсу жок фантазиябы? Алыскы элеттик жергебиздин балдары өз айыл-кыштактарында жашап, ошол эле төрт тарабы тоого курчалган жерден окуп дүйнөлүк стандарттагы көрсөткүчтөргө жакындаган орто билимге ээ болуша алабы? Тайсалдабай айтканда, дүйнөлүк сапаттуу билимге чабан, дыйкандардын мыкты балдар-кыздары жетише алабы? Же мындай престиждуу окутууга Оксфорд, Париждерге жөнөтүлүп жаткан жалаң гана улуу жазучуулардын, президенттердин, банк мүдүрлөрүнүн, бакыйган акимдердин балдары татыктуубу? Ал эми токсон тогуз пайыз башкалары, асыресе төрт тарабы тоо менен курчалган айылда өсуп жаткан жаштарыбыз, ата-энелеринин жардылыгынан, тубаса таланттарына карабай, мындай окутуудан обочо калышабы? Ошол таланттарын бапестеп өрчүтпөй түбөлүк кой-малдын артынан жүрүп өмүр сүрүшөбү?

Жок, урматтуу окурман, окугусу келген адам каерде болбосун, эң сонун, сапаттуу билимге ээ боло алат экен, биз деле өзүбүз мындай мектептерди айыл-кыштактарыбызда өз күчүбүз менен ачууга, ишин жандандырууга кудуретибиз жетишерлик экен, ал турсун мындай мектептерди элет жерде ачуу – биздин турмушубуздун эң бир зарыл, көйгөйлүү иши, учурдун негизги талабы экен.

Себеби, бул «номер бир» проблемабызды чечмейинче, бул багытта зор иштерди аткармайын, биздин коом эртеңки рухий жана материалдык жетишкендиктерден куру калганы бышык. Ошондой эле жер-жерлерге бөлүнүүдөн, трайбализмден, айыл менен шаардын ортосунда күчөп бараткан ажырымдан, карама-каршылыктардан кутула албайбыз.

Мына ушундай бийик жана адал максатты Кыргызстанда уюшулган «Эркин Жаш Ишкер Адамдардын Достугу» аттуу соопчулук фонд (ЭЖИАД) өзүнүн негизги багыты деп билет. Бул фонд башынан эле өлкөбүздөгү бизнесмендерди, илимпоздорду, жетекчилерди, кыскасы, бүгүнкү эл агартуунун оор абалын түшүнгөн педагогторду, кайдигер эмес инсандарды, «натыйжасы ондогон жылдардан кийин билинүүчү» агартуу системасынын реформасына жогорку баа берген, ага инвестициялардын зарылдыгын баамдаган атуулдарыбызды бириктирет.

ЭЖИАДтын уюштуруучулары болуп Кыргызстандын улуттук Академиясынын Математика институтунун илимий кызматкерлери, физика-математикалык илимдердин доктору, профессор, Академиянын мүчө-корреспонденти Азрет-Алий Боташев, Математика институтунун ага-илимий кызматкери, физика-математикалык илимдердин кандидаты Омурзак Мамаюсупов жана физика институтунун ага-илимий кызматкери, техника илимдердин кандидаты Абдисалам Чылымов катышышкан. Булардан тышкары учредительдердин арасында «Асаба» партиянын активдуу мүчөсү жана жетекчилеринин бири Майрамбек Чекиров, борборубуздагы «Хен-Фен» банкынын кызматкери Каныбек Абдыкадыров, «Чыгыш» аттуу кичи ишкананын жетекчиси Асылбек Чолпонбаев жана Амирбек Усмановдор бар.