Отургандар эт жеп, кымыз ичип анан тарап кетишти.
Кыргыз билермандары кечинде жыйын курмай болуп, баардык жерге кабар таратышты.
Түн кирип эртеси таң атты. Дагы бир күн өттү. Түн кирип дагы таң атты. Эки күн өттү. Касиеттү кыргыз эли. Миң Өзөн жергеси. Токой жолу. Асманы ачык, ай жарык. Жери жер, суусу суу болуп жайкалат. Калың токой анын арасында түркүн куштар үн безеп сайрашат. Жайыттан ат кишенеп, кой маарайт. Токойдун арасындагы булактан эки бугу суу ичип, чар тарапты абайлай карап, калың черге кирип кетишти. Тээ береги жайык талаа. Ал чоң карагайдан кураштырып салынган үйдүн жанында бийик даракта көгүш желек желбирейт. Береги мелтиреген жып-жылма улуу аска, байыркы замандан бери ичине сыр катып жаткансыйт. Асканын жанында улуу карагай ыргалып, анын канча жашка чыкканы белгисиз. Анын башына кыраан бүркүт жылда уялайт. Анын уясы ар кандай чычырганак, талдан жана башка бадалдан бекем салынып, жаныбардын жүнү менен жылууланат. Азыр бүркүт эне уяны басып, кыраан ата ага ар кандай азыктарды ташып берип, балапанын учуруп кеткен. Эки бүркүт балапандарын аман-эсен басып чыгарсын. Бар бол туулган жеримдин кыраан бүркүттөрү! Сенин шаңшыган сүрдүү үнүң биз жашаган жерден алыска-алыска угулсун! Биз сени менен сыймыктаналы! Бар бол касиеттү Эне Сайжерим!
Ушул аймак Олебектин жери болуп, кул-кутандары менен ушул чөлкөмдү мекендейт. Анын үйүнө ажо Ырыс, анын артынан Долон бий, Единал жана башка бир топ сөөлөттү кишилер келишти. Кыргыздарды ал кезде жалпы ажо башкарчу андан кийинки кызматта иналдар турушчу.
Чогулгандар семиз койдун этин жеп, ал арада Темүчүн жөнүндө сүйлөшүп жатышты.
– Эми эмне кылабыз?
– Балким тумат, кыштым, урасут, төлөс уруулары менен бириксек Темүчүндү жеңеер белек.
– Ай ким билет баарын кыйратып келаткандан кийин Темүчүндүн жоокерлерин токтотуу кыйындыкка турат го.
– Ооба Темүчүндүн колу күчтүү аны жеңе албайбыз. Жер жайнаган кара кытайларды да коркутуп жатпайбы.
– Канкордун колу күчтүү аны багынта албайбыз.
– Ошондуктан ага белек берип, ошолор тарапка өтсөк балким элибизди кызыл кыргын, кара сүргүн өлүмдөн сактап калаар белек. Андан башка бизде кандай арга.
– Бизге кошулуп душмандарыбыз менен согуш десечи.
– Согуша албайбыз жерибиз башка, жада калса дитибиз эки бөлөк. Алар менен эмне ишибиз бар. Балким анча-мынча салык төлөөрбүз.
Баардыгы Олобектин айтканына макул болушту. Эми белекке эмне бере турганын жөнүндө ойлонуп жатышты.
– Темүчүн баскынчы, кан ичеер эмеспи ага ыраазы болгондой кымбат белек бербесек болбойт.
Ошентип кыргыздар ителгинин кыраан чыкмасынан шумкар тандашты. Ак жана кара шумкарды, кан ичеер ушул эки кыраанды көргөндө биздин элди аяп, анча жамандык кылбас деген ойдо болушту. Ушул эки шумкардын атагы алыска белгилүү эле. Канаттуу кыраандар далай бүркүткө кол сала жара тээп, ар кандай илбээсин канаттууларды айылдын үстүнө топ-тобу менен айдап келип, бирден тээп түшүрчү. Бирөөнүн өңү агыш келип, куйругунун алдындагы сыңар жүндөрү жаңы жааган ак кардай аппак болчу. Тумшугу жана тырмактары кызыл эле. Карасынын өңү каралжын тартып, көргөн жанды улам-улам каранта берчү. Саятчы Каратөлөк «Көз тиет»– деп аны эч кимге көрсөтчү эмес. Бул шумкарды Долон бий кармап саятчы Каратөлөк экөө тапка келтирген. Ар бир шумкарды эки жүз койго бааласа боло турган эле. Бул тартуу менен бирге акбоз аттын башына окшотуп жасалган чылгый алтын бар болчу. Теңирим берип асмандан түшкөн кара таштан согулуп, токойду кыйып, көмүрчүлөр көмүр өчүрүп, уу булактан сугарып, ажыдаардын заңына үч ай таштатып, түн ичинде кындан суурса, айланасы жарык болуп жалыны өрттөй чыгып, тоону чапса таш кескен, шиберге койсо өрт кеткен кылычтарды, найзаларды буларды Ашмай, Эркашка, Көкүм табылгыс чебер усталар узанып жасаган эле.