***
Канат үчүн жарытарлык эч нерсе биле албай Нурик кайтып келди. Канаттын өңү бозоруп, бүрүшүп такыр эле болбой калыптыр. «Эртең өзүм барбасам болбойт, мен минтип жүрө албайм…айй…ат-т-та-а-а» деп кыжалат болгон Канат бир орунга тура албайт. «Кырсык болгон жерди таштап кетүү да өзүнчө айыпталат да»-деп айласы түгөнүп Канат бетин эки алаканы менен жышып сүртүп алды. Канча жылдан бери досунун ойт бермесин жакшы билген Нурик анын өзү барып колго түшүп берээрине анча ишене албай турду…
***
Чылым күйгүзгүч сатып алган жигит сыртка чыгып кеткен сон, дүкөнчү эжени «Уулум күбө болгонун айтсынбы же айтпай эле койсунбу?»-деген суроо кайра жаңырып кыжалаат кылууда. Энелик жүрөгүндө уулун ар балээден коруп, ашыкча маселеси жок жүрүшүн каалаганы менен, бир үй-бүлөгө түн түшүп турганда, билип туруп, унчукпай коюуга да адамдык абийири жол бербей, эмне кылаарын билбейт. Жанатан, кырсык болуп эл чогулуп турганда милиция кызматкерине чуркап барып айткысы келген 15-16 жашар уулун тыйып «жөн отурчу, сенсиз деле таап алышат»-деп койгон. Эми жүрөгүн «жол тескөөчү кызматкерлер иштеп, издеп табышаар бекен, же…» деген суроо кыйнайт. Өткөн жылы дүкөнүнө кирүүгө болгон бирөөнүн кара өзгөй аракети, аймактык милиция кызматкеринин жалкоолугунан улам, ким тарабынан жасалганы билинбей калбады беле. Ошондо аймактык милиция кызматкери «Зыян болуп товарыңыз жоголбогондон кийин, арыз жазбай эле коюңуз»-деп койгон. Көрсө, арыз болбогон сон алар деле издебей, иштебей койсо болоорун бул сулууча эже кайдан билиптир. Дүкөнүн эртелеп бекиткен эже, үйүнө жетип эле керебетине кулады. Түшүнө ар нерселер кирип, эртең менен турса башы кеңгиреп калыптыр. Уулу мектепке кетиптир. Кечээки маселени дүкөнүнө жеткиче кайра жаңыртып ойлой берип, акыр аягы уулум менен милиция бөлүмүнө чогуу барып айталы деп чечти. Мектепке кеткен уулу ошол маалда спорт залдын айнегин сындырган баланы класс жетекчиге көрсөтүп берем деген классташын тыйып «Айтпай эле кой…эээ…айтып эмне кыласың»-деп жаткан эле. Апасы уулун тыйган үлгү тез эле уулуна сиңе түшкөнүн карасаң…
***
Баягы жерде имерчиктеп бир топ турган Канат менен Нурик, көздөн далда кылып бак-шак, бадалдын арасына житире айдап киргизип, токтотуп койгон жерден машинени алып чыгып, башка бекем жерге Нуриктин сунушу менен таң агара электе жашырып катмай болушту…
***
Ырыс жашаган аймактан бир топ жөө басып, Руслан чоң трассага чыкты. Шаар аралык каттаган экспресс машруттук таксилер да токтоп айлана терең уйкуга камынгандай. Чөнтөгүндө эс алууга деп катып койгон акчадан башка, ашык акчасы жок. Бирин серин өтүп жаткан машинелерге кол булгай баштады. Бир машине токтоду. Руслан: «Байке кайсыл жерге чейин барасыз?» деди машиненин эшигин ачып. Айдоочу шаардын кире беришинен бурулуп кетет экен. Баятан «Тулиева көчөсүнө 1-2 квартал болсо да жакындап барган машине болсо жакшы болмок. Шаардын ичине кирген сон кымбат таксиден башка айла жок болуп калат да, андан көрө, дагы ары барчу машине болсо багытташ болуп түшүп алайын да, андан ары жөө чыгайын»-деп ойлоп турган Руслан машиненин эшигин жаап «мейли, рахмат»-деп, ал машинеге отурбай узатып жиберди. 3-4 машинени тосуп оюндагыдай болбой жатты. Ангыча жылтылдаган аппак машине келип токтоду. Эңкейип терезесинен караса, 45 жаштардагы жакшынакай айым рульда экен. Автобекет кесилишине чейин барарын билип Руслан сүйүнүп кетти да, отурайын деп машиненин арткы эшигин ачса, эркектин узун буттары сороет. Айдоочу айым: «астына отуруңуз»-деди.
Магдыраткан музыка, жагымдуу атыр жыт каптап, жүрүп баратканы билинбей мелмилдеген салондо Руслан уйкусу келип кетти. Бой десе бойу, өң десе өңү бар бул жигит жанына отурганда эле айдоочу айым ага көз кырын салып койгон.