Оодарылып жыл өтүп,
Ошол бала акыры,
Үмүт басып ортону
Он экиге так толду,
«Атакем кайда энеке?»-деп,
Акмалап сураар кез болду.
Кең Кашкардын калаасында
Калың бакча арасында
Балдар менен жарышып,
Карачоро ойноп жүрдү.
Кээ бир кезде сүйүндү,
Оңдуу жакшы сөз укпай,
Оюу такыр ишке ашпай,
Кээ биринде күйүндү.
Балдар айтты балага:
– Атасы жок баласың,
Талаадагы таштандысың.
Айлар өттү, жыл өттү,
Атаңды качан табасың?
Ага качан барасың?
Хан ордонун баласы эмессиң,
Сен чоочун башка жерденсиң.
Үйгө келип Карачоро,
Үн катпай жатып алды.
Эркелетсе энеси,
Ага көңүл бурбады.
Такыр үнүн салбады.
– Кагылайын береке!
Атам кайда энеке?
Айткының баардыгын.
Андагы болгон иштерди,
Ачыкка гана чыгаргын.
Эне болсо жашырбай,
Кеп салып байма-бай.
– Сенин атаң Тагай бий,
Ала Тоолук жан эле,
Мындан көп жыл илгери,
Өз жерине кетти эле.
Сен курсакта жатканда,
Төрөлө элек чагыңда,
Сага кестик таштаган,
Аманат сөзүн баштаган.
Он экиге толгондо,
Эс акылдуу болгондо,
Бөтөн элге кор болбой,
Бөлөксүнөөр тең болбой,
Ата баба жердеген,
Ала Тоого жибер деген.
Албан-албан ой менен
Акыл айткан кеп менен
Бир кездеги аянды,
Мага ушундай баянды,
«Айткының»-деп тапшырган.
Абалкыны калтырбай,
Аңгемелеп кеп салам.
Аманат сөздү аткарам.
Ошол иш ошол болду,
Ошондой иш болмогу.
Бир күнү бала түш көрдү
Уламалуу ал түштү,
Удаасы менен үч көрдү.
Улуу тоонун асманында,
Шумкарлардын арасында.
Шукшурулуп жүрүптүр,
Ары-бери толгонду,
Ал кубанып ойгонду.
Энесинин жанына,
Карачоро жакын барды.
Эмне көрдү түшүндө,
Эбиреп айта баштады.
– Атаң деген бий болчу,
Ал тегин киши эмес.
Кыргыз деген элиң бар,
Ал жөнөкөй эл эмес.
Көп кылымды арыткан,
Көп тарыхты карыткан,
Далай менен кармашкан.
Кан чыгара тартышкан.
Намыс бербей башкага,
Айбаты күчтүү ааламга,
Аскасы асман тиреген,
Ала Тоо аттуу жериң бар,
Ак калпактуу элиң бар.
Ошол жакта жашаган,
Көп заманды арыткан,
Кылым жашап келаткан
Кыргыз деген элиң бир.
Өксүбөсүн тарыхың
Өчпөй турган демиң бар.
Бала болсо, кеп угуп,
Байыркыдан уланган
Башталманы бүт угуп,
Ушунчалык кубанган.
Аттанмак болду сапарга,
Атаар таңдын алдында,
Арбын иш бар алдыда.
Жолду улап токтобой,
Жолго чыкмак сапарга.
Аманат берген белегин,
Атасы берген кестигин,
Энеси берди балага,
«Ала Тоо жерим сен кайда?»
Даяданып чоң сапарга.
Көрө элек жактарда,
Көөдөндө көп санаа бар.
Аман болсо ал бала,
Анын баарын аткараар.
Алгалап анан канат жаяр
«Тааныш турак кайда?– деп,
Тайгай бийге жетем»,-деп,
Тору атты токуп минип,
Жол менен желдирип,
Жалгыз бала келатты,
Карап коёт тарапты.
Адыр ашат, суу кечет,
Аңыз бойлоп жол келет.
Тору атын теминет.
Тору аты баспады,
Алыс жолдо чарчады.
Кантип жетем элиме,
Ала Тоо деген жергеме.
Карап коёт айлананы,
Бул баспаган тору ат,
Кетирет го айламды.
Өзү болуп торгойдой,
Аты болуп ыргайдай.
Жалгыз бала келатты,
Жабыгып жолун арытты.
Мына ошол мезгилде
Бир кызык иш башталды.
Бала дагы таң калды
Кара тулпар жетелеп,
Балага жакшы тилек тилеп,
Келип калды бир карыя
– Ме минип алгының
Тизгинин берип балага.
Колдоочусу элем атаңын,
Атаң эмес кыргыздын
Алыс жолго чыгыпсың,
Бачым жет туулган жериңе,
Байсалдуу болсун сапарың.
Эмне керек болкп калса,
Жардам тиле кудайдан.
Жалгыз жолго чыктыңбы,
Жардам береер ал саган.
Бараар жериң алыс жак,
Бат бастырып жеткиниң,
Мен дагы сенин өзүңө,
Аянбай жардам беремин.
Сөзү адамга жарыя,
Заматта эле карыя,
Көздөн кайым жоголду.
Кайыппы же сыйкырбы,
Таң калып бала ойлонду.
Кара тулпар укмуш ат,
Капталында канат бар.
Алыс жолго тапталган,
Алкынып турат жаныбар.
Мындай атты көргөн эмес,
Ушундай жылкы болот,-деп
Ал ойлоп койгон эмес.
Минип алып тулпарды,
Алыс жолго аттанды.
Канаттары жазылып,
Асман менен кайкыды.
Улан болсо кубанып,
Улантып келет сапарды.
Адыр ашты, жер басты,
Канчалаган тоо ашты.