«Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы

«Валюталык башкаруу» тутумуна ѳтүп калсак, сомдун туруктуулугу камсыздалмак»

Бишкек, 21-декабрь, 2015 /Дайырбек Мейманов- Кабар/. «Жакында болгон орус рубли менен казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна дагы таасирин тийгизди. Буга чейин эле биз „валюталык башкаруу“ системасына ѳтүп калсак, улуттук валютабыздын регионалдык жана дүйнөлүк валюталык шокторго туруктуулугу камсыздалмак» -деди экономист, эксперт Кубан Чороев.

Анын айтымында, «Валюталык башкаруу» режиминде АКШ долларына сомдун курсу бир курс менен мыйзам чегинде бекитилет, экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланат. Бул деген сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан, мигранттардын акча которуусунан, экспорттун, импорттун кѳлѳмүнѳн, инвестициялардан эч кандай кѳз карандысыз болуп калат дегенди билдирет.

«Валюталык башкаруу» системасына ѳткѳндѳн кийин өлкөнүн улуттук валютасы азыркы нечен жолку болуп жаткандай, дүйнөлүк жана регионалдык валюталык олку-солкулуктардын таасирине дуушар болбойт. Россиялык рублдин жана казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна мурдагыдай таасирин тийгизе албай калат. Дүрбөлөңчүл маанайлар, белгисиздик жана Кыргызстандын чабал банктык системасына болгон ишенимдин төмөнкү деңгээли КР Улуттук банкынын сомдун курсун мурдагы деңгээлге кармап турууга болгон аракетинен майнапсыз болуусуна алып келди. Бул болсо биздин валютанын баалуу-лугун сактап калууга болгон Улуттук банктын мүмкүнчүлүктөрүнө күмөн саноолорду пайда кылды» -деди ал.

«Чет ѳлкѳлүк инвестициялар дайыма саясий гана эмес, экономикалык дагы туруктуу ѳлкѳлѳргѳ тартылышат. „Валюталык башкаруу“ системасына ѳткѳндѳн кийин, инвесторлор сом девальвация болбосуна ишенип, капиталдарын коркпостон биздин финансылык институттарга салганга жакшы жагдай түзүлѳт. Бул экономиканы монеталаштыруу коэффициентинин жогорулоосуна алып келет, башкача айтканда, экономиканын акча менен, демек, инвестициялар менен дагы камсыз болуусуна алып келет. Кыргызстандын коммерциялык банктарындагы насыялар боюнча жогорку үстѳктүк чендердин башкы себеби- биздин экономиканын монеталаштыруусунун тѳмѳнкү деңгээли» -деп кошумчалады К. Чороев.

Белгилей кетсек, жакында болгон орус рубли менен казак теңгесинин девальвациясы кыргыз сомуна дагы таасирин тийгизгени, доллар көтөрүлүп кеткени, бул болсо өлкөнүн саясый жана экономикалык кырдаалына терс таасир тийгизгени ЖМКларга жарыяланган.

«Кабар-Пресс» мамлекеттик маалымат кызматы

«Долларга болгон көз карандылыгыбыздын себеби-туура эмес акча системасын тандап алгандыгыбызда»

Бишкек, 4-январь, 2016 /Дайырбек Мейманов- Кабар/. «Экономикабызда бүгүнкү күндѳ ѳтѳ оор кырдаал жаралды. Ал эми экономиканын тамырын акча системасы түзѳрү белгилүү. Биз ѳзүбүздүн экономикалык кызыкчылыктарга жооп бербеген акча системасын 24 жыл мурун эле тандап алганбыз. Биздин ѳнүкпѳй келе жатканыбыздын негизги себеби – ушул тандап алган туура эмес акча системасы» -деди «Кабар» агенттигине экономист, эксперт Кубан Чороев.

Анын айтымында, Кыргызстандын бүгүнкү валюталык курсунун режими бул «эркин сүзүүчү валюталык режимге» кирбейт, ал Дүйнѳлүк валюта фондунун (МВФ) классификациясы боюнча «башкарылуучу режим» болуп эсептелет.

«Биз бул режимден кетишибиз керек да англисче „currency board“ деп аталган „валюталык башкаруу“ режимине ѳтүшүбүз керек. Мында экономикабыздагы сомдун массасы толугу менен Улуттук банктын резервине байланып, сомдун курсу АКШ долларына бир курс менен мыйзам боюнча бекитилет. Ошондо гана сомдун курсу экономикабыздагы башка факторлордон мисалы импорттун, экспорттун кѳлѳмүнѳн, мигранттардын акча которуусунан, инвестициялардан, же болбосо кошуна Россиянын рублинин жана Казакстандын тенгесинин девальвациясынан кѳз карандысыз болуп калат. Экономиканын долларлашуусунун жана АКШ долларына болгон талаптын деңгээлинин төмөндөөсү бир гана „валюталык башкаруу“ системасында ишке ашат. Топтоонун каражаты катары сом бардык мүнөздөмөлөрү боюнча АКШ доллары менен барабар болуп калат, демек, жарандар өздөрүнүн бардык долларлык топтоолорун сомго алмаштырып алышат» -деди ал.